Түштүк Кореяны “криминалдан коргогон” Ма Дон Сок

Ма Дан Сокту Түштүк Кореяга эле таандык актёр десек жаңылышабыз. Голливудду да актёрлук чеберчилиги, спорттогу жетишкендиктери менен багындырган таланттуу адам. Ар бир актёрдун карьеарасында “визиттик картасына” айланган бир тасма болот эмеспи. Ма Дан Соктуку бир нече бөлүмдөн турган “Криминал шаар” киносу. Тасмада Түштүк Кореянын шаарларын кылмышкерлерден коргогон алп актёр тууралуу болсун сөзүбүз. 

Чыныгы аты-жөнү: Ли Дон Сок (батышта Дон Ли аты менен белгилүү)

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул

Туулган жылы: 1971-жыл, 1-март

Жылдыз белгиси: балык

Бою: 178 сантиметр

Салмагы: 90 килограмм

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү тасмалары: “Криминал шаар”, “Пусанга поезд”, “Жаман жигиттер”, “Гангстер, коп жана шайтан”, “Түбөлүктүүлөр”, “Талаа мергенчилери” жана башка

Сильвестр Сталлоне жана бокс

Төрөлгөндөгү аты-жөнү Ли Дон Сок, кийин Ма Дон Сок каймана атын алган адам учурда дүйнө элине түштүк кореялык-америкалык актёр, аралаш уруш өнөрлөрү боюнча машыктыруучу катары таанымал. Батышта болсо Дон Ли ысымын алып жүрөт. Батыш дегенибиз, Дон Сок 19 жашка чыкканда ата-энеси жакшы жашоо издеп АКШга көчүп барышкан. Англис тилинде өзүн суудагы балыктай сезгенине ал жакта жашап калганы себеп. Жогорку билимдүү, Колумбия мамлекеттик университетине тапшырып, дене тарбия жана ден соолук бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. Анын АКШны багындыруу кадамы спорттон башталган.

15 жашында Голливуд актёру Сильвестр Сталлоненин “Рокки” тасмасын көргөндөн кийин боксту сүйүп калган. Ошондон кийин келечегин спортко арнайм деп, жогорку билимди да спорт жаатында алды. Өзү рингге чыкпаганы менен, профессионал мушкерлерге машыктыруучулук ишин баштап, аты спорт тармагында белгилүү боло баштаган. Бокс жана башка уруш өнөрлөрү боюнча Ма Дон Соктун машыктыруусунан чыккан ийгиликтүү спортчулар көп.

Түштүк Корея жана кино

Кесибинен аз да болсо эс алып, башка тармактан өзүн сынап көргүсү келген Дон Сок мекенине, Түштүк Кореяга кайтат. Кинодогу карьерасы кеч башталды. Тагыраагы, алгачкы ролун 33 жашында, “Асман жоокерлери” тасмасында алган. Ошол жылдан баштап актёрду боевик, криминал, триллер тематикасындагы тасмаларга чакыра башташкан. Бул жанрларга биринчиден актёрдун “шкаф” келбети, уруш өнөрлөрүн билген чеберчилиги ылайыктуу келсе, экинчиден, тасма талаасында жаңы жүз эле. 2012-жылы “Кошуналар” тасмасы менен чогуу алгачкы кино сыйлыктарга ээ боло баштаган. 2013-жылы эле Ма Дон Сок 10 тасмага тартылган. Бул анын канчалык суроо-талапка ээ болуп жатканынын далили болчу. Ага актёр катары атактуулук алып келген 2016-жылы чыккан “Пусанга Поезд” тасмасы болду. Ужас, фантастика, триллер жанрындагы бул тасманы көрбөгөн адам аз болсо керек. Дон Соктуку экинчи пландагы роль болсо да престиждүү KOFRA Film Award. премиясынын жеңүүчүсү аталган.

Албетте, “Криминал шаар” Ма Дон Сокко куп жарашкан франшиза болду. Кылмыштуу шаарлардын коопсуздугун өз колуна алган полиция кызматкеринин ролундагы актёрду күйөрмандары “Түштүк Кореянын коопсуздук сакчысы” деп атап алышкан. Бул тасмада актёрлук эле кылбастан, продюсердин да милдетин алган.

Голливуд 

Ма Дон Соктун актёрлук карьерасы негизинен Түштүк Кореяда өткөнү менен, Голливудду да унуткан жок. Анын дебюттук ролуна токтолсок, “Марвелдин” “Түбөлүктүүлөр” (“Вечные”) тасмасы эсиңиздеби? 2021-жылы чыккан тасмада Голливуддун “каймактары” чогулган: Анжелина Жоли, Сальма Хайек, Кит Харингтон, Кумэйл Нанжиани жана башкалар менен чогуу Дон Ли да супер баатырлардын бири Гильгамеш болуп, адамзаттын келечегин сактап калган. Тасманын режиссёру Хлоя Чжао “Ма Дон Сокту мен “Пусанга поезд” тасмасынан байкагам. Анын актёрдук таланты эле эмес, юмор сезими, харизмасы да өзүнө тартып турат экен. Гильгамештин образына дароо эле Дон Сокту элестеткем, анан чакырдым” дейт.

Үй-бүлөлүүбү?

Ма Дон Соктун камера сыртындагы жашоосу тууралуу расмий маалыматтар аз. Ошентсе да 2016-жылы актёрдун өзүнөн 17 жаш кичүү фитнес-машыктыруучу, алып баруучу Е Чон Хва аттуу бийкеч менен сүйүү мамилесинде экени белгилүү болгон. Экөө 2021-жылы жакындарынын гана курчоосунда үйлөнүп алышкан. Жумушундагы тыгыз графиктен уламбы, айтор, түгөйлөр 2024-жылдын 25-майында гана салтанаттуу чоң үлпөт той өткөрүштү.

Ма Дон Сок тууралуу кыскача

1. Актёр кедей үй-бүлөдө жарыкка келгендиктен кичинесинен кара жумуш менен алектенген. Актёр болуп, белгилүүлүккө жеткенге чейин идиш жуугуч, көчө шыпыргыч, сатуучу, бармен, барда коопсуздук кызматкери болуп иштеп, өзүнүн чакан ишин баштаганга жетишкен.

2. Ма Дон Соктун биографиясына кызыктуу факт катары белгилүү америкалык мушкерлер Марк Коулман менен Кевин Рэндлменге жеке машыктыруучу болгонун кошсо болот.

3.  “Криминал шаар” тасмаларынан кийин актёр тепкич менен баса албай калган. Бул тартуу учурунда алган көптөгөн оор жаракаттарга байланыштуу. Эки колуна, тизесине, омурткаларына операция жасалган.

4. Кош жарандуулукка ээ. Түштүк Кореянын жана АКШнын жараны.

5. Актёр өзү сценарий жазып, продюсерлик кылат. Агенттиги менен биргеликте 2020-жылы “Бульдог командасы: Кызматтан тышкары иликтөө” сериалын чыгарган. 2024-жылы башкы каарман жана продюсер катары “Нетфликсте” Ма Дон Соктун “Талаа мергенчилери” тасмасы жарык көрдү.

6. Уруш өнөрлөрүнөн сырткары 2008-жылдан бери армрестлинг менен да машыгат. 2018-жылы Түштүк Кореянын Армрестлинг федерациясын башкарган.

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1125, 27-июнь-3-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан