(Башталышы өткөн санда)
Беш мүнөттөй жок болду окшойт, колуна беш-алты гезит кармап чыкканда дүкөндүн жанына эскилиги жеткен боз түстөгү советтик Волга токтоп, ичинен жергиликтүү адамдардай кийинген үч шыпылдаган жигит түштү. Бирөөсү Бейшеновду карап эски таанышындай алыстан эле кучак жайды:
– Ээ, ага, канча жаз, канча күз өттү. Кабарыңыз жок, кандайсыз?- деп кучактай тургандай түр көрсөтүп келип Бейшеновду катуу кучактады да, кулагына:
– Тирүү калам десең үнүңдү чыгарба, машинага тез отур. Сөз бар, сүйлөшөбүз, кайтасың,- деп шыбырады. Анан далысынан таптап, машинага отургузду. Берки эки бала да сыр алдырбай машинага отуруп, дароо шаарды аралап кирип кетишти. Алардын алдында бир машинада Макс бир адамы менен, арттагы башка машинада анын дагы эки адамы, ээрчишип кетишти. Сырттан караган адамга шектүү эч нерсе байкалбайт эле.
Тез эле МАИ кызматкерлери турбаган тар көчөлөрдү аралап Бейшеновду мурунтан даярдап койгон, ижарага алынган үйгө алып барышты. Бир адам дарбазаны ачып турган экен, машиналар ичкери кирери менен дарбаза дароо жабылды. Артта коштоп келген машинадагы эки адам үйдүн жанынан өтүп баратып дарбазаны жаап жаткан адамга баш ийкеп коюп кайра шаарга кетип калышты.
Бейшенов дүкөндүн алдында эле дароо баарын түшүнгөн. Бирок эмне кыла алмак эле, курсагына тапанча такалып турган, үн чыгарса эле атып салышмак.
Ошол эле күнү түнкү саат үчтөргө чамалап калганда дарбаза ачылып, Хонда үлгүсүндөгү минивен чыкты. Ичинде Бейшенов жана Макстын үч адамы. Бейшеновго илгертен бери советтик атайын кызматтын адамдары колдонуп жүргөн “Бейиш” деп аталган дары сайылган. Бул дары сайылганда адам эч нерсени түшүнбөй, жылмайып гана отура берет. Минивендин артынан эле кара БМВ чыкты, ал машинада Макс бир адамы менен минивенден беш жүз метрдей артта келатышты. Экибастуз шаарынан чыкканда алдыга дагы бир машинада Макстын эки адамы кошулду. Алар бир чакырымдай алдыда. Эгер МАИ кызматкерлери тоссо алдыдагы машинадагылар алаксытып турушат. Же Бейшенов отурган машинаны тосушса арттагы машинадагылар жетип келип ыңгайына жараша куткарып кетиши керек. МАИ кызматкерлери турбаган четки жолдорго салып айдашып үч саатта Астанага жетип, алдын ала даярдалган үйгө кирип кетишти.
Эми эртең Бейшеновду Казакстандан алып чыгып кетүү керек.
“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын Бишкек-Астана-Бишкек каттамындагы учагы күндүзгү саат 11:15те Астана аэропортуна келип конду. Бишкекке кайра беш сааттан кийин учат. Учкучтар адатынча Астананын борбордук бөлүгүндөгү авиакомпания сатып алган батирге барып эс алышып, учуу убактысы жакындаганда аэропортко кайра келишет.
Учкучтар батирге кирип жайланышары менен артынан Макс эки адамы менен Бейшеновду алып кирди. Экинчи учкуч дароо учкучтук формасын чечип эч нерсени түшүнбөй отурган Бейшеновго кийгизип, диванга жаткызып койду дагы, биринчи учкуч дароо шаардык оорукананын “Тез жардамына” телефон чалды:
– Тезирээк келе аласыңарбы, бир адам ооруп жатат, эмне болгону белгисиз,- деп даректи түшүндүрдү.
– Он мүнөттө келип калышат,- деп Макска карады учкуч.
Макс чөнтөгүнөн ийне алып чыгып Бейшеновдун колуна укол сайып, кол саатын карады:
– Жетишебиз, эки мүнөттө таасир берет,- деп күтүп турушту эле, айткандай эле эки мүнөттөн кийин чекесинен тер агып, Бейшенов үшүгөн адамдай үстүнө жабылган жуурканды кымтынып, бүрүшүп жатып калды.
Көп өтпөй “Тез жардам” келди, врач отуздардагы жигит экен, Бейшеновдун тамырын кармап, дене табын текшерип:
– Коркунучтуу эч нерсе жок. Катуу суук тийген бул адамыңарга,- деп бир дарыларды айтып, аларды кантип ичирүү керек экенин түшүндүрүп, чакырууну каттоо журналына жазып туруп чыгып кетти.
Эми Казакстандын атайын кызматы текшерген күндө да кынтык таба алмак эмес.
Биринчи учкуч дароо Кыргызстанга, авиакомпанияга чалып:
– Экинчи учкуч ооруп калды, учакты башкара албайт. Тез арада экинчи учкучту жөнөткүлө,- деди. Андан кийин Астана аэропортуна чалып шартты түшүндүрүп, экинчи учкуч ооруп калганын, жаңы учкуч келерин, ооруп калган учкучту да ошол каттам менен Кыргызстанга алып кетүү керектигин билдирип, керектүү документтерди даярдап коюусун өтүндү.
Эми баары даяр эле.
Бул каттам белгиленген убакыттан 6 саат кечигип учту. Кыргызстандан экинчи учкуч барары менен учкучтар, Макс экинчи учкучтун формасын кийген, башы-көзү бинт менен оролгон Бейшеновду жетелешип аэропортко келип, текшерүүдөн Бейшеновду экинчи учкучтун документтери менен алып өтүштү.
Кимдин оюна келмек эле, мындай жай заманда адам уурдалып жатат деп. Аэропорттун текшерүү кызматындагылар Бейшеновду карап да коюшкан жок, документи жайында, үстүндө учкучтун формасы, кыйналып турган адамды аягансып карап коюшту. Бейшеновду учакка отургузуп Кыргызстанга учуп кетишти.
“Манас” аэропортунда Бейшеновду коштоп учуп келген Максты адамдары эки Жип машинада күтүп турган. Учактын түбүнө чейин кирип келген жол тандабастарга отурушуп, аэропорттон чыгып, Бишкекти көздөй жол тартышты. Бишкекке жакындап калганда Макстын телефонуна чалуу келип калды. Макс сүйлөшүп болгон соң рулдагы балага:
– ГЭС-5ке айда, пландар өзгөрдү,- деп дагы башка бирөөгө чалды:
– Машинасын алып келип тургула, бир саатта барып калабыз - деди.
Бейшеновдун колу байлануу, оозуна скотч чапталган, дарынын таасири тарады окшойт, бир нерселерди булдуруктады, бирок анын абалына эч ким көңүл бурган жок.
ГЭС-5 суу сактагычына түнкү саат бирлерде келишти, баары машиналардан түшкөндөн кийин Макс:
– Балдар планыбызда өзгөрүү болду, биз алып келген адам Казакстандын жарандыгын алып алганы үчүн азыр биздин артыбыздан Казакстандын күч органдары издеп жүрүшүптүр. Кантип билинип калганын азырынча билбейм, бирок биздин машиналарыбыз, өң-келбетибиз белгилүү экен. Эгер бизди кармашса, чоң чуу чыгышы мүмкүн, кармалбай калсак эч ким эч нерсе далилдей албайт. Биздин бийлик да каалайбы, каалабайбы аларга жардам бериши керек, өзүңөр жакшы түшүнөсүңөр. Бизди азыр Казакстандын атайын кызматынын адамдары биздикилер менен чогуу издеп жүрүшөт. Ошондуктан азыр бул адамды машинасын алып келишет, биз муну мас болуп сууга чөгүп кетти кылышыбыз керек. Эгер антпесек бул Казакстанга чыгып кетчү болсо кутулуп кетиши толук мүмкүн, а жоопкерчиликти мен өз моюнума алам, силер менин буйругумду гана аткарган болосуңар.
Бир аздан кийин Бейшеновдун Лексус 470 үлгүсүндөгү машинасын айдап келишти.
Бирөөсү жогорку жак менен байланышы бар таасирдүү адам эле. Кара плащ кийген, бою узун, толмочунан келген адам. Ошентип кол салууну уюштургандардын баары жазаланды.
Эки жумадан кийин.
Европадагы Вена шаарынын эң кымбат деген ресторанынын бир бөлмөсүндө эки адам сүйлөшүп отурушту. Бирөөсү “Индус” деген каймана аты бар толмоч, кара костюмчан, кара шляпачан, колундагы алтын жалатылган саатын улам-улам карай берген адаты бар адам эле. Кыргызстанда аткарыла турган иш ушул Индуска тапшырылган. Экинчиси “Либер” деген, бою узун ал да кара костюмчан, колунда “Гавана” маркасындагы сигарасы бар. Булар дүйнөдөгү абдан күчтүү делген жашыруун кызматтын адамдары болчу. Индус нааразы болгонсуп сүйлөп жатты:
– “Фирмага” түшүнүксүз болуп жатат сенин ишиң. Баары жакшы болот дебедиң беле?
– Докладда баары майда-чүйдөсүнө чейин жазылган. Инструкция боюнча иш алып бардым.
– “Фирма” үчүн сенин докладыңдын кымындай да кызыгы жок, иштин ийгиликтүү бүтүшү гана керек. Инструкция деп туруп албай, өзүң да башыңды иштет. Шартка карап аракет кылышың керек да. Сенин мындай деңгээлдеги биринчи жумушуң болгондуктан гана “фирма” сага дагы бир шанс берүүнү чечти...
(Уландысы кийинки санда)