Саясат жана коом

ШКУнун курамына Беларусь кошулду

Беларусь Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) курамына кошулду. Тийиштүү документке 4-июлда ШКУнун Астанада өткөн кезектеги жыйынында кол коюлду. Айта кетсек, Беларусту аталган уюмга кошуу процедурасы 2022-жылы, уюмдун Самаркандда өткөн жыйынында башталган. Буга чейин ШКУга 9 мамлекет мүчө болсо, Беларусь онунчусу болуп кошулду.

Астанада ШКУнун 24-саммити ШКУ+ форматында өтүп, ага 16 мамлекеттин президенттери жана өкмөт башчылары катышып жатат. Ошондой эле жыйынга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да катышууда. Саммит “Көп тараптуу диалогду бекемдөө: туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө умтулуу” деген ураандын астында өтүп, аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелерди чечүүдөгү ШКУнун ролун күчөтүү жагы талкууланууда. Тагыраагы, эл аралык соода, аймактык коопсуздук, терроризмге жана мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөш, инфраструктура, энергетика, жаратылыш, саламаттыкты сактоо, туризм, транспорт жана башка тармактар боюнча пикирлер айтылды.

Саммиттин жыйынтыгында 20дан ашык документке кол коюлду. Анын ичинде Астана декларациясы да бар, декларацияда азыркы учурдагы эл аралык көйгөйлөргө карата ШКУнун позициясы чагылдырылат.

ШКУга төрагалык кылуу Кытайга өттү.

Башкы прокуратура: Декларация тапшырбаган 200 чиновник жоопко тартылды

Өлкөдө декларация тапшырбаган же убагынан кечигип тапшырган 200дөн ашык чиновник жоопко тартылды. Башкы прокуратуранын билдиришинче, Ош облустук прокуратура органдары тарабынан салык мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда 2023-жылга карата үй-мүлкү, жылдык кирешеси боюнча декларация тапшырбаган же убагынан кеч тапшырган мамлекеттик кызматкерлер аныкталган. Ар бир факт боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар сот органдарына жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында 201 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге айып салынган. Айып пулдун суммасы 603 миң сом экени айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, декларация тапшыруу мөөнөтү 31-мартта аяктаган. Мыйзамга ылайык, 1-апрелге чейин декларация тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү: юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер. Ал эми 1-майга чейин жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай тилкелеринен башка) бар жеке жактар, юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммага мүлк сатып алгандар декларация тапшырууга милдеттүү болушчу.

Айыл чарба министрлиги: Аксылык дыйкандардын дарбыз-коонун сатууга жардам берилет

Аксы районунун дыйкандары өстүргөн дарбыз, коонду Орусия менен Казакстанга экспорттоого жардам берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка таянсак, дыйкандардын түшүмүн ташууга транспорт бөлүндү. Дарбыз жана коондун чек арадан тоскоолдуксуз өтүшүнө, Казакстан менен Орусиянын базарларында сатылышына да көмөк көрсөтүлөт деп билдирди. Маалыматтар боюнча, Аксы районунда дарбыз-коон эгилген аймак 2242 гектарды түзөт. Мунун 1991 гектары дарбыз, 251 гектары коон талаасы.

Эскерте кетсек, буга чейин аксылык дыйкандар дарбыз, коон бышып терим башталганын, бирок кардар табылбай жатканын, баа түшүп кеткенин айтып бийликке кайрылышкан эле. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, айрым депутаттар Бишкектин базарларын Өзбекстан менен Түркмөнстандын дарбыздары каптап, жергиликтүү дыйкандардын мээнети акталбай жатканын айтып чыгышкан. "Өзбекстан менен Түркмөнстандын дарбыздарын киргизүүгө убактылуу тыюу салып, жергиликтүү дыйкандарга мүмкүнчүлүк берүү керек" деген да пикирлер айтылды парламентте.

Өкмөт өкүлдөрү "Казакстанда дагы жемиштин баасы түшүп кетти, Орусиянын базарына таянышыбыз керек" дешкен.

Социалдык келишим долбоору: 100 миң сом алууга 8,5 миң үй-бүлө арыз жазды

Кыргызстанда жыл башынан бери 8591 жакыр үй-бүлө социалдык келишим долбоору аркылуу 100 миң сом алууга билдирме таштады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлиги билдирди. Министрлик “Социалдык келишим” программасына катышуу ыктыярдуу, эч ким ага мажбур катыштырылбайт деп кошумчалайт. Билдирме таштагандардын ичинен 4277 үй-бүлө менен келишим түзүлгөн. Айта кетсек, аталган долбоордун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жеке ишкердик баштоо үчүн мамлекеттен кайтарымсыз түрдө 100 миң сом алышса болот. 2022-2023-жылдары долбоор аркылуу 12 миңден ашык үй-бүлө 100 миң сомдон алышкан. Ысык-Көл облусунан 1144 үй-бүлө, Жалал-Абаддан 4007 үй-бүлө, Таластан 810 үй-бүлө, Нарындан 837 үй-бүлө, Чүй облусу жана Бишкек шаарынан 1483 үй-бүлө, Ош облусу жана Ош шаары боюнча 3172 үй-бүлө, Баткенден 1347 үй-бүлө аталган сумманы алышкан. Быйыл аталган программага 23 миң үй-бүлө катыша алары эскертилген. 20 миң үй-бүлө мамлекеттик казынадан, калган 3 миң үй-бүлө Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат. Социалдык келишимди социалдык паспорту бар же “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган үй-бүлөлөр түзө алышат. 2024-жылга карата аталган программага мамлекеттик бюджеттен 20 миллиард сом каралган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1126, 4-10-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан