Бакытбек Марипов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Убагында бизди 300 букасы бар дешкен, 3 уюбуз бар эле”

Жакында мандатын тапшырган депутат Жусупбек Коргонбай уулунун ордуна Ноокат районунан Бакытбек Марипов шайланды. Экинчи аракетте мандатка жетти, анткени каарманыбыз 2021-жылкы парламенттик шайлоодо Коргонбай уулуна утулуп калган эле. 

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 10-ноябрь

Туулган жери – Ноокат району, Кыргыз-Ата айылы

Билими – жогорку

Жашоодогу урааны – “Бир гана алдыга карай кадам ташта”

Жактырган спорт түрү – көк бөрү, футбол

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун атасы

– Бакытбек мырза, 2021-жылкы парламенттик шайлоодо да талапкер болуп, бирок утулуп калган элеңиз. Экинчи аракетте жеңишке жетиштиңиз...

– Ооба, мандатымды алганы Бишкек шаарына келдим. Билесиздер, азыр парламент каникулда, буюрса, күзүндө ишти баштайбыз. Туура байкапсыз, 2021-жылы да депутаттыкка ат салышып, Жусуп Коргонбай уулунан 49 добуш аз алып өтпөй калгам. Элдин тандоосу ушундай болгон да. Ар бир жеңилүүнүн артында жакшылык бар экенине ынандым, буйрук экен, кайра шайлоодо утуп келип маңдайыңарда отурам.

– Шайлоодо 49 добуш жетпей калып жеңилүү ызалантса керек. Азыркы оппоненттериңиз сыяктуу сиз дагы убагында УКМК, БШКга арыз жазып кайрылдыңыз беле?

– 2021-жылкы шайлоодогу же кечээги эле шайлоодогу атаандаштарымдан бир өзгөчөлүгүм – эч кимисинин үстүнөн арыз жазып УКМК, БШК же укук коргоо органдарына кайрылган жокмун. Анткени татыктуу жеңилгенди билем. Жусупбек Коргонбай уулу менин агамдан да улуу киши, бир райондон болобуз, өзүнө жолугуп “мен али жашмын, алдыда далай шайлоолорго катышам, сиз уттуңуз” деп колун бекем кысып ийгилик каалагам. 2024-жылдагы башка атаандаштарыма да көз карашым түз, ортодо эч кандай түшүнбөстүк болгон эмес.

– Сиздин депутат болушуңузга айтылуу Мариповдор династиясынын таасири канчалык тийди? Административдик ресурстун күчү менен шайланды деп сындап жатышат...

– Атам Асамидин Марипов парламентте эки чакырылыштын депутаты болгон, кийин 40 жыл Ноокат аймактык ооруканасын башкарды. Учурда 80ге чыгып калды, ардактуу эс алууда. Бир тууган агам Улукбек Марипов 2021-жылы премьер-министр болгон, азыркы тапта Сауд Арабиясында элчи. Кыргызда “агасын көрүп иниси өсөт” деген жакшы кеп бар. Мен башка материктен келген жокмун да, Ноокатта төрөлүп, элдин көз алдында өстүм. Аз болсо да элге пайдам тийген экен, минтип колдоп беришти. Буга чейин Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башкаргам, кийин Ноокатка аким болдум. Мен иштеп турганда Ноокатта көп пайдалуу иштер жасалган, аны эл жакшы билет. Чечиле элек көйгөйлөр дагы деле көп, жер тартыштыгы бар, канализация куруш керек, эң башкысы – Ноокаттын жолдору. Булар райондук же облустук эмес, республикалык деңгээлде карала турган маселелер. Шайлоочулар мени ушуларды жаса деп шайлашты.

– Саясатта азыр атаандашка карата кара пиар ыкмасын колдонуу кадимки көрүнүш. Сиз атаандаштарыма андай ыкма колдонгон эмесмин деп айта аласызбы?

