Мезгил үнү
12-январдан бүгүнкү күнгө чейин күйүүчү майлардын баасы 6-7 сомго чейин арзандады. Кудайдын кулагы сүйүнсүн дей туралы. Учурда эки адамдын башы бириккен жерде эле «ун баланча сом болуп кетиптир», «кумшекер 100 сомго чыгат экен», «күйүүчү майлар арзандады, эмнеге азык-түлүк, жол кире арзандабайт?» деген кептер айтылууда.
БААЛАР МЕНЕН КАПЧЫКТЫН “УРУШУ”
Кыргызстанда күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр: ун, ундан жасалчу азыктар, май, эт, жумуртка жана кумшекердин баасы кескин көтөрүлдү. Артка кылчайсак, өткөн жылдын январь айында 1-сорттогу ундун баасы 1 килограммы 17-18 сом болсо, декабрь айында орто эсеп менен 25-26 сомго чейин өсүп жетти. «Ии, баанын көтөрүлүшү ушуну менен токтосо керек» деп ойлоп бүтө элегибизде, жыл жаңырары менен кайрадан баалар асманды чапчый баштады. Натыйжада ундун 1 мүшөгү сортуна жараша 1300-1700гө, килограммы 23-38 сомго чейин өсүп жетти. Ундан сырткары кумшекердин, суу майдын, күрүчтүн, жумуртканын, эттин баалары да көтөрүлүүдө. Мисалы, кумшекер 62-65, суу майдын литри 90-100, жумуртка 7-8, эт 280-360 сомдон сатылууда. Баалар менен капчык минтип «урушуп» отурса, карапайым калкка жана айдан-айга маянаны зарыгып күтүп жашагандарга кыйын эле болот го.
САТУУЧУЛАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Биз Бишкек шаарынын тургундарынын көпчүлүгү соода кылган, азык-түлүктүн ордосу деп эсептелген “Ош базарын” аралап, сатуучулар менен баарлашып көрдүк. Сатуучулар бир ооздон баалар кымбаттагандан бери алуучулардын саны азайганын белгилеп жатышат.
Женя, ун сатуучу:
– Ундун баасы күн санап өсүүдө. Бул ун менен иштеген чиновниктердин кылганы деп ойлойм. Учурда кампаларды да жаап салышты деп уктум. Кайсы ишкана экенин айтпай турайын, 2-3 күн күтө туралы деп жатабыз. Болбосо чыгабыз. Азык-түлүк бааларын мамлекет көзөмөлгө алса жакшы болор эле. Бизге да, элге да пайдалуу болмок. Келген кардарлар биз кымбаттатып жаткансып жаман көрүшөт. Чынын айтсам, бизге ундун бир килограммынан 50 тыйындан гана калат. Орунга төлөйбүз, баштыктарга кетет. Башка жумушка кетели десек, жумуш жок. Баягы эле карапайым калктын башына түшкөн мүшкүл болду.
Гүлмира, сатуучу:
– Мен күрүч, кумшекер сыяктуу азыктарды сатам. Кыргызстандан чыккан күрүчтүн баасы мурдагыдай эле, өзгөн күрүчүн 130, башка сортторун 45 сомдон сатып жатабыз. Ал эми Казакстандан келген азык-түлүктөрдүн баары кымбаттады. Мисалы, гречка 130, акшагы 60 сомго чыкты. Жайында эле гречканы 40-45, акшагын 22 сомдон сатчубуз. Ундун кымбаттыгына байланыштуу макарон, кесмелердин баасы да көтөрүлүүдө. Кардарлардын арасында «эмнеге кымбаттатасың?» деп кыйкыргандары да болот. Кымбатчылык айрыкча карапайым калк, пенсионерлер үчүн чоң сокку да.
Казатбек, наабайчы:
– Буга чейин 1 мүшөк унду 1100 сомдон алып келгем. Кечээ эле ундун 1 мүшөгүн дүңүнөн 1380ден алып, дагы алып коёюн деп барсам, 1400гө чыгып кетиптир. Күн сайын эле баа көтөрүлүүдө. Дагы кымбаттайт деп жатышат го. Бүгүн кардарларыма айтып чыктым, эртеңден баштап нанды 1 сомго көтөрөм. Ошондо кичинекей нанды 8, чоңун 10 сомдон тапшырам. Алар 11-12 сомдон сатышат. Антпесем өз акчасын да чыгара алчудай эмесмин. Көмүргө, жумушчуларыма кетет. Билбейм, эл аны көтөрөбү? Ун эле эмес, азык-түлүктүн баары, жада калса өзүбүздөн чыккан картошка да 30-35 сомго чыкты. Карапайым калкка эле кыйын болду. Байлардын кылы да кыйшайбаса керек.
“АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН БААСЫ 35 ПАЙЫЗГА ЧЕЙИН КӨТӨРҮЛӨТ”
8-февралда өткөн маалымат жыйында Айыл чарба министри Төрөгул Беков «тамак-аш азыктарынын баасы жакынкы аралыкта 5-35 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн. Бир катар ведомстволор биргеликте дүйнөдөгү баалардын өсүү темпин иликтеп, ушундай божомолдорун айтышты. Айрым өнүккөн өлкөлөрдө турмуштун жакшырышы, тамак-ашка болгон суроо-талаптын жогорулашы баалардын өсүшүнө түрткү болуп жатат» деп айтып өттү.
Ал эми Монополияны жөнгө салуу агенттигинен азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшү тууралуу «бүгүнкү күндө Кыргызстанда бааларды көзөмөлдөөчү эч кандай орган жок. Өкмөт көзөмөлдөөнү кайсы бир органга тапшырышы керек болчу. Биздин агенттик ондон ашык азык-түлүктүн тизмесин өкмөткө киргизип, көзөмөлгө алууга уруксат сураган элек. Тилекке каршы, жыйынтык жок. Эгер уруксат берсе, бааларга чектөө коймокпуз. Мисалы, Казакстандан келген азык-түлүктүн өздүк наркы 65-70 сом болсо, аны Кыргызстанда 85 сомдон ашык сатууга тыюу салмакпыз. Учурда бир эле товар 4-5 кишинин колунан өтүп, анан элге жетип жатат. Мамлекет уруксат бербегендиктен, биз базар баасына кирише албайбыз» деп билдиришти.
“ЖОЛ КИРЕ АЗЫРЫНЧА АРЗАНДАБАЙТ”
«Күйүүчү май арзандады, жол кире да түшсө керек» деген жакшы ой менен Ош, Жалал-Абад, Ала-Бука, Беловодск, Кара-Балта багыттарына эл ташып иштеген таксисттер тарапка бет алдык. Аларга «жол кире арзандадыбы?» деп кайрылганыбызда төмөнкүдөй жоопторду алдык.
Арзыбек, таксист:
– Күйүүчү майдын баасы өтө деле арзандап кеткен жок да. Ошондуктан азырынча арзандата элекпиз. Учурда Бишкектен Жалал-Абадга чейин 800-1200 болуп жатат. Мисалы, мен Пассат үлгүсүндөгү унаа менен Жалал-Абадга каттайм. Ал жакка чейин 600 километр, 45-50 литр май сарпталат. Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү май 30 сом 80 тыйындан, Жалал-Абадда 35 сом 50 тыйын, 36 сомдон. Эл ташыса эле көп акча тапчудай ойлошот. Мына, келгениме 4 күн болду, кардар жоктугунан кете албай жатам. Тапканымдын баары жатакана, тамак-ашка эле кетмей болду. Бош кеткенче 600 сомдон болсо да алып кетейин деп турам. «Ош базарынын» тегерегин тазалоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу өзүбүз бул жерде, унааларыбыз Батыш автобекети жакта турат. Эл ал жакка жакшы көнө элек. Ушул маселени да чечип беришсе жакшы болмок.
Андан соң «жол кире жакын арада арзандайбы?» деген суроо менен Бишкек шаардык кеңешине кайрылып, «азырынча арзандабайт. Бул маселе алгач ЖКда каралышы керек» деген гана кыска жооп алдык.
Дамира Арстанова
koom@super.kg
ЖЕТИШТҮҮ ЖАШОО ҮЧҮН СИЗГЕ КАНЧА АЙЛЫК АКЫ КЕРЕК?
Ибрагим Жунусов,
КРнын Вице-премьер-министри:
– Жетиштүү жашоо үчүн мага 30-40 миң сом жетиштүү болмок. Бирок айлыгым анча эмес да. 24 миң айлык алам, кенен жетпейт. Башка киреше булагыбыз жок болгондуктан, үнөмдөп- сарптап, баарына жеткиргенге аракет кылабыз. Жок деп кайгырбайбыз.
Таласкан Абаскан кызы,
студент:
– Азыркы учурда жашоо кымбат, ошон үчүн акча каражаты көп эле керектелет. Студентмин, окуу акымдан сырткары жол киреме жана керектүү каражаттарга айына 10 000 сомдой жумшайм. Ал эми үй-бүлө кура турган болсом, анда мындан үч эсе каражат керек болсо керек.
Касым Чаргынов,
Таластын экс-губернаторунун орун басары:
– Кызымдын окуу акысын төлөйм, аялым үчөөбүзгө айына 1000 доллардын тегерегинде акча коройт. Айылда болсо ун, картошка, этти камсыздап алганга болор эле. Шаарда бир топ эле кыйын.
Карыбай Бараханов,
пенсионер:
– Мен 4600 сом пенсия алам. Бул эмнеге жетет эле? Айга эмес, күнүмдүк оокатка да араң жетет. Анда да май менен ун алганга гана. Тамак-аш, кийим-кечек кымбат убакта жетиштүү жашаш үчүн айлык 11 000-12 000 сом болсо туура болот го.
Фарида Жээнбаева,
жеке ишкер:
– 18 000-20 000 миң жетсе керек. Азыр негизги азыктардын баары кымбат. Андыктан мындай эмгек акы менен орто жашаганга гана болот, мындан артыгына жетпейт. Жетиштүү жашоо үчүн айлык акы 40 миң, 45 миңди түзсө.
Макен Жапарова,
сүрөтчү:
– Айлыктар жок дегенде 7000ден 10 000 сомго чейин көтөрүлсө, жашообузду өткөрмөкпүз. Айлык акынын аздыгынан, жумуштун жоктугунан балдарыбыз чет жерде жүрүшөт. Ак үйгө болсо ар кимиси келет да, эч нерсени чечпейт экен.
Кайрат Жолдошбеков,
студент:
– Мага окууга келип-кеткенге, калем-дептер алганга айына 1000 сом жетет. Кыргызда жакшы сөз бар, “алтындын үстүнө жатып алып алтын издейбиз” деген. Мамлекет кен-байлыктарга бай. Ошолорду иштетип, калкты жакшы айлык акы, пенсия менен камсыз кылса болмок.
Бурул Исмаилова