Өлкөнүн карызы 6,3 миллиард доллардан ашты
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2024-жылдын 31-майына карата 6 миллиард 347 миллион долларды түздү. Маалыматты Каржы министрлиги жарыялады.
Аталган сумманын 4 миллиард 540 миллион доллары тышкы карыз, 1 миллиард 806 миллион доллары ички карыз. Министрликтин билдиришинче, мамлекеттик карыз ички карыздын эсебинен 77 миллион долларга көбөйдү. Тышкы карыздын негизги бөлүгү Кытайдын экспорт-импорттук банкына тийиштүү: 1 миллиард 661 миллион доллар. Азыркы бийлик “мамлекеттик карыздан кутулууга мүмкүнчүлүк бар, бирок өлкө үчүн карызды өз графиги менен төлөө пайдалуу, эгер мөөнөтүнөн мурда төлөсөк, анда келишимге ылайык, кошумча үстөк кошулуп калат” деп билдирип келет. Графикке ылайык, 2024-жылы тышкы карызды төлөөгө бюджеттен 64 миллиард 700 миллион сом (учурдагы курс боюнча 755 миллион доллардын тегереги) каралган. Жылдын алгачкы 6 айында 27 миллиард 290 миллион сом, же 318 миллион доллар төлөнгөнүн Каржы министрлиги маалымдады.
Ал эми 2025-жылы карызды жабуу үчүн төлөнүүчү сумма 75 миллиард 100 миллион сомду (876 миллион доллардын тегереги) түзөт. Жылдан жылга төлөнүүчү сумма көбөйүп жатат, өлкө тышкы карызды төлөөнүн эң оор мезгилин баштан кечирүүдө.
Алимент төлөбөгөндөр кылмыш жообуна тартылышат
Кыргызстанда эми алимент төлөөдөн качкан жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүн. Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизген мыйзамга 9-июлда президент Садыр Жапаров кол койду.
– Мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси жаңы редакцияда баяндалып, азыркы учурда күчүндө турган редакциясына салыштырмалуу кошумча квалификациялык белгилер менен толукталууда. Тагыраагы, баланы же жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга милдеттүү болгон адамдын өз эмгек акысын жана ага теңештирилген кирешелеринин өлчөмүн жашырган, төмөндөткөн, ошого тете соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тарткан адамдар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралууда,- деп айтылат маалыматта.
Расмий маалыматка таянсак, алимент өндүрүү боюнча Кыргыз соттору жылына 40 миңдей чечим чыгарат. Бирок алардын канчасы аткарылып жатканы тууралуу маалымат жок. Парламент депутаты Тазабек Икрамов өлкөдө балдарына алимент төлөөдөн качып жүргөн 53 миңден ашык жаран бар экенин айтып чыккан. Ал эми Сот департаментинин маалыматы боюнча, алимент төлөбөгөнү үчүн 1753 жаранга издөө жарыяланган.
Сот экс-министр Бейшеналиевди күнөөлүү деп тапты
Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди сот Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 22-апрелдеги чечимине ылайык, экс-министрге 1,5 миллион сом айып пул салынды. Ошондой эле ал 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта иштей албайт. Мындай чечимге макул эмес Бейшеналиев Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген. Шаардык сот ишти 1-июлда карап, мурунку чечимди күчүндө калтырганы белгилүү болду.
Алмазбек Бейшеналиев 2020-2022-жылдары Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген. 2022-жылы сентябрда “чет өлкөлүк студенттерди Кыргыз ЖОЖдоруна кабыл алуу үчүн 110 миң доллар пара талап кылган, акчанын бир бөлүгүн алган” деп шектелип кармалганы маалым. Көп өтпөй ал үй камагына чыгарылган. Ички иштер министрлиги “Бейшеналиев пара катары алган 37 миң 500 долларды кайтарып берди, калганын жакын арада кайтарууну убадалады” деп маалымат тараткан.
Экс-чиновник өзүнө тагылган айыпка макул эмес, “акчаны пара катары эмес, бир долбоорго инвестиция катары беришкен болчу” деп билдирген кармалгандан кийин.
26 жаштагы келиндин өлүмү: Чуулгандуу окуя иликтене баштады
7-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде 25 жаштагы келин шектүү жагдайда каза тапты. Октябрь РИИБинин маалыматына таянсак, ал №4 клиникалык тез жардам ооруканасына оор абалда түшүп, өзүнө келбей көз жумган. Милицияга кабар түшкөндөн кийин окуя болгон жерге Бишкектин Ленин РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган.
– Сырттан кароо учурунда денеден жаракаттар байкалган эмес. Тийиштүү экспертизалар дайындалган. Врачтын баштапкы маалымкатында “галидорго (дары таблеткасы) уулануу, өз жанын кыюу” деген диагноз коюлган. Тараптардын бардык жүйөлөрү эске алынып, объективдүү иликтөө жүргүзүлөт,- деп билдирди Октябрь РИИБи. Иштин материалы Ленин РИИБинен Октябрь РИИБине өткөрүлүп берилген.
Келиндин жакындары буга макул эмес, алар өлүмгө келиндин күйөөсү себеп болушу мүмкүн деп милицияга арыз жазышты. Келиндин денесинде көк ала тактар болгонун айтып жатышат. Ушундан улам кайрадан соттук-медициналык экспертизага кайрылышкан. Саламаттыкты сактоо министрлиги өлүмдүн себеби аныктала электигин билдирди.
Окуя коомчулуктун көңүл борборунда турат. Көпчүлүк келиндин өлүмү адилеттүү иликтениши керек деген пикирди айтып жатышат.