Эмил Надырбаев, бодибилдер: «Беш мүнөттүк эмоция үчүн жылдап даярданабыз» 

Бодибилдинг деген сөздү кыргызчага которгондо, body – дене, жана building - куруу, демек, “денени куруу” дегенди билдирет. Айтылуу Арнольд Шварценеггерди кумир туткандар бул спорт түрүн жакшы түшүнүшөт. Кыргызстандык бодибилдер, бодибилдинг жана пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, мас-рестлинг боюнча да өлкөбүздүн чемпиону, жатып оор көтөрүү (жим лёжа) боюнча спорт чебери, жакында бодибилдинг боюнча Азия кубогунда 1-орунду уткан Эмил Надырбаев менен маектештик.

 

– Саламатсызбы, Эмил мырза? Бодибилдинг боюнча Азия кубогунда 1-орунду уттуңуз, жеңиш кут болсун!

– Саламатсыздарбы? Рахмат! Ооба, Азия кубогунда 1-орунду алып келдик, буюрса, жакшы жетишкендиктер болуп жатат. Бул жыйынтыкка жетиш үчүн көп жылдарды арнадым, бодибилдинг менен 20 жылдан бери машыгып келе жатам. Ошондон бери биринчи жолу Азия кубогунда биринчини алдым. Булчуң деген дароо эле чыга калбайт, булчуң узак убакыт бою дисциплинанын, үзүрлүү эмгектин, туруктуу машыгуунун аркасында толуп, талап кылынган формага келет. Буюрса, Азияны уттум, “про карт” деп коёт. Эми мындан ары дүйнөлүк чоң мелдештерге даярданабыз.

– Бодибилдинг боюнча алгачкы жеңишиңизди айтып берсеңиз. Дегеле спорттун бул түрүн атайын тандагансызбы?

– Биздин убакта Жан клод Ван Дамм, Арнольд Шварценеггер катышкан кинолор мода болчу. Аларды көрүп шыктанып, “спортчу болсок, денебиз ушундай формага келсе” деп кыялданып, айылда машыгып турчумун. Бирок айылда шарт жок да, трактордун дөңгөлөктөрүнөн эптеп гантель, груша жасап машыгабыз. Ал кезде бул спорт түрү бодибилдинг деп аталарын деле билчү эмесмин. Мектепти бүтүп, шаарга келгенде спорт залдарга барып машыга баштадым. Бир күнү машыктыруучу агайым “Эмил, сенин машыкканың жакшы экен, дисциплинаны так карманасың, ушундай спорттун түрү бар, катышасыңбы?” деди. Катышып көрдүм. Биринчи катышканда орун алган жокмун. Качок болгонуң менен, ал жакта детализация, форма, пропорция керек экен. Денедеги формамды көрсөтө алган эмесмин, себеби май басып калган да. Анда биз туура эмес тамактанчубуз. Ошондо мендей эле жигиттер утуп жатышканын көрүп шыктандым, ошентип анан бул спортко кириштим.

Бодибилдинг боюнча мелдештер биринчи Кыргызстандын ичинде “Киргизия” деп аталат, ошондон жеңсең Азияга чыгасың, анан дүйнөгө. Биринчи жолу “Киргизиядан” 3-орунду алдым. Андан кийин кинолорго тартылып жүрүп, кайра катышканда 4-орунду алып калдым. Бул спорт түрүндө дисциплинаны сактоо абдан маанилүү экен, ошондуктан спортту тандагандан кийин аягына чейин барайын дедим. Ошентип, 2014-жылы бодибилдинг боюнча Игорь Борисович деген агайды таап, андан сабак алдым, ошол эле жылы 1-орунду алдым.

– Алгачкы жеңиштеги эмоцияларыңыз?..

– Аябай башкача болосуң, кубанасың, биз ошол беш мүнөттүк эмоция үчүн жылдап даярданабыз. Дегеле спортчулардын көпчүлүгү ушундай. Жеңиштен кийин кайра кийинки мелдешке даярдана баштайсың.

– Демек, бодибилдердин эрки күчтүү болуш керек. Бул сапатты кантип калыптандырдыңыз?

– Бала кезден эрким күчтүү, зирек болгон экенмин. Мисалы, жайлоодо мен курактуу балдар уктап жатканда, мени атам эрте тургузуп жылкыга жиберсе, кың дебей туруп айдап келип, кулундарды байлачумун. Айылда эртең менен сабакка жөнөгүчө малга чөп салып, жайгарып, анан гана сабакка кетчүмүн. Ошондо эле дисциплинага үйрөнүптүрмүн. Ошондуктан кийин оор болгон жок. Спортту сүйүүнүн өзү адамды дисциплинага, чыдамкайлыкка үйрөтөт.

– Кыргызстанда бодибилдинг менен машыккан жаштар көппү?

– Ооба, азыр спорттун бул түрү менен машыккан жаштар көбөйдү. Спорт залдар да көп ачылып жатат. Спорт деген жакшы, адамды жакшы жакка тарбиялайт. Көпчүлүк балдар ичкен, чеккен жаман адаттардан арылып, спорт менен машыгып калышты. Бул бизди сүйүндүрөт.