– Бүгүнкү күндө социалдык тармактар абдан өнүктү, бирок ал жакта маалыматты талдоо, ылгоо рычагы жок. Бирөөнү каралап, жалаа жабуу абдан оңой. Мага деле “атаандаштарыңызга каршы кара пиар таап беребиз, сизге иштеп берели” деп сунушташканда баш тарткам. Анткени таза, калыс күрөшкөндү жакшы көрөм. 4 жылдай эч бир мамлекеттик кызматта иштеген жокмун, айылда эле ата-энем, бала-чакам менен жашадым, анда эч ким асылган, ушактаган деле жок. Талапкер болгондон тарта, байкадыңыздар да, туш тараптан каралоолор башталды. Кээде бул нерсени атайын кызыкдар күчтөр деле пайдаланып кетиши мүмкүн. Бул эми табигый көрүнүш.

– “Ноокатты сел каптап жатса, Марипов шайлоодогу жеңишин майрамдап элге чай берип жатат” деген видео интернет желесине тарады...

– Мына, ушул да бурмаланган маалымат. Шайлоо өткөн 30-июнь күнү Абшыр-Ата эс алуу жайын сел каптады. Биздин айылдан бир кичинекей кыз селге агып каза болуп калды. Биз ошол кырсыктан каза болгондорго куран окутканбыз. Шаан-шөкөт уюштуруп, эч ким ырчы-чоорчуларды чакырып жеңишти майрамдаган жок. “Марипов Кулатов айылына басып келген жок” деген сөз чыгарышты эле, ал жакка да барып кан чыгарып, куран окутуп келдик. Азыр, тилекке каршы, маалыматты бурмалоо оңой болуп калыптыр.

– Жердешиңиз, парламенттин дагы бир экс-депутаты Эмил Жусупов сизди сотко берген эле, ал иш эмне болуп бүттү?

– Эмил Жусуповду Ноокаттын тургуну катары жакшы тааныйм, бирок эч кандай аласа-бересе мамилебиз жок. Мен Ноокаттын чыгышындагы Кыргыз-Ата айылынан болсом, ал батышындагы Кулатов айылынан. “Мындан 4 жыл мурун мени ири суммадагы акчага алдап кеткен” деп жалган маалыматты айтып, үстүмдөн арыз жазган. Бул боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп, эч кандай мыйзамсыз нерсе табышкан жок. “Алдап кетти” дегени жалган. Шайлоого өз талапкерлигимди койгондун эртеси эле ушундай жалган жалаалар жайнап кетти да. Билбейм, балким, Эмил Жусуповду да бирөөлөр өз кызыкчылыгына пайдаланып кеттиби.

– Мариповдор өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштегенине карабай абдан байышкан деп айтылат го?

– Аябай байышкан деңизчи (күлүп). Биз атам экөөбүз азыр деле чоң атам 1970-жылы ылайдан салган эски үйдө жашайбыз. Кечээги шайлоодо деле 1 сом ашыкча акча короткон жокмун, Кудайга шүгүр, эл эмгегибизге баасын берип жатат. Добуш сатып алуу болгон жок. Көрө албагандар “добуш сатып алып жатат” деп чыгышты. Жогоруда айтканымдай, каралоо – бул саясатта кадимки көрүнүш экен, эмне кылабыз? Бардык ойдон чыгарылган жалган жалааларга ушинтип жооп берип отура беребизби? Иштешибиз керек, убакыт аз. Мен аким болордун алдында “булардын 300 букасы бар” деп да жамандап чыгышкан. А чынында, 3 эле уюбуз бар болчу. 100 гектар жери бар дешти, бизге үлүш катары 4 сотыхтан эле жер тийген. Айтор, укмуш байып кетишкен дегидей деле байлыгыбыз жок. Менин байлыгым – ата-энем, бала-чакам. Эл катары эле дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенем айылда. Аким болгонумда мени “сын экс-депутата, белоручка” деп жазып чыгышкан. Мына, колумду караңызчы (ред.: колун көрсөтүп) ак кол көрүнүп турамбы? Жайы бою чөп чабыкка чыгам, мал карайм. Атам депутат болуп турганда деле кесиптештери бала-чакасы менен Дубайга, Антальяга эс алганы кетишсе, биз атама кошулуп айылга чөп чапканы кетер элек. Атам бизди кичинебизден ак эмгек кылууга, кара жумушта иштөөгө үйрөттү. Буюрса, өлкөмдүн өнүгүүсүнө салым кошуп, депутаттык милдетимди татыктуу аткарганга аракет кылам.

Лунара Бекиева        

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1127, 11-17-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан