Элера Кабылжан кызы, ырчы: «Көп сүйлөбөгөн жигиттер жагат”

Ырчы Элера Кабылжан кызынын “Муңайба, Адеми” деген ыры учурда хит болууда. Карамолдо Орозов атындагы оркестрдин солисти, жеке ырчы катары да ийгилиги бар Элера айымды тааныштыралы. 

- Салам, Элера! Жакындан таанышып алалы адегенде...

- Өзгөн районунун Макаренко айылында төрөлүп өскөм, 8 бир туугандын бешинчисимин. Жаңыдан ырдап чыгып, 1-2 клип тартканымда эле айылдаштарым сүйүнүп, эфирдеги маектеримди сыймыктануу менен көрүшчү. Азыр ого бетер эле мактап жатышса керек. Туулган жериме баратам, үйгө барган жол мен үчүн ар дайым жагымдуу. Башында Бишкекке көнө албай, үйдөгүлөрдү сагынып, куса болуп ыйлачумун.

- Сендеги чыгармачылык өнөр кимден өткөн?

- Ата-энем ырга шыктуу, музыка жандуу кишилер. Бирок убагында турмуш шартка байланыштуу башка жолду тандап кетишиптир. Ырчылык өнөр ата-энемден берилсе керек. Кичинемде дипломат же юрист болом дечүмүн, бирок тагдырдын планы башкача экен. 2015-жылы 11-класс кезимде Өзгөн районунда сулуулар сынагы өтүп калды. Ошол сынакка окуган мектебимдин атынан катышып, Гран-прини – “Өзгөн периси” наамын утуп алгам. Ошондо атам мени сахнадан көрүп аябай таң калган. “Кызым, сен артист болсоң болот тура, сахна сага жарашат экен” деп суктанганы эсимде. Мектепти бүтүп Искусство университетине тапшырышыма ата-энемдин салымы чоң, анткени алар менин шыгымды байкап, искусство багытында кетишиң керек деп жол көрсөткөн адамдар болушту. Азыр дипломдуу ырчымын, Улуттук филармониянын солистимин, жеке чыгармачылык менен да алектенип жүрөм.

- Самат Эркинбеков экөөң ырдаган “Муңайба, Адеми” ыры хит болуп жатат. Бул ырды алгач Самат мырза башка ырчы кызга сунуштаса, ал баш тартып койгон экен. Сенин багыңа туш келген экен...

- Кайсы ырчы баш тартып койсо да жакшы кылыптыр, Кудай буюруп мен ырдап калдым (күлүп). Негизи Самат байке менен чыгармачылык катыштабыз. Мен Бакуда “Кыргызстандын маданият күндөрү” деген иш-чарада жүрсөм “Элера, ретро комедияга саундтрек ырдап бербейсиңби” деп аталган ырдын тойдо ырдалган эски казакча версиясын жөнөтүптүр. Жумуштарыма жетишпей мейманканада ары-бери чыйпылыктап жүргөм, Самат байке улам жазып коёт “угуп көрдүңбү, жактыбы” деп. Толук уга алган жокмун, чыйылдаган эски ретро ыр экен. Ичимден “ий, не деген ыр” деп жактырган жокмун. Бирок Самат байкенин көңүлүн кыя албай, "макул, ырдап берем" деп койдум. Кыргызстанга келип, ырдын аранжировкасын укканда өлө жагып калды.

- Негизи эле саундтрек ырдоо сенин өзгөчөлүгүң окшойт. Буга чейинки “Махабат закымдары” деген ырың да угармандар арасында жылуу пикирлерди жаратты эле...

- Ушул нерсени туура баамдадыңыз. Буга чейин “Министрдин кызынын махабаты-4” тасмасына саундтрек ырдагам. Ошол “Махабат закымдары” деген чыгарма мени элге жакшы эле таанытты. Кичинемде актриса болууну да кыялданчумун, кийин эле ырчылыкты же актрисалыкты тандай албай музыкага ооп кеттим окшойт. Саундтрек ырдаганда кинону көрөсүң, каармандардын кайгысын сезесиң, окуяны баяндап жаткандай сезимде ырдай алат экенмин. Көбү ошентип айтышты.

- Оркестр менен гастролдорго көп чыгат экенсиң. Кызык же өзгөчө окуялар көп болсо керек чет өлкөдөгү сапарларда?

- Ооба, гастролдор менен Ташкент, Астана, Баку шаарларына көп бардык. Мага эң жакканы Баку шаары болду. Деңизге жакын, абасы нымдуу, жашыл, таза шаар экен. Бир жолу гид менен Бакунун эски базарын үйдөгүлөргө аны-муну алганы кыдырып жүргөнбүз. Менин базар кыдырмай оорум бар, адатымча бир буюмду карап катып калыпмын. Баасын сурап, чыгарган ишканасынан бери сурап бүткүчө жанымдагы шериктерим кетип калышыптыр. Карасам эле эч ким жок. Жанымда акчам да жок эле, ысыкта көчөдө жалгыз калдым адашып. Суусап бир ресторанга кирдим, ал жактан бир жигит менен таанышып калып жатпаймынбы түркчө сүйлөшүп жатып. Ал мага жабышты да калды, өзүм жашаган мейманкананын аталышын же дарегин билбейм. Тиги жигит экөөбүз бир топ ары-бери басып издедик. Аягында мейманкананын атынын бир сөзүн эстедим. Тиги жигит “менин үйүмдө эле жатып кал, конок болосуң, апам бар, тамак жасап берет” дейт. Жакшы эле бала экен, бирок кебетеси менин табитиме ылайык эмес болчу. Кичине эле жакканда ээрчип конок болуп барып келмекмин (күлүп). Кеч киргенде мени таксиге салып жиберди. Мейманканага келгенде “жеттиңби?” деп чалды. Эртеси “жүрү, кечки Бакуну көрсөтүп келейин” деп да чалды. Айтор, ар кайсы шылтоону айтып жатып араң кутулгам.

- А табитиңдеги жигиттер кандай?

- Көп сүйлөбөгөн, табышкер, убадага бекем мырзалар жагат. Бекерчилер жакпайт, бекер отурган эркекти көрсөм эле маанайым бузулуп урушкум келе берет. Анткени өзүм дайым кыймылда жүргөндү, эмгек кылганды жакшы көрөм.

- Чыгармачылыктагы эң негизги максатың эмне?

- Ырларым, музыкаларым менен Дүйнөлүк аренага таанылуу. Бул кыялым акырындан орундалып келе жатат окшойт. Себеби азыр “Муңайба, Адеми” ырын түрктөр, арабдар, өзбектер, казактар өздөрү да суктанып угуп жатышат. Бул мен үчүн сыймыктанарлык нерсе. Чыгармачылыкта жаңы кадамдарды шилтеп жатпаймынбы, алдыда дагы көп бийиктиктерди ашышым керек.

Кыска-нуска

– Популярдуулуктун туу чокусубу же турмушка чыгуубу?

–  Азырынча татыктуу мырзаны жолуктура элекмин, ошондуктан чыгармачылык деп турайынчы.

–  Баш айландырган кыска сүйүү же туруктуу узак мөөнөттүү мамилеби?

–  Албетте, туруктуу сүйүү. Кийин өзүбүз башын айлантып алабыз да (күлүп).

–  Журналисттердин кандай суроолорунан буйтап кетесиң?

–  Жашымды айткым келбейт. Жаш курагыма байланыштуу суроолорду аттап өтүп кетем.

–  Элера деген ысым псевдонимби?

–  Жок, азан чакырып коюлган өз атым. Эски немис тилинен “эрктүү аскер адамы” деп которулат. Башка тилдерде жарык үй, жарык жер деген маанин түшүндүрөт экен.

  Лунара Бекиева        

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1127, 11-17-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан