(Башы өткөн сандарда)
Апасынын реакциясына таң калган Канат ойлоно сыртка чыкты. Апасы Жаркын уулу чыгып кеткенден кийин көз жашын аарчып, шалдырап отуруп калды. Тагдырынын түйүнү мындан көп жыл мурун чиеленген эле. Эң биринчи жолу Султанды көргөндө Жаркын 15 жашта болчу. Коңшусунун жээн небереси болгон бул жигитти бир көрүп жактырып калган. Султан куду азыркы Канат сыяктуу кимге болсо да жардам бергиси келген, кимди болсо да бактылуу кылгысы келген, жайдары жигит болчу. Ал дагы Жаркынды катуу жактырды. Алар кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүн эч ким билчү эмес. Жаркындын эң жакын бир курбусу жана сиңдиси гана билчү. Султан медициналык университетте биринчи курста окучу, Жаркын мектепти бүтсө эле борбор шаарга барып чогуу окуйбуз деген тилектерин бири-бирине айткан. Жаш кезинде адам канаты отко күйсө да, сүйүүнүн балын ууртап калганга ашыгат турбайбы. Акыл токтотуп экөө тең “а балким, тагдырбыз башкача болуп калсачы” деп ойлонбой турган куракта эле. Жашоонун терс жагы эч бир эске келбеген. Жаркындын жалдырап күткөнү Султандын каникулга келиши, Султадын эки көзү төрт болуп күткөнү Жаркындын мектепти аякташы болчу.
Көз жашы чууруп отурган Жаркын ошол курагын эстеди. Куду кечээ эле болгондой элестер... Атасынын саманканасында кучакташып отурган жапжаш Султан менен Жаркын көз алдына тартылды.
– Билесиңби, мен сенин борборго келишиңди күтүп эле жашап жатам. Убакыт өтпөйт же...
– Ата-энем жибербей коюшу да мүмкүн,- деди Жаркын башын жерге салып.
– Эмнеге?
– Жуучулар келип жатат...
Султан Жаркындын көздөрүнө тике карады. Анын каректери жүрөгүн куйкалап кетти кыздын. Ушундай бир жалдырай тиктеди жигит.
– Сен мени таштап башка адамга кете аласыңбы?
– Жок, бирок ата-энем...
– Мени карачы, бул мен, Султан! Сенин Султаның, мен сени эч кимге бербейм. Сен меникисиң. Айтчы, ошондойбу?
– Ошондой!- бети албырган кыз аптыга үн катты. Боло турган иштин аягын ойлоно алышпады экөө тең. Кумардын оту жарк этип тутанып, экөөнү өз кучагына алып кете берди. Дал ушундай болду Жаркындын тагдыры. Бир келген бактысы, элеси бир жылт этип өтүп кеткен адамдын карааны аны өмүр бою кубалады. Ушул жолугушуудан аз өтүп-өтпөй Жаркын окшуп эле кусуп калды. Апасы “ашказаны ооруп калды бекен” деп түрдүү дарыларды ичирет, бирок болбоду. Бир күнү курбусу күмөнсүй сурады.
– Эй, Жаку, сенин боюңда жокпу?
– Эмне-е?- өңү бозоруп кетти кыздын. Бул нерсе такыр оюна келбеген эле. Ошол замат ичин кармалай калды. Айтарын айтып алып курбусу да алайды.
– Бир нерсе болду беле?
Жанталаша башын чайкаган Жаркын, акыры башын ийкеди. Көздөрүн жалдыратып отуруп калды.
– Эмне кылыш керек?- деди курбусу коркуп.
– Султанга кабар беришим керек, ал келип мени дароо алып кетет. Мен качып болсо да ага кетишим керек.
– Жинди го, мамлекеттик экзамендер турса кантип кетесиң? Экзамендерди тапшырып туруп кетишиң керек. Бир жума эле калды го.
Жаркын ойлонуп көрсө, ушул чечим туура болчудай. Ага чейин эч ким деле шектенбесе керек. Акыркы экзаменин тапшырган күнү тагдыры өзгөрүп кетерин эч ойлогон эмес. Коңшусу “бирөө чакырып жатат” дегенинен сыртка чыга калган. Дарбазадан ары чыкканда эле тапыр-тупур үндөр чыгып, карылуу жигиттер кичине кызды күчтөп машинеге отургуза калышты да, жөнөп кетишти. Ала качып кетишти. Жаркын ушунчалык салгылашты. Аялдар башына салайын деп жаткан жоолукту ыргытып, улам эшикти көздөй жүткүнүп, эч кимге бой бербей түнү менен алышты. Таң атканча тик турду. Башын чайкап, “мен отурбайм, апалар, эжелер, убара болбогула. Мен отурбайм, андан көрө өлгөнүм артык” дей бергени эсинде. Таң атканда “апасы келди” деген күбүр-шыбыр угулуп калды. Чачтары саксайып, жүзү бозоргон кызы апасын көрөрү менен сүйүнүп кетти. Кучагына бой таштады.
– Апаке...
– Келегой, кызым, отурчу. Бир аз сүйлөшөлү.
– Апа, кетели.
Апасы токтоолук менен кызына “отур” дегендей ишарат кылды. Жаркындын балбылдаган көздөрүн карабаганга аракет кылып жатты.
– Атаң жиберди, кызым. “Отуруп калсын, мени уят кылбасын. Эл сыйлаган адамдарга мен жок дей албайм” деди. Бир айылда туруп Жусуптун атасынын сөзүн аттап кете албайбыз, кызым.
– А меничи? Мени аттап кете бересиңерби? Менин келечегимди, бактымды ушинтип оңой эле курмандыкка чаласыңарбы?
– Кызым, атаң ушундай деп чечти. Ким каршы чыга алат? Жусуп жакшы жигит, ата-энеси да элдин адамдары. Окуп кайда бармак эле кыз киши. Уят кылба бизди.
Жаркындын эки ийини шалдайды. “Атаң айтты” деген бир ооз сөз анын кендирин кесип турду. “Султан эмне болот? Курсактагы балага эмне болот?” деп жан дүйнөсү чыңырып, ала салып жатса да апасына айтпады. Апасынын сөзү бул жерде суу кечпей турганын билди, бул чуңкурдан өзү гана чыгышы мүмкүн. Эмнеси болсо да Жусуптун өзүнө башка адамдан боюнда бар экенин айтышы керек. Жигит болсо оозунан сөз чыгарбас. Иш мындай болгону үчүн үн катпай үйүнө жеткирип коёт болушу керек. Анан ата-энесинин Жаркынды дароо борборго жөнөтпөшкө аргасы калбайт. Апасы кеткенден кийин көшөгөгө кирип жоолук салгандарга каршылык кылбады. Элдин баары Жаркын макул болду деп ойлошту. Бирок ал акыркы күчү менен болсо да бул жерден чыгып кеткенге жандалбастап жатты.
– Мага Жусупту чакырып койгула!- деди кыз.
Жусуп алдына келгенде ачык эле боюнда бар экенин айтты. Бул айылга угулса эмне болорун, ата-энеси өмүр бою кечирбей турганын билип туруп ушул кадамга барды. Жусуп аябай дымактуу жигит эле, мындай нерсени эч качан жута албайт деп ойлогон. Бирок ал ойлогондой болбоду. Жусуп бул сыр өмүр бою экөөнүн гана ортосунда калышын суранды да, чыгып кетти. Тагдыр ташы ушундай кулады. Кийин Султан менен эч бир жолукпады. Курбусунан ал айылга келгенин, окуяны укканда шалдырап отуруп калганын гана укту. Жаркындын оюнда “балким, издеп келсе, баласы бар экенин билсе, ушул тозоктон куткарса” деген кыялдары бар эле. Бирок анын бири да болбоду. Султан ошол боюнча бул айылга кайра келген жок. Бир жолку түштөй, балким, Жаркынды унутуп калгандыр. А Жаркын аны эч унута албады. Кийин уулу Канатты көргөн сайын Султанды көргөндөй жашады. Дили кыйналып, жүрөгү ооруп, ичин жеп жаткан курттай болгон бул сыр андан ажыраган жок. Жусуп экөөнүн келише албагандыгынын жалгыз сыры ушул эле. Эч бактылуу боло алышкан жок. Бири Султанды унутуп, күйөөсүнө чын дилден бериле албады, экинчиси аялынын башкадан кош бойлуу болуп тийгенин унута албады. Бир таяктын эки учундай бирикпеген бир өмүр ушинтип өтүп кетти. Эми өмүрдүн күүгүмү кирип, жашы өтүп калганда Султан деген аттын аталышы Жаркындын жашоосуна бомбадай эле тийди. Бомба эмей эмне, профессор Султан Казиев деп жандалбастап издеп жатышат эки уулу тең. Болгондо да Шоола үчүн. Эми эр болсоң токтотуп көр. Кандай болгон күндө да Султанга да, Канатка да бул сырды билдирбеши керек. “Бир жолу бардыр” деп жатты аялдын жүрөгү. Жол тагдырга гана жазыларын аял дагы деле биле элек эле...
(Уландысы кийинки санда)