– Бодибилдинг менен үй-бүлө багууга болобу?

– Бул спорт олимпиадалык спорт түрүнө кирбейт. Биз өз күчүбүз, каражатыбыз менен эл аралык мелдештерге катышабыз. Демөөрчүлөр болуп турат, ишкер агалар “азамат, утуп келдиң” деп жардам берип турушат. Негизинен, өзүбүздү өзүбүз камсыз кылабыз. Эми чет жактарга, Америкага барып мелдештерден чоң байгелерди утсак, ал жакта гонорарлар чоң болот.

– Булчуңдарды чыгаруу үчүн химиялык атайын каражаттарды колдонуп көрдүңүз беле?

– Адам 100 килограмм салмакта болсо, 24 сааттын ичинде ар бир килограммга 2 граммдан белок бериш керек. 10 жумуртка жесек, 60 грамм белок болот, 20 жумуртка жесек, 120. Мунун баарын тамак аркылуу жей албайбыз, батпайт. Ошон үчүн спорттук тамак-аштарды ичип турабыз.

– Бирөөгө салмак кошууга, бирөөгө ашыкча салмактан арылууга жардам берип машыктырат экенсиз...

– Азыр денени май басуу көбөйүп кетпедиби. Туура эмес тамактарды, фаст-фуддарды, кантты көп жешет. Буга чейин да балдарды машыктыргам, азыр “21 күн” деген программа менен 2 мырзаны машыктырып жатам. Дастан деген бала 48 килограмм менен келген, 20 күндө 4-5 килограмм салмак кошту. Ал эми Жумабек 160 килограмм салмакта келген, 22 килограмм салмак таштады. Жумабек кока-коланы көп иччү экен. Балдарды жөн эле машыктырып койбостон, организмин, гормондорун текшертип турам. Эгер дарыгерлер машыкканга болбойт десе, машыктырбайбыз.

– Кыргыздын менталитети башкача. Бодибилдинг боюнча мелдештерге катышканда сын айткандар да болобу?

– Менин бул спорт түрү менен машыкканымды жакындарым колдошот. Семи-из болуп ичи чыгып, формасы жок жүргөндөн көрө формада жүргөн жакшы да. Эми адамдар ар кандай, сын-пикирлерге көңүл бурбайм, өзүмдүн максатым бар, ошону карай аракет кыла берем.

– Кинолорго да тартылып жүрөсүз?..

– Ооба, алгач Рустам Аташовдун “Эгиз тумар” тасмасына тарылгам. 2012-жылы “Аят” тасмасына залдагы балдар аркылуу кокустан тартылып калгам. Ошол кинодон режиссёр Мырза Айдаралиев агабыз көргөн экен, “Карышкырдын мыйзамына” тартылууну сунуштады. Андан кийин “Президент жана бомж” тасмасында эпизоддук роль ойнодум, андан кийин “Кара жорго” деген кинодо катыштым.

– Азыр деле киного тартылгыңыз келеби?..

– Менин актёрдук билимим жок, аткарып бер деген жерде колумдан келишинче аткарып жүрөм. Негизи киного тартылган жагат, дагы сунуштар болуп калса тартылабыз. Бирок азыр мелдештерге даярданып бошой албай жатам. Азыркы максатым – дүйнөлүк мелдештерге чыгуу.

– Сизди өзүнө жан сакчы кылгысы келген саясатчылар болсо керек?

– Андай сунуштар болгон, баш тартам андайлардан. Мен жөн эле спортчу болуп жүргүм келет. Саясат, тиги-бул дегендерге аралашпайм.

– Реалдуулукта маселени көбүнчө акыл чечеби же кара күч чечеби?

– Кара күч, чынын айтканда, чечпейт. Агрессивдүү болуп, бирөөнү уруп коюшуң мүмкүн. Ал баары бир жакшылыкка алып барбайт. Мен ызы-чууну жактырбайм, дайыма талашты сөз менен чечкенге аракет кылам.

– Эми маектин багытын үй-бүлөңүзгө буралы...

– 6 бир тууганбыз, 2 агам, бир эжем, бир иним, бир карындашым бар. Өзүм 2 уул, бир кыздын атасымын, уулдарым 9 жана 7 жашта. Кызым 1ге чыгып калды.

– Балдарыңыз да спортко аралаштыбы?

– Ооба, башында кикбоксингге барып жатышкан. Эми олимпиадалык спорт түрү деп грек-рим күрөшүнө алып бара баштадым. Спорт түрүн келечегине карап тандаш керек экен. Спорттон жылдызы жанып чемпион болуп кетсе, мамлекет колдойт. Мамлекет колдосо келечегине жакшы. Бодибилдингге деле мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, башка спорт түрүндөй колдоо көрсөтүлсө өнүгөт, бул деле дүйнөгө Кыргыздын атагын чыгарууга салым кошот. 

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1126, 4-10-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан