Алибек Тургунов, “Ай нуру” тобунун ырчысы: “Ырдабай калсам буулугуп кетем”

90-жылдары популярдуу болгон “Ай нуру” эстрада тобу, анын “Ай асманда”, “Берметим” “Сагындым сени” деген ырлары эсиңиздеби? Аталган ырлардын автору, “Ай Нурунун” солисти Алибек Тургуновду маекке тартып, ырчылык жолу, азыркы жашоосу тууралуу пикир алыштык. 

– Алибек ага, арыбаңыз! Бир кезде популярдуу болгон "Ай нуру" тобу учурда кайда? 

– Бар болгула! Мен өзүм туулуп-өскөн жерим – Лейлектин Кара-Булак айылында жашайм. Дагы деле ырларды жаздырып, той-топурга чыгып турабыз. Топтогу жигиттер менен байланыштабыз. Жакында “Айдана” деген ыр жаздырып, биринчи жолу клип тарттык. Клипке топто клавиша ойноп жүргөн Назарбек Саюнов экөөбүз тартылдык. Назарбек учурда Бишкекте лицейде музыкант болуп иштейт. Мамыржан Нураев, Данияр Тургунов деген жигиттерибиз гитарада ойношчу, экөө көп жылдан бери Орусияда. Көркөм жетекчибиз Бакыт Каюмов агайыбыз, администратор-жетекчибиз Курбанали Мансуров агай Бишкекте жашашат. Барабанчы Нурлан Султанов экөөбүз айылдабыз, ал Раззаков шаарындагы Маданият үйүндө музыкант болуп иштейт.

– “Ай нуру” тобу жашоосун эмнеден улам токтоткон?

– Токтоп калганыбыздын себеби – 2000-жылдары альбом чыгаруу үчүн 16 ыр даярдаган элем. Аларга аранжировка жасаталы деп жатканда ооруп калдым. Кийин оорум күч алып кетип, ашказандын жарасы бар экен, ооруканага жатып калдым. Ал жактан айыга албай, акыры айылга көчүп келгенбиз. Оору менен алышып жүрүп бир топ убакыт өтүп кетти, айылдан дарыланып жүрүп жакшы болдум. Ал арада жаңыча стилде ырчыларыбыз чыгып, алардын ырлары элге алынып кетти. Ошону менен биз анча-мынча ырларды чыгарып, тойлорго барып койгонубуз болбосо, мурдагыдай гастролдобой калдык. Адашпасам, 2004-жылы топко жаңы ырчыларды алып, жаңы альбом чыгардык эле, ал ырларыбыз элге жакшы тарабай калды. Кийин досторум Мүзүр Мамбетов менен Тотомидин Жолдошев “жеке ырчы катары ырдап чыкпайсыңбы” дешип, кайрадан ырдап чыгуума алар түрткү болушту.

– Демек, дале чыгармачылыктын казанында экенсиз да?

– Ооба, дагы деле чыгармачылык менен алектенип жүрөбүз. 1-2 жылдан бери 1990-жылдан 2000-жылга чейинки чыккан топтордун солисттерин чогултуп, ретро концерт уюштуруп жүрөбүз. Ретро ырчыларды чогултуш үчүн аларды 2 жыл издедим. Биринчи Насирдин Жуманов агабызга байланышып, “ушундай идея бар” десем, “абдан жакшы экен, муну тездетиш керек” деп колдоду. Анан Топчубай Айтмаматов менен Бахадыр Карабаевге байланыштым. Анан Самаган Кочкоровго, “Максат Бишкек” тобунун солисти Каныбек Казакбаевге, “Максат-Баткендеги” Алайбек Абубакиров агабызга, “Таалай Баткен” тобунун солисти Таалай Тойчиевге байланыштым. Ошентип чогулдук. Азырынча Жалал-Абадга, Баткенге, Ош шаарына концерт бердик. Буюрса, күзүндө Бишкек шаарында чоң программада концерт берели деп жатабыз. Андан ары Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарын кыдырып чыгабыз.

– “Ай нуру” тобу популярдуу болуп турган учур дегенде эсиңизге эмнелер келет?

– Негизи “Ай нуру” деген топ бизге чейин эле болгон, Бакыт Каюмов агайыбыз Сүлүктү шаарында мугалим болуп иштеп жүргөндө “Ай нуру” деп топ түзүп, тойлордо ырдап жүрүшчү экен. Кийин ал киши биздин айылга мугалим болуп келди. Айылыбыздагы балдарды чогултуп топ курады. Мен мектепте окуп жүргөндө эле ыр жазып, обон чыгарып жүрчүмүн. Анан тойлорго чыга баштадык, кийин агайга ырларым бар экенин айттым. “Берметим, ай, берметим”, “Айла жок сүйүүгө” деген ырларды мектеп курагында жазгам. Тойлордо бул ырлар жакшы кабыл алынды. 1995-жылы Бишкекке барып, 12 ырдан турган алгачкы “Сүйгөнүм, сен ыйлаба” деген аталышта альбомубузду даярдадык. Ал ырлар да элге жакшы алынып кетти. Көп өтпөй Бишкектеги Спорт ордосунда 3 күн концерт бердик, ага чейин эч жерге концерт койгон эмес элек. Эл абдан көп келди, андан кийин Ош шаарында 1 апта бою концерт бердик. Күндө аншлаг болуп жатты. Ошентип “Ай нуру” тобу элге таанылып, Кыргызстанды түрө кыдырып гастролдоп жүрдүк.

– Ал учурдагы кандай кыйынчылыктар эсиңизде калды?

– Өзү ал учур кыйын заман эле, 10 сомдон концерт коёт элек. Спорт ордосундагы концертибиздин билети 15 сомдон сатылган. Биринчи альбомубузду “Кыргызстан+” студиясынан Насирдин Жумановго жаздырганбыз. Ал киши күндүзү бошобойт, кечинде болсо автобус, троллейбустар токтоп калат. Таксиге акчабыз жок, караңгыда шаардын бир бурчунан бир бурчуна жөө барат элек. 1-2 ырды жазып берет, кубанычыбыз коюнубузга батпай сүйүнүп кайра жөө келебиз.

Гастролдо жүргөндө кызыктуу окуялар көп болчу. Кассетага ырдын “минусовкасын” жаздырып алып, ошонун үстүнөн жандуу үн менен ырдачубуз. Бир жолу сахнада “Айла жок сүйүүгө” деген ырды ырдап жаткам, биринчи куплети бүткөндө музыка токтоп калса болобу?! Артымды карасам, оператор бала кассетаны көрсөтөт. Көрсө, ырдын калган бөлүгү кассетага батпай калыптыр.

Каржы жагынан көп кыйналдык, 2 гитарачы, барабанчы, клавишачы, баары студент балдар эле. Айылдан шаарга жаңы барганбыз, кийген кийимдерибиз деле жакшы эмес. Ал кезде жеке ырчы эмес, топ болуп чыгуу мода эле. “Ай нуру” тобу деп таанылып, менин атым ырчы катары көп аталган жок. Азыр деле кээ бир жерде атыңды айтпай, “Эй, Ай нуру”, “Эй, Ай асманда” деп кайрылгандар болот. Бир чети күлкүң келет, бир чети кубанасың, бир чети арданып кетесиң.

– “Алдап кетти сүйгөнүм”, “Сагындым сени”, “Кош бол эми, жаным”, “Айла жок сүйүүгө”, “Берметим”, “Элмирам”... Жалаң эле армандуу сүйүү же кыздардын аттары экен. Жоопсуз сүйүүгө кабылдыңыз беле?

 – Жок, карындашым, өзү жашоомдо эки кызды жактырдым окшойт, бири классташ кызым, бири азыркы жубайым. Келинчегим менен 11-класста таанышкам, аты Гүлсүнай. Эки уул, бир кызыбыз, 2 неберебиз бар.

Бул эми ырчыда ушундай фантазия болот окшойт, жакшы кыз жолукса сүйлөшпөсө деле өзүнчө элестетип ыр чыгарып коёт. Мен ырларды ошентип чыгарчумун. Анын үстүнө кайгылуу ырлар элге бат жетет эмеспи. “Берметим”, “Элмирам” деп ырдап жүрсөк, “Бермет же Элмира менен сүйлөшөт экен” деген сөздөр да чыккан. Жеңең экөөбүз 11-класста сүйлөшүп жүргөндө “Гүлсүнай” ырын жазгам. “Берметим” боюнча, мектепте физикадан берген мугалимибиз физика жөнүндө текстти берип, “обон жарат” деди, жараттым. Ал ыр тойлордо ырдалып, элге тарап кетти. Башка ырларды токтотуп коюп, “физика ырыңарды ырдагыла” дей беришчү. Кийин альбом жаздырарда текстин кайра оңдоп чыкканмын. Азыр эми текстке жакшы көңүл буруп, чымчык сойсо да касапчы сойсун деп акындар менен иштешип жатам.

– Ошол учурларга кайра баргыңыз келеби?

– Албетте, жаштык кез эстен кетпес дейт го. Кайрылып баргым келет, бирок бара албайсың да. Ырдап чыкканыма өкүнбөйм, кичине болсо да элге талантыбызды көрсөттүк. Азыр да жаңы ырларды жаратып жатабыз. Негизи, карындашым, ырдап жүргөн адам ырдабай койсо болбойт экен, өзүңчө эле буулугуп, кээде стресс да болот экенсиң. Буулугуп калганда ырдап алсаң өзүңө келип каласың. Гастролдо жүргөндө аймактардан балдар менен таанышып, алар менен команда болуп футбол ойнойт элек. Чайлашып, достошуп дегендей. Сагынат экенсиң ошол күндөрдү. Ошол кезде клип тарттыруу, гезит, телеканалдар менен кызматташуу дегенди билбептирбиз. Гастроль менен эле жүрө бериптирбиз. 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1125, 27-июнь-3-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан