Дүйнөдөгү эң кымбат 8 спортчу

Азыркы учурда дүйнөдө эң кымбат спортчу ким? “Форбс” журналынын рейтинги боюнча 2024-жылы “эң кымбат төлөнгөн спортчулардын топ ондугуна” кимдер киришти? 10 спорт жылдызынын жылдык жалпы кирешеси 1,4 миллиард долларды түздү. 

1. КРИШТИАНУ РОНАЛДУ – 260 МИЛЛИОН 

Спорт түрү – футбол

Жашы – 39

Спорттогу кирешеси – 200 миллион доллар

Спорттон тыш кирешеси – 60 миллион доллар

Мыкты оюн көрсөтүп жаткан Роналдуга азыркы клубу “Аль-Наср” жылына 200 миллион доллар маяна төлөйт. Португалиялык чабуулчу өткөн сезондо Сауд Арабия чемпиондугунда 33 гол киргизип, август, сентябрь, декабрь жана март айларында “Айдын мыкты оюнчусу” аталды. Албетте, анын жарнамадан түшкөн кирешеси да аз эмес. 629 миллион катталуучусу бар футбол жылдызы дүйнөлүк ири компаниялар абдан баалаган спортчулардын бири экени талашсыз.

2. ЖОН РАМ – 218 МИЛЛИОН

Спорт түрү – гольф

Жашы – 29

Спорттогу кирешеси – 198 миллион доллар

Спорттон тыш кирешеси –
20 миллион доллар

2023-жылдын декабрында Рамдын LIV Golf лигасына кошулушу аны планетанын эң кымбат спортчуларынын катарына киргизди. Анын канча гонорар алары сыр, бирок эксперттер 3 жылга орточо 550-600 миллион доллар төлөнөт деп жатышат. Гольф чебери азырынча эч бир турнирди ута элек болсо дагы 2024-жылдагы 7 беттеши үчүн 6,6 миллион доллар тапты деп жатышат чет элдик журналисттер. Рамды Legion XIII деген командага капитан кылышкан, бул ага лиганын франшизаларынан 25 пайыз үлүш алууга жол ачат.

3. ЛИОНЕЛЬ МЕССИ – 135 МИЛЛИОН

Спорт түрү – футбол

Жашы – 36

Спорттогу кирешеси –
65 миллион доллар

Спорттон тыш кирешеси – 70 миллион доллар

Лионель Месси топ тепкен мээнетине караганда оюн талаасынан тышкары иши үчүн көбүрөөк киреше тапкан. Ал МЛС (АКШ жана Канадада футбол лигалар системинин жогорку дивизиону) жана Apple TV+ сервиси менен түзгөн келишиминен 70 миллион доллар киреше тапса, футболчу катары маянасы 65 миллион долларды түздү. “Барселонанын” экс-жылдызы ошентип алдынкы үчтүктү жабат.

4. ЛЕБРОН ЖЕЙМС – 128,2 МИЛЛИОН

Спорт түрү – баскетбол

Жашы – 39

Спорттогу кирешеси – 48,2 миллион доллар

Спорттон тыш кирешеси – 80 миллион доллар

Азыркы тапта Леброн Жеймстин жарнамалык жана демөөрчүлүк келишимдеринин суммасындай сумма планетада башка бир дагы спортчуда жок дешет эксперттер. Ал дүйнөлүк AT&T, Beats, GMC, PepsiCo компаниялары менен иштешет. Оюндан тышкаркы кирешесинин басымдуу бөлүгүн ага бут кийим жарнамасы алып келет. 2019-жылы Жеймс Nike компаниясы менен түбөлүккө келишим түзгөн, андан баскетболчунун капчыгына жылына 30 миллион доллар түшүп турат. 

5. ЯННИС АДЕТОКУНБО – 111 МИЛЛИОН

Спорт түрү – баскетбол

Жашы – 29

Спорттогу кирешеси – 46 миллион доллар

Спорттон тыш кирешеси – 65 миллион доллар

Рейтингди карасак, Яннис бир топ жылдан бери эң көп киреше тапкан баскетболчулардын алдынкы ондугунан түшпөй келе жатат. 2020-жылы спортчу “Милуоки Бакс” клубу менен 228 миллион долларга 5 жылдык келишим түзгөн. 2025-жылы Яннис келишимди дагы 3 жылга узартары күтүлүүдө, ал үчүн баскетболчу 186 миллион доллар алат. Тагыраагы, жылына 62 миллион доллардан маяна төлөнөт ага. Андан тышкары Яннис Nike компаниясы менен иштешет.

6. КИЛИАН МБАППЕ – 110 МИЛЛИОН

Спорт түрү – футбол

Жашы – 25

Спорттогу кирешеси – 90 миллион доллар

Спорттон тыш кирешеси –
20 миллион доллар

Килиан Мбаппе жакында “Реал Мадрид” клубуна өттү. Келишимге ылайык, ага жылына 57,5 миллион доллар маяна төлөнөт. Андан тышкары 20 миллион доллар бонус берилет. Жалпысынан жыл сайын 77,5 миллион доллар маяна алмакчы. Айта кетсек, Nike компаниясы Мбаппенин техникалык демөөрчүсү экенин да айта кетели.

7. НЕЙМАР – 108 МИЛЛИОН

Спорт түрү – футбол

Жашы – 32

Спорттогу кирешеси – 80 миллион доллар

Спорттон тыш кирешеси –
28 миллион доллар

Неймарды өзүнүн курамына кошууга көндүрүү үчүн сауд арабиялык “Аль-Хиляль” клубу ага көп бонустарды сунуштаган деп айтылган буга чейин чет элдик ЖМКларда. Алар: жеке учак, кымбат автоунаалар, кызматчылар... Бирок алган жаракатына байланыштуу өткөн сезон футболчу үчүн ийгиликтүү болгон жок. Айрым басылмалар Сауд Арабиясын мактап жазган ар бир посту үчүн Неймарга 500 миң доллар төлөнөт деген да маалымат жарыялашкан. 

8. КАРИМ БЕНЗЕМА – 106 МИЛЛИОН

Спорт түрү – футбол

Жашы – 36

Спорттогу кирешеси – 100 миллион доллар

Спорттон тыш кирешеси – 6 миллион доллар

Бензема 2022-жылы “Алтын топту” алгандан кийин “Реал Мадридден” кетип, 2023-жылы сауд арабиялык “Аль-Иттихад” клубуна кошулган. Келишимге ылайык, Бензема жылына 100 миллион доллар маяна алат. Андан тышкары футболчуда бардык маркетингдик укуктары сакталуу. Келишим 2 жылга түзүлгөн, кошумча дагы 1 жылга узартылышы мүмкүн.  

 

Лунара Бекиева  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1127, 11-17-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан