ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 15-июлдан 21-июлга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Бизнесте сизге сактык жана этияттык эң мыкты жардамчы болот. Өзүңүз толук түшүнбөгөн ишти баштабаңыз, тажрыйбанын жетишсиздиги сиз каалаган нерсеге жетүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Мурдагы чечилбеген маселелер жакында күтүлбөгөн жерден өзүн эскертип коёт, андыктан чечүүгө даяр болуңуз. Айымдардын “ашыкча нерсенин баары зыян” деген принципти карманганы туура, тамактанууда, сулууланууда, айтор, бардык тармакта чектен ашпаңыз.

 

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Кыймылсыз мүлккө байланыштуу ири сатып алууларды жасабай турганыңыз оң. Автоунаа башкаргандар жолдо сак болушу керектигин эскертишет жылдыздар. Апта сизге пландабаган көптөгөн жолугушууларды алып келет.  “Эски дос жаңы эки достон артык” экенине ынанасыз. Анткени эски досуңуз алдыда болчу кыйынчылыктарды болжоп, анын алдын алуу үчүн сизге пайдалуу кеңештерин берет. Чөйрөңүздү көрө албас адамдардан тазалоого убакыт келди.

 

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Көйгөйлөрүңүздүн баары бир күнгө чогулуп шаштыңыз кетишин каалабасаңыз, анда алдын ала пландоону, маселе чечүүнү үйрөнүңүз. Эгиз мырзалар жеңил-желпи жүрүм-турумунун зыянын тартып калышы мүмкүн. Апта укмуштуу окуяларга бай болот, бирок аны жакшы жагынан эстейсизби же жаманбы, ал сиздин жүрүм-турумуңуздан көз каранды. Айымдар алыска саякаттоого чыгышса болот. Сырттан айтылган сындарга көңүл буруп, сынчыларды күнөөлөгөнгө аракет кылбаңыз.

 

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Кайсы бир абалга негизсиз тынчсызданып, кабатыр болосуз. Депрессиялык маанай, бардык нерсенин терс жактарын гана көрүү тенденциясы сизди оорулуу кылышы мүмкүн. Андыктан өзүңүздү колго алып, терс эмоциялардан алыстатчу нерселерди жасаңыз. Мисалы, айымдар дүкөн кыдырып, мырзалар спорттук иш-чараларга катышса болот. Эч качан шашпаңыз, маанилүү чечимдерди кабыл алуудан мурун жакшылап ойлонуп көрүңүз. Бул аптада алынган билим оңой сиңет.

 

АРСТАН
(23.07–23.08)

Ишкерлер үчүн бул апта маанилүү документтерге кол коюу жана жаңы келишимдерди түзүү үчүн абдан ыңгайлуу учур. Керексиз буюмдарды сатып алуудан зыян гана тартасыз, каржылык чыгымдарга алып келет. Арстан мырзалардын сүйкүмдүүлүгү, харизмасы жакшы иштейт, каалаган адамынын көңүлүн өздөрүнө бура алышат. Коомдук иш-чаралардан баш тартпаңыз, бул сизге сөзсүз түрдө кызыктуу таанышууларды жана жакшы маанай тартуулайт.

 

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Жамаатта өзүңүздүн татыктуу ордуңузду табуу үчүн аракет кылыңыз. Кол шилтеп, кайдыгерликке алдырып койбоңуз. Чечкинсиздик, ар кандай шылтоолор карьералык тепкичтен көтөрүлүшүңүзгө жолтоо болот. Алдамчылардын торуна түшүп, каржылык жоготууга учурашыңыз мүмкүн, андыктан сак болуңуз. Жетишкендиктериңиз менен мактанып чөйрөңүздөгүлөрдүн көрө албастыгын күчөтпөңүз, ийгилик, жашооңуздагы бардык жакшы бурулуштарды тынчтыкта майрамдаганыңыз туура.

 

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Ден соолугуңузга кам көрүшүңүз керек, жумушка алаксып жүрө берсеңиз, кийин эки эсе чыгым болосуз. Жашоодо бардык ишти жасап жетишпейсиз, андыктан эс алууга убакыт бөлүңүз. Айымдардын алдыга койгон максаттары оңой ишке ашат, аларда азыр ашыкча энергия бар, аны туура жакка колдоно билишсе эле иши оңунан чыгат. Бойдоктор сүйүүдө эрктүүлүгүн көрсөтүшү керек, азыркы сүйүктүүсү менен келечегин көрө алышпаса, андан эртерээк кол үзүшкөнү жакшы.

 

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Кокусунан бирөөнүн жеке сырын ачыктап жиберип, бул кырдаал менен өзүңүзгө көп душман арттырып аласыз. Андыктан ашыкча сүйлөгөндөн абайлаңыз. Жаңы идеяларды ойлоп табууга, оригиналдуу болууга ылайыктуу учур. Жеке мамиледе кызганчаактыктан, майда-барат нерселерге таарынуудан оолак болуңуз. Үй-тиричилик буюмдарын сатып алуу, кыймылсыз мүлк көйгөйлөрүн талкуулоого байланышкан чыгымдар капчыгыңызды жана нервиңизди бир топ чыңалтат.

 

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Сүйүктүүңүз менен мамилеңизди оңдоп, жарашууга кадам таштасаңыз болот. Күтүүсүз сюприз тартуулап романтикалык кечеге чакырыңыз, өзгөчө белектерди бериңиз. Жаачы мырзалар жумушта жетекчилиги менен тил табыша албай кыйналышат. Жогорку кызматтагы адамдарга жардам сурап кайрылбай эле коюңуз, күткөн жардамды ала албайсыз. Чыр-чатактардан өзүңүздү оолак кармаңыз, кандай чыр болбосун ортодогу таарыныч көпкө созулуп кетиши мүмкүн.

 

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Ойлонбой сүйлөп алуудан сак болуңуз. Бул аракетиңиз өзүңүздү кыйынчылыктарга кептейт. Бир нерсени жашырууга аракет кылганыңыз бат эле ачыкталып калат. Аптада жаңы идеялар жаралып, алтынчы туюмуңуз ойгонот. Жасаган ишиңиздин натыйжасы аракетиңизге жараша туура бааланат. Иш кагаздарына байланыштуу көйгөйлөрүңүз да оңой чечилет. Сүйүүдө талап койгонду билиңиз, сүйүктүүңүздүн кайсы бир кадамы сизге жакпай жатса ачык айтканыңыз туура.

 

Суу куяр
(21.01–19.02)

Өзгөчөлөнүү, укмуш көрүнүү аракетиңизден жакшы жыйынтык чыкпайт. Текеберлигиңиз менен тереңде жаткан көйгөйлөрүңүздү жашыргыңыз келет, бул сапат сизди адамдарга жакындатпай, тескерисинче, алыстатып коюшу мүмкүн. Жасагандан кийин ырахат тартуулай турган ишти кылыңыз. Жаңы таанышуулардан жолдуу болушат, эгер кимдир бирөөнүн алдында жүрүм-турумуңуз, сүйлөгөндөрүңүз өзгөрүп баштаса, демек, сизге ал адам жагып жатканынын белгиси деп билиңиз.

 

Балык
(20.02–20.03)

Гармония жана сүйүүгө толгон апта күтүүдө. Жылдыздар сизге үй-бүлөлүк тынчтыкты кепилдешет. Бойдоктор карама-каршы жыныстагы адамдардын суктануусуна ээ болуп, өзүн керектүү, маанилүү адам сезе алышат. Жаңы таанышуулар олуттуу мамилеге жетиши мүмкүн. Жасаган ишиңиз туура бааланбай жатса, жетекчиңизге маянаңызды көтөрүп берүү сунушу менен кайрылып көрүңүз. Сүйүүдө майдачыл болбоңуз, сүйүктүүңүздүн кайсы бир адаты кыжырдантышы мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1127, 11-17-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан