Эне дегенде ар кимдин жүрөгү толкуйт. Энеде баласына канчалык сүйүү болсо, балада да энеге ошондой эле чоң сүйүү бар. Апа тууралуу рубрикабыздын бул жолку коногу мукам үндүү ырчы Салима Балтаева болду. “Апамдан мага калган мурас – анын токтоолугу, анча-мынчага серпилбеген оор басырыктуулугу, анан ооз комузу” дейт ал. Эмесе, эне тууралуу дагы бир кызыктуу баян алдыңызда.
«Апам абдан сабырдуу эле»
– Менин апам Эшеева Атимбү, 1940-жылы төрөлгөн. Түпкүлүгү Алайдан, таятам менен таенемдин жалгыз кызы болгон экен. Атам апамды көрүп жактырып калып, досу менен барып ала качып келген экен. Атам менен апам он балалуу болгон, төрт уул, алты кыз. Он баланын ичинен мен жетинчисимин. Апам мектепте 7- класска чейин эле окуптур, абдан жакшы окуп, облустук кароо-сынактарга чейин барып ырдап келчү экен. Борбор шаарга медициналык окуу жайга тапшырайын деп көңүлдөнсө, таятам менен таенем, "кыз кишиге окуунун кереги жок" деп окутпай коюшат. Ошондуктан апам бир кесиптин ээси болгон эмес, өмүр бою бала тарбиясында болду.
Апамдын мага калтырып кеткен мурасы – токтоо мүнөзү болду. Баам-парасаты башкача эле, адамдардын кандай экенин бир карап эле билип койчу. Мааниси жок, кыйытып, какшыктап сүйлөгөн адамдарга жооп кайтарып убара болчу эмес. Атайлап тийишкен сөздөргө мен дагы жооп бербей коём. “Минтип жатат го сизди” десе, апам сабыр менен “жөн кой” деп эле койчу. Азыр апамдын ушул сапатын жогору баалайм. Эмнеге дегенде “сөздү сиңген жерге куй” дейт эмеспи, майда-барат “андай болуптур, мындай болуптур” деген кептерге маани бербей, жооп бербей коюу - акылдуулук. Апам кино көрөбү же бир окуя угабы, ага дайыма өзүнүн көз карашы болор эле. Иш жасап жатып деле күбүрөнүп “эмнеге андай кылды экен?” деп өзү менен өзү сүйлөшүп көпкө таасирленип жүрчү. Бул чыгармачылыктын үрөнү болсо керек.
Апамдын мени таасирленткен бир окуясы бар. Бир жолу микроинсульт алып, бирок аны жан адамга айтпаптыр. Ушунчалык токтоо адам эле, “балдарым, үй-бүлөм чырылдашып кыжаалат болбосун” деген окшойт. Кийин ооруп калып ооруканага барганыбызда мурун эле микроинсульт болгонун врачтан угуп таң калдык. Ооруп жатса да бизди аяп айтпай коюптур. Өзү жалгыз кыз, үч эркек бир тууганы болгон экен. Жалгыз кыз болгонуна өкүнүп, көп кыздуу болгусу келиптир, кыялы орундалып алты кыздуу болду.
«Апам баарыбызга мээрим бергенге жетишчү»
– Апам абдан баласаак эне эле. Теңтуштар менен сүйлөшүп калсак, эртең менен туруп от жаккандарын айтып калышат. Бизди атам менен апам таң атпай тургузуп, от жактырып көргөн эмес. Үшүп калбасын деп аячу окшойт, баланын жоопкерчилигин сезген, мээрим төгө билген жан эле. Адатта көп балалуу үй-бүлөдө бирине көңүл бөлсө, экинчиси калып кетет го. А бизде ар бирибизге жетчү апамдын сүйүүсү. Такыр убактысы болбой калса, басып бараткан жерибизден чекеден өөп, жыттап калганга аракет кылчу.
Апамдын эл билбеген өнөрү кошокчулук экен. Аны эжем кийин айтып берди. Апамдын бир тууганы каза болгон. Мурун кырк күндөн кийин күмбөздүн башына барып кошок айтуу салты бар эле. Эжем айтат, "таң атпай эле топтолуп баары бара жатканда заңкылдап бирөө кошок кошуп баштады. Сөздөрү куюлушуп бир башкача, үнү да мукам бирөө" дейт. “Ким экен?” деп элдин алдына чыгып караса апам кошок кошуп жаткан экен. Ага чейин эжем деле билчү эмес тура. Кошок айткан да чоң талант, эки сөздүн башын бириктирген адам айта алат эмеспи. Кайрыгы бир башкача, зээнди кейиткен сөздөрү да таң калтырды дейт. Агасынын басып өткөн жолун кошок аркылуу айтып берсе, ошол жерде тургандардын баары таң калыптыр. Апам “менде мындай өнөр бар” дей бербеген сапатынан анын мыкты кошокчу экенин билбесек керек. Ошондон кийин “аттиң, апамда чоң талант жаткан экен, оозу ачылбаган булактай кала берген окшойт” деп кейип калганым бар.
«Апамдын табериги...»
– Ырчылыгыма апам каршы деле болгон жок, анткени балдарынын көңүлүнө өтө карачу. Балдарынын кесиби, келечеги тууралуу чечимдерди биздин үйдө атам кабыл алчу. Апама ошол нерсе оңой болсо керек, “атаңа айт” деп эле кутулуп кетчү. Атам ырчылыгыма каршы болгон, бирок апам каршы болбоду.
Апам ооз комуз чертчү, халатынын же кемселинин чөнтөгүндө дайыма ооз комузу болор эле. Бир аз бош убагында, нан жабардабы же от жагар алдындабы, отура калып ооз комузун кагып калчу. Мен кичине элем, бир күнү апама “ооз комуз ойноп көрсөм болобу?” дедим. Аябай сүйүнүп кетти. Башка балдары кызыккан эмеспи же ошол өнөрүн балдарынын бирине үйрөткүсү келгенби, билбейм. Аябай сүйүнүп, мага ооз комуз черткенди үйрөттү. Кийин чет өлкөгө барганымда мен да апам үйрөткөн ооз комузду чертип жүрдүм. Ооз комуз апамдын табериги болду.
«Менин белегим...»
– Студент кезимден эле акча чогултуп атам менен апама белек алганды жакшы көрчүмүн. Той-топурда ырдап калсам эл салт катары жоолук салат эмеспи, ошолорду чогултуп апама алып барчу элем. Бир жолу студент кезимде акчамды үнөмдөп, апама аябай кымбат, жакшы халат алып бардым. Кудуңдап кийип алып ары-бери басып жаткан, бир кезде чечип коюптур. “Кийбейсизби?” десем, “жаңы бойдон туруп турсун” деп койду. Көрсө, апамдын планы башкача экен (күлүп). Менден улуу эжем райондун борборуна турмушка чыккан. Бир күнү баягы халатты эжем кийип жүрөт. Апамдан сурасам, “ал жаш, мен киеримди кийгем, кийип эле жүрөм” деп токтоо гана ушинтип койду. Мен тим эле ыйлагым келип алган, анткени апама атайын арнап алып келгем да. Бирок кайрылып каяша айтпадым, апам ушундай чечсе, демек, ушундай болуш керек дедим. Кийин эне болгондо гана апамдын даанышмандыгын түшүндүм. Жаш келин болсо, жаркыратып кийсин деген тура.
«Апамдын тамактары...»
– Апам тамакты чоң сүйүү менен, ниет менен жасачу. Райкан чөбүн көп кошчу тамактарга. Тоок, үндүктүн жумурткасы витамин болот деп балдары үчүн убара тартып тоок-үндүктү көп бакты. Тамактарынын баары өзөчө болчу, тандырга нандарды ар бирибизге арнап “бул сеники” деп бышырып берчү, баарыбыз “меники быштыбы?” деп күтүп отурчу элек.
Апама концертиме чакырып, сөз сүйлөтүп, колумдан келишинче белек-бечкек берип жаттым. Бирок апабыздын кадырына чындап жеттикпи, эч ким билбесе керек. Ал ченеле турган нерсе эмес го. Апам белектериме кубанып, бажырайып калчу, ошондо сүйүүмдү ачык билдире албасам да, сезсе керек деп ойлойм.
Апам 2009-жылы каза болду. Бул оор нерсе, ошондуктан кимдин апасы болсо азыр кадырын билип, жакшы көз ирмемдерди чогуу өткөруп алгыла демекчимин. Анткени ата-эненин орду бала үчүн ар дайым башкача болот.
Нуржамал Жийдебаева