Мирлан Баеков: “Кызыл өрүк” мени 15 жылдан бери багып келатат” 

Адатта, ырчылар ишкерлик баштаганда сахнадан алыстай түшүшөт. Ырчы Мирлан Баеков да көрүнбөй кетти эле, көрсө, ал дагы бизнесте жүрүптүр. “Бизнес менен алектендим, тойлордо ырдап жүрдүм, жакында жаңы дем менен кайрадан чыгармачылыкка киришем”,- дейт ырчы мырза. Жаңылыктары, пландары тууралуу кызык кеп куруп берди. 

– Куш келипсиз, Мирлан мырза! Алгач азыркы учурдун актуалдуу темасы боюнча суроо бергим келип турат. Евро-2024тү көрүп жатасызбы? Кайсы командага күйөрмандык кылуудасыз?

– Рахмат. Футболду абдан жакшы көрөм. Досторубуз менен айына 1-2 жолу футбол ойноп чер жазмайыбыз бар. Евро-2024 турнирин Португалия утулганга чейин көрдүм. Анткени Роналдунун күйөрманымын. Анын командасы утулгандан кийин көргүм келбей калды.

– Социалдык желеде, дегеле чыгармачылыкта активдүү эмессиз, эмне жумуштар менен алексиз?

– Интернет өнүгүп, азыр баары социалдык желедеги баракчаларын активдүү колдонуп жатышпайбы. Мен ошол нерсени жакшы өздөштүрө албай койдум. Тойдо ырдаган видеолорумду киргизип турайын деп эле тартканды унутуп калам. Жаныңда бирөө такай видеого тартып жүрүшү керек. Менде кайдан, менеджери, жардамчысы жок эле иштейм да. Жакында жаңы долбоор баштаганы турам, ошондо СММ, мобилограф, айтор, бардык адистер менен иштеше баштайм. Чыгармачылыктан сырткары бизнес менен да алектенип көрдүм. Бир жылдай Бишкектеги “Ынтымак” сейил багында тез татым жасаган жай иштеттим. Бизнес баштаганда ишке баш-отуң менен кирип, өзүң башында турушуң керек экен. Мен башкаларга дайындап коюп эле өзүм той-концерттерге кетип калып жаттым да. Ошого бизнесим анча окшошпой койду. Бир тууган инимдин короо тоскон сеткалардын түрүн жасаган чоң цехи бар, аны иним экөөлөп иштетип көрдүк. Мен баягыдай эле тийип-качып иштеп, инимди да жүдөтүп жибердим окшойт. Аягында “кой, өзүң эле иштей берчи, мен ырымды эле ырдай берейин” дедим. Өзү чыгармачыл адам бизнес жасабай эле коюш керек экен, же ырдаганын таштап биротоло бизнеске өтүшү зарыл тура. Силер гана эмес, мени күйөрмандар уруша башташты көргөн жерден, “сонун ырларың бар эле го, ырдабайсыңбы, иштебейсиңби” дешип. Мына ошентип түртмөлөгөн адамдар мага чоң дем берип жатышат.

– “Кызыл өрүк”, “Ата тилеги” сыяктуу хиттердин доорун сагынасызбы?

– Сагынгыдай “Кызыл өрүктүн” доору дагы деле бүтө элек. Элди тажатты го дегем, жок, тойлордо азыр деле “Кызыл өрүктү” ырдатмайынча коё беришпейт. “Кызыл өрүк” мени 15 жылдан бери багып келе жатат. Жогоруда айткандай, бир аз бизнес кылам деп чыгармачылыктан алыстап кеттим. Анын үстүнө көпчүлүк ырларымдын сөзүн досум Жылдызбек Абдраимов жазып берчү. Ал досум азыр чоң кызматта, Бишкек шаардык кеңешинин вице-спикери, убактысы жок. Кээде ага “ырыңды таштабачы, ыр жазып берчи” деп калам. Бирок баары бир чоң кызматта иштеген адамдын колу бошобойт окшойт. Мурун экөөбүз отуруп бир саатта эле сонун ырларды жазып салчубуз да. Эми башка акындар менен иштеше берейин деп жатам. Өзүм да жакында “Суусамырдын кымызы” деген тамашалуу ыр жаздым, “Суусамырдын кымызы, шаардын аптап ысыгы, 40 градус кызыгы” деген саптары бар. Буюрса, ал ырга жакында клип тартабыз.

– Жаңы долбоор баштайм деп калдыңыз. Эмне долбоор болду экен?

– Мага көптөгөн таланттуу улан-кыздар “ырчы болот элем, сизге шакирт болгум келет, элге таанылганга жардам бересизби” деп кайрылышат. Өзүмдүн студиям бар да. Жакында “Өнөр кербени” деген долбоор ачсамбы деп жатам. Аймактарды кыдырып концерт берип жаш таланттарды чогултабыз, өнөрлүүлөрүн өзүбүз менен кошо ала жүрүп таптайбыз, студиядан ырын жаздырып, клибин тартып беребиз дегендей. Азыр гастролго чыккандар облустук борборлорго эле концерт коюп, анан кетип калып жатышат. Мурун биз гастролдоп жүргөндө райондорду, айыл-кыштактардын бирин калтырбай концерт коюп чыкчубуз. Ошол салтты улантсамбы деп турам. Азыр шарт жакшы, айылдагы клубдар, маданият үйлөрү оңдолуп-түзөлдү. Маданиятка суусаган негизги катмар айыл жергесинде, биз эл адамдары ошол жактарга барышыбыз керек деп ойлойм. Жаңы долбоор баштайм деп жакында өңү кызыл өрүктүн түсүндөй кичи автобус сатып алдым, гастролдогонго ыңгайлуу болсун деген аракет. Аталган долбоорду эки жылдан бери ойлонуп жүргөм, эми убакыт сааты келди окшойт.

– Жакшы. Үй-бүлөңүздө абал кандай? Балдарыңыз чоңоюп калышкандыр.

– Балдарымдын улуусу 4-класста окуйт, кичүүсү 4 жашта. Мен балдарыма сырт атамын. Кээде бир үйдө жашап келинчегимди, балдарымды көрбөй калам. Себеби түндө иштеп, күндүзү уктайм да. Келинчегим да жооптуу кызматкер болуп кеткен. Мурун Искусство университетинде мугалим болуп иштечү, азыр факультет деканы. Анын деле убактысы жок, балдарга, жумушуна араң жетишет. Өскөн-Ордо конушунан жер алып, там салып бүтүргөнбүз, бирок көчүп бара элекпиз. Азырынча батирде турабыз. Көп жылдан бери суу чыкпай жаткан, таза суу быйыл чыкты, буюрса, эми көчүп кирет окшойбуз өз үйүбүзгө.

– Үйлөнгөнүңүзгө 10 жылдан ашыптыр, бул арада үй-бүлөлүк тажрыйбада эмнелер эсиңизде калды?

– Үй-бүлөлүк мамиледе эң маанилүүсү – бул жол бошотконду билүү. Ал үчүн жубайлар бири-бирин жакшы сезиши керек. Күйөөсү жинденсе аялы унчукпай, аялы ачууланса күйөөсү унчукпай калган жакшы. Кудай бизди ылайыктап кошот да, бири-бирибиздин артыкчылык-кемчилигибизди толуктап турабыз дегендей. Менде жок сапат аялымда бар, аялымда жок сапат менде бар, мисалы. Ынтымактуу жашоо компромисстен башталат. Аял дагы, эркек дагы түшүнүшүп, зарыл учурда артка чегингенди билгени жакшы. Азыр ажырашуулардын саны эмнеге көп? Анткени баары эгоист, “меники туура, сеники туура эмес” деп ар ким өзүнүкүн таңуулай берет. Ортодо балансты кармап турчу балдар деле маанилүү роль ойнобой калды. Эмнеге? Анткени баары өзүмчүл, өзүнүн ыңгайын, өзүнүн чек арасын гана ойлошот. Куру намыс жана текеберлик, булар күйөө-аял мамилесинде такыр керек эмес нерселер деп ойлойм.

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1127, 11-17-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан