“12 жылдан бери 8-9 операцияны баштан өткөрдүм, балдарым бар, жашоо үчүн күрөшүүгө мажбурмун” дейт 38 жаштагы каарманыбыз Элнура Чымбаева. Ооба, адам тагдырына кандай гана сыноолор келбейт, ал сыноолор кандай гана оор болбосун күрөшүүгө милдеттүүбүз, жашоодон үмүт үзүлбөшү кажет...
«Жакшынакай жүрүп эле баспай калдым»
– Аты-жөнүм Элнура Чымбаева, туугандар, тааныштардын баары мени Уултай деп таанышат. 1986-жылы 24-апрелде Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагында жарык дүйнөгө келгем. Учурда жалгыз бой энемин, бир уул, бир кызым бар, кызым чоң энесинин колунда, уулум экөөбүз Бишкекте батирде турабыз. Эл катары эле жашоо кечирип жүргөндө күтүүсүз дартка кабылдым. Иштеп келейин деп мигрант катары 2012-жылы Орусияга баргам. Ал жакта 9 ай жакшынакай эле иштеп жүрдүм. Бир күнү бутум чыдатпай ооруп, баса албай, 2 метр аралыктагы дааратканага жетпей калдым. “Тез жардам” чакырсак, дарыгерлер “тезинен ооруканага жатып дарыланышың керек” дешти. Туугандар учакка билет алып беришип, Бишкекке жөнөтүштү.
Кыргызстанга майыптар арабасында келип түшүп, республикалык ооруканага жаттым. Анализ тапшырып, томографиядан өткөн соң дарыгерлер мага “сөөк эхинококкозу” деген диагноз коюшту. Ал жердеги дарыгерлер мени 4-шаардык ооруканага, айтылуу Сабырбек Жумабековго жиберишти. Ал киши анализдеримди көрүп эле, дароо операцияга киргизип, жамбаштан операция болдум. Көп өтпөй башка ооруканадан өпкөмө операция жасалды. Андан 1-2 айдан кийин жакшы болуп, басып кеттим.
«2 айлык эле өмүрүң калды дешкен»
– Ошентип жакшы болуп, Астанага барып соода кылып, Бишкекте “Ош базарда” да иштеп жүрдүм. Ал аралыкта баламды төрөдүм. Дарыгерлерден “төрөгөнгө болобу?” деп сурасам, “болот” дешкен. Балама төрт ай болуп калган кез. Жазга маал эле, бир күнү дене табым көтөрүлүп төшөктөн тура албай калдым. Анда тааныштар аркылуу Байтик баатыр-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги ооруканада сөөк-ириң бөлүмүндө жатып, ошол жерде операция болгондон кийин ден соолугум жакшы болбой калды. Врачтарды деле күнөөлөгөн жокмун. Ошол операциядан кийин ириң чыккан адат болуп калды. Ал жерде 2 жолу операция жасатып, ооруканада 8-9 ай жаттым. Бир күнү дарыгерлер “жакшы болбойсуң, 2 айлык эле өмүрүң калды” деп чыгарып коюшту. Балам кичинекей, өзүм 30 гана жаштамын, мындай сөздү угуу, албетте, оор тийди. Айла канча, тагдырыма көндүм. Туугандарым туулуп-өскөн айылыма алып кетишти.
«3 жыл төшөктө жаткандан кийин кайра балдак менен басып калдым»
– Кудайдын маңдайга жазганы болот экен, айылда 3 жыл төшөктө жаттым. 2019-жылы жакшы болуп, балдак менен басып калдым. Ошондо Бишкекке келип, өз алдымча чөп-чар менен дарыланып жүрдүм. Туугандарым каралашып, бир чети алаксыйын деп, бир чети жашаш керек, тиричилик дегендей, тигүүчүлүк кылып иштеп баштадым. Кышында кайрадан ооруп калып ооруканадан ооруканага которулуп 3 ай жаттым. Дагы 2 жолу операция жасалды. Андан кийин өзүмдү карап, дары ичип, кыргызчылык кылып жүрдүм. Быйыл кайрадан ооруп калдым. Жакында Мамакеев атындагы ооруканага жатып дарыланып чыктым.
«Жолдошум балабыз 4 айлык кезинде кетип калган»
– Бул оору эмне болуп, кайдан жукканын так билбейм, ит, мышыктан жугат дейт. Айран, сүт, шишкебектен да жуга турганын айтышат. Азыр үзбөй дары ичем, дары менен уктайм. Туугандарды деле кыйнап бүттүм, же өлүк эмес, же тирүү эмес (ыйлап)... Азыр жамбашымда 5 тешик бар, тынбай ириң чыга берет. Жолдошум балабыз 4 айлык кезинде таштап кеткен, андан бери 3 жолу аял алды. Былтыр аялы экөө сотко арыз жазып, мени улам сотко чакырып жатып никени жокко чыгарышыптыр. Талакты телефондон берди. Балам азыр 8 жашта. Кызым 14кө чыгып калды, кызымды чоң энеси мени менен катташтырбай жатат. Чынын айтыш керек, мен азыр эки дүйнөнүн ортосундамын. Канча өмүрүм калды, ким билет, кызым менен эне-бала болуп катташкым келет. Бир жылдан бери атасына "баланы алып, кызым экөөнү тууган кыл, кара" десем болбоду. Туугандар мени колунан келишинче карап жатышат, кээде үйлөрүнө алып барып карашат. Билбейм, элге жардам сурап кайрылуу абдан кыйын болду мен үчүн. Туугандардын баарына чалып, “уруксат бергиле, элге жардам сурап кайрылайын, чет өлкөдөн дарылайын” деп уруксат сурап чыктым. Кээ бири туура түшүндү, кээ бири каршы болушту.
«Биздин дарыгерлердин күчү жетпей калды окшойт»
– Эсептесем, ооруганыма 12 жыл болуп калыптыр. Балдакчан басып калганыма 7-8 жыл болду. Ооруганда туугандар үйлөрүнө алып барып карашат. Быйыл марттан бери балдак менен да баса албай калдым. Мурда сол бутум эле ооручу, азыр оң бутум кошо ооруп, белим сыздатат. Эртең Мамакеев ооруканасында дарыгерлер консилиум кылышат экен, дагы эмне дешет, билбейм. Мендеги бул дартка биздин врач, травматолог, хирургдардын күчү жетпей калды окшойт. Чет өлкөгө барып дарыланууга муктажмын, Түркияга барганы аракет кылып жатабыз. Мына, врачтар “2 ай гана жашайсың” деп ооруканадан чыгарып койгондон бери 7 жыл өтүптүр, балам үчүн жашоо менен күрөшүп көрөйүн деп, кайрымдуу элимден жардам суроого аргасызмын.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
Мбанк, Элсом: 996 504 240 486 (Элнура Чымбаева)
Balance.kg: 0774240486
Элкарт: 9417 0894 4578 4193
Виза: 4714 2400 6399 5212 (Чымбаева Гулзия С.)
Гулийпа Маметосмон кызы