Расул Маматкулов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Эркин музыкантмын, жүрөгүмө жаккан ырларды ырдайм”

Жүрөккө жакын, кайрыктары өзгөчө ырларды жараткан экен Расул агабыз. Жаш ырчылар улам жаңылап ырдап, угармандын жарпын жазып келе жатышат. “От болдумдан” башталып, “Сенсиз мага дүйнө караңгыга” чейин созулган, уланып жаткан чыгармачылык... Дагы бир кызыктуу, маанилүү маекти сунуштайбыз, окурман. 

– Саламатсызбы, Расул ага? Маек башталганга чейин ооруканага барганыңызды айтып калдыңыз, ден соолугуңуз жакшыбы?

– Жакшы, шүгүр. Ден соолук бир аз жакшы болбой, ошого карап жатам. Жаш кезиңде оору билинбейт экен, жаш өткөндө билине баштайт тура. Жаш кезде, 1982-жылы бутумду сындырып алган элем. Ошондо сөөккө темирди туура эмес тагып коюшуптур, ошол кичине кыйнап жатат. Калганы жакшы, буюрса.

– Жакшы эле болсун. Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар? Обондор, ырлар жазылып жатабы?

– Ооба, жазып жатам. Кечээ жакында Айгеримге (ред.: кызы) ыр жазып бердим, Кудай буюрса, жакында чыгат. Өзүмө деле жазып, бирок жарыялай элекмин. Башка дагы ырларым бар, ырчылар ырдап жатышат. Ден соолугуң болбосо жашоонун кызыгы деле жок экен. Тост, каалоо-тилек айтканда “ден соолугуң чың болсун” деп жөн эле айтып коё берет экенбиз. А чынында, анын мааниси адамдын жашоосунда башкы нерсе тура. Ден соолугуң болбосо жашоо түстүү эмес, ак-кара түстө болуп калат экен. Мурун обон жазганда “бул тойго, бул концертке” деп бөлчүмүн. Азыр эми бир ырды концертте деле, тойдо деле ырдасаң боло берет.

– Мурунку угармандардан азыркы угармандардын айырмачылыгы байкалабы?

– Азыр маалымат аябай тез жетип калган маал. Мисалы, мурда жаңы ырым чыкса досторум “Ош базарга” барып жаңы ырыңды таппай келдим” дешер эле. Азыр жашоо маалыматка бай. Ошон үчүнбү, азыркы угуучулар бир аз башкача. Мурун концерт болот десе күн санап күтүп, эрикпей угушчу. Азыр телефондон көрүп алышат. Бирок концертте эл менен артисттин ортосундагы мамиле реалдуу болот. Жакында Тилек Найманбаевдин концертине катыштым. Ал “оркестр менен ырдабайсызбы, мен сиздин ырларыңызды оркестрге салайын” деп сунуштады. Кызыктым, жакшы болду. Буюрса, күзүндө оркестрдин коштоосунда бир жакшы концерт берсемби деп ойлонуп жатам.

– Сиз абдан популярдуу болуп турган кездеги кызыктуу окуялардан эстеп көрбөйлүбү...

– Азыр деле кепканы баса кийип, көз айнек тагынып алсам да таанып коюшат... Биз аппаратураларды унаага жүктөп алып, кыдырып концерт койчубуз. Бир жолу Өзгөндүн Мырза-Аке айылына концерт койгону барсам апалар келип “айланайын балам, сен тирүү эле турбайсыңбы, өмүрлүү бол” деп аябай бата беришти. Көрсө, мен тууралуу “өлтүрүп кетишти, каза болду” деген сөз тараптыр. Бир жолу “Расулду Москвадан милиция кармап кетиптир” деген да сөз чыккан (күлүп). Жакшы учурлар эле. Бир жолу Ноокатта таң аткыча концерт бергеним эсимде. Маданият үйү кичинекей эле, элдин жарымы батпай сыртта калган экен. Түнкү саат 12ден кийин ошол батпай калган элге концерт бергенмин. Эл аралап жүргөн бир чети жакшы, сый көрөсүң, кооз жерлерде эс аласың, андай жерден сонун ырлар жаралат. Экинчи чети жол азабы – көр азабы.

– Ырларыңызда чыгыш музыкасына үндөш кайрыктар көп?..

