Жайында бет терисинде пайда болгон көйгөйлөр жана аны менен күрөшүү жолдору

Ар бир мезгилдин өзүнүн жакшы жана жаман тарабы болот эмеспи. Бүгүн жайдын, тагыраагы, күндүн, ысык аба ырайынын териге тийгизген таасири жана анын алдын алуу, күрөшүү жолдору менен бөлүшкүбүз келди.

Беттеги тактар менен күрөшүүдө эмне кылганга болбойт?

Жай ортолоп калды, айрымдар бетинде жана декольтесинде тактардын пайда болгонун көрсө керек. Андан сырткары безетки, аллергия, псориаз да ысыкта күчөй турганын баары эле биле бербейт. Беттеги тактар менен жайында деле күрөшсө болот, бирок натыйжасы азыраак. Жайкысын тактарды кетирүү үчүн косметологдун кызматын: тазалоо, пилинг, лазер жана башка уколдорду колдонуу туура эмес. Ансыз деле күн нурунан жаракат алган териге ультрафиолет нурларын колдонгон процедураларды пайдаланганда организмде өзүн коргоочу процесс жүрүп, кошумча дагы тактар чыгып кетиши ыктымал. Ал тактарды кетирүү оор болуп калат. Андыктан бет терисиндеги маселелер менен косметологго күздүн ортосунан, кыш жана жаздын башында барсаңыз туура болот. Анан да солярий жана башка териге күнгө күйгөн эффект берчү жайларга жайкысын барганга тыюу салынат.

Жайкысын эмне кылыш керек?

Ысыкта терини коргоочу эрежелерди карманабыз:

1. Жайкысын колду, декольтени жапкан жеңил, аба өткөрүүчү кездемелерден кийим кийүү, кошумча денеге да күндөн коргоочу крем сүйкөп жүрүү керек.

2. Күн тийген жерде 10 мүнөттөн ашык жүрбөө.

3. Бетке сөзсүз SPF 50+ күндөн коргоочу кремин сүйкөп, аны 2-3 саат сайын жаңылап туруу (жаңылаганда мурункусун жууп, анан кайра сүйкөө керек).

4. Жеңил баш кийим, көз айнекти унутпайбыз.

5. Суу. 1,5-2 литрден кем эмес суу ичүү зарыл! Организмде суунун балансы сакталышы керек. Өзгөчө жайкысын ысып, тердегенде баланс бузулат. Жыйынтыгында териде эле эмес, башка органдарда да маселе жаралат.

6. Кам көрүүчү косметикалык каражат катары жайкысын нымдандыруучу крем, лосьондорду колдонобуз. Курамында ретинол, С, Е, F витамини, коя кислотасы, арбутин заттары бар кремдерди алсаңыз, алар меланинди ашыкча иштеп чыгуучу жана топтоочу клеткалардын активдүүлүгүн төмөндөтөт. Ошондой эле теринин агарышына таасир этет, жаңы тактардын пайда болушун алдын алат.

7. Адамда кайсы жеринде өзгөчөлүк же көйгөй жаралса аны кармалай бермей адат бар. Бетке безетки же башка нерсе чыкканда кол менен кармалоого тыюу салынат. Өзүңүздү көзөмөлдөңүз. Кол көп нерсени кармалайт, вирус, бактерия, инфекция дегендерди топтоп жүрөт. Анын баарын кайра бетке чаптайсыз да, көйгөйдүн санын арбытасыз.

8. Бет терисиндеги маселени алдын алуучу дагы бир каражат – сүлгү. Эреже боюнча ар бир адамга өз-өзүнчө сүлгү болуп, ал күнүгө жуулушу керек. Көпчүлүктө андай эмес, бир үй-бүлөгө бир сүлгү, аны да 2-3 күндө же бир жумада бир жууйбуз. Бул такыр туура эмес. Андан көрө бир колдонуп ыргытып жиберүүчү апакай кагаз салфеткага өтүңүз.

Беттеги тактар эмне үчүн чыгат?

Беттеги тактардын себеби көп:

* Күн нурунда күндө жана көп убакыт жүрүү клетканын түзүлүшүн бузат, регенерацияга тоскоол болот, коллаген жипчелерин бузат.

* Меланиндин көп санда бөлүнүп чыгышы жана денеге тегиз тарабай жатканынын белгиси.

 * Гормоналдык дисбаланс.

* Ички органдардын патологиясы – көбүнчө бөйрөк үстүндөгү бездер, боор, өт, калкан бездеринин дарттарында.

 * Тери оорулары.

 * Айрым дары-дармектердин терс таасири.

* Репродуктивдик системадагы маселелерде.

 * Инфекция, вирус, бактерия, грибок жана башка.

 * Тукум куучулук.

* Жайкысын – күн нуру, туздуу суу, чаң, шамал жана башка.

Үй шартында тактарды кетирсе болобу?

 Болот. Эгер тактардын көлөмү кичине болуп, күндөн күнгө чоