Эркектин үч милдетинин бири – үй салуу. Ырчы, тамада Кутман Султанов да ак өргөө куруп, былтыр той берген эле. “Жакшылыкты күйөрмандар менен бөлүшүп турганга не жетсин?” деген Кутман мырзанын үйүндө конокто болдук. “Кожойкенин тамагы бышкыча өзүм тааныштырайын” деп, бөлмөлөрүн көрсөтүп чыкты.
КЫСКАЧА
Ош шаарына жакын Кыргыз-Чек конушунда жайгашкан. Аянты 258 чарчы метр. Курулушуна жалпы 15 миллион сом кеткенин айтат Кутман мырза. Архитектура жана дизайны хай-тек стилине жакын.
– Кутман мырза, үйдү канча жылда куруп бүттүңөр?
– 2018-жылы куруп баштаганбыз. Эл катары үйлүү бололу деп келинчегим экөөбүз 7 жыл катуу иштедик. “Сүйүүбүз бар, үйүбүз жок” деп жүрчү элек, мээнет кылсаң акыбети кайтат экен. Башкысы – үйүбүздү маңдай тер менен тапкан каражатыбызга курдук.
– Аянты кенен экен, бүтүрө албай кыйналабыз деп корккон жоксуңарбы?
– Батирлеп, кепедей үжүрөлөргө күнүбүз түшүп жүргөндө чоң, кенен үйүбүз болсо дечүбүз. Ошого атайын чоң салдык, биздин пейилибиздей ак жана кенен. Куруп жатканыбызда туугандар “эй, муну качан бүтүрөсүңөр? Бүтүрө аласыңарбы?” дешсе, Мунара экөөбүз “чын эле бүтүрө алабызбы?” дегенсип бири-бирибизди карап калчубуз. Экөөлөп иштеп, бүтүрүп алдык, буюрса.
– Үйдүн ички жасалгасы кимдин идеясы менен жасалды?
– Үйдүн ичин жасалгалоо кыйын экен. Мунара экөөбүз ээрчишип алып курулуш маркеттерине барабыз. Мен муну алабыз дейм, ал башканы дейт. Талашып-тартышып отуруп бирин алып келебиз. Эртеси кайра эле ошол көрүнүш, кээде урушуп да кетебиз. Анан бир күнү “кой, минткен болбойт экен. Каалаганыңдай кылып жасалгалай бер, болгону кийин өкүнбөгүдөй бол” дедим. Ошону менен кулак-мурдум тынчыды да калды. Анализдеп көрсөм, Мунаранын “вкусу” жакшы экен. Муну билгенде башында эле талашып-тартышпай ишти өзүнө тапшырат элем го (күлүп).
Канымжан Усупбекова