– Мен чоңойгон Көк-Жаңгак шаарында орустар, күрддөр көп эле. Бала кезде кулагыңа кандай музыка көбүрөөк сиңсе, ошонун таасири тиет окшойт. Бир жолу Нарында эки күн концерт бердим. Ошол жердеги досторум “сен өзү кыргызсыңбы, ырларың башкача экен го?” деп жатышпайбы. Студент кезде ресторанда музыкант болуп иштедим. Ресторанда романстарды ырдайм, ырдап баштаганда ошол жерде иштеген башка улуттун өкүлдөрү жасап жаткан иштерин таштап, эл менен кошо отуруп угушар эле.

– Берген маектериңизден балдарыңыздын ырчы болушун каалабаганыңыз байкалат. Бирок тагдырдан ким качып кутулган, баары ырчылыкка кадам ташташты...

– Бул эми менин башымдан өткөн нерсе да. Балдарыңа жакшылык каалайт экенсиң. Гастролдордо жүргөндө кыйынчылык көп болду менде. Башында Айгеримге “ырчы болом десең, мындай нерселерге чыдашың керек. Болбосо башка кесипти танда” дедим. Ырчылыкты тандады. Уулум да ошентти. Кичинекейиме “баарыбыз эле артист болуп кеттик, сен юрист болчу, кызым” деп жаткан чагым. Бирок ал дагы ырдап жүрөт.

– Эмнеден коркосуз?

– Эч нерседен коркпойм, Кудайдан башка.

– Учурда Кыргызстандын өнүгүүсү кандай нукта баратат дейсиз?

– Буюрса, Кыргызстандагы жашоо 99 пайыз жакшы жагына өзгөрүп жатат. Мамлекетте мурда абдан эле “бардак” болгон, чынын айтканда. Азыр андай жок. Сонун иштер жасалып жатат. Өткөндө Жалал-Абадга барып келдим, шаардагы өзгөрүүнү көрүп абдан жүрөгүм жылыды. Өткөндө Кара-Сууга барганда стадионун көрдүм, стадион аты эле болбосо, абалы начар болчу, ошону да оңдоп жатышат. Аймактардагы Маданият үйлөрү такыр эле каралбай калган. Мисалы, Көк-Жаңгак шаарынын Маданият үйүн эл суранганда Камчыбек Ташиев мырза сонун кылып оңдоп берди. Жабылуу турганына 20 жылдан ашкан. Эми бул ал кишинин ишине кирбейт, Маданият министрлиги караш керек эле. Маданият министрлиги өзүнө караштуу иштерди карап койсо, кандай сонун Маданият үйлөрү бар, ошолорду оңдоп коюшса...

– Эгерде сиз көркөм сынчы болсоңуз, өзүңүздүн чыгармачылыгыңызды кандай баалайт элеңиз?

– Эркин журналист, эркин сүрөтчү деген бар эмеспи. Мен өзүмдү эркин музыкант деп баалайм. Менде чектөө жок, көңүлүмө, жүрөгүмө туура келген ырды жазам. Кааласам аккордеон, кааласам комуз же оркестр менен ырдайм. Эркинмин.

– Кандай музыкалык аспаптарда ойной аласыз?

– Саксофондон башка аспаптарды өздөштүрүп кете алам. Комуздан башкасынын баарынын эле түзүмү бир. Былтыр “Ортомчу бизге Ысык-Көл” деген ырымды бир жигит аккордеон менен келиштире ырдап жатканын угуп калдым. Ал ырды Гүлбү Ороскул кызына жазып берген элем, ырдаган Бакыт Карчыгаев деген жигит, Гүлбүнүн иниси экен. “Ух ты, аккордеондо ырдаган сонун болот турбайбы” деп аккордеон сатып алдым. Азыр эми өз алдымча аккордеон ойноп жатам. Менин ырымды ырдагандардан Гүлбү, Алина Жетигенова, Алтынай Нарбаева жакшы ырдаган. Азыр эми жаштар да ырдап жатышат, көбүнүн аттарын билбейм. Эл чогулган жерде, мисалы, футбол учурунда менин ырымды чогуу ырдашса сүйүнөм, абдан жагымдуу болот.

– Бар болуңуз! Ийгилик каалайбыз сизге! 

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1127, 11-17-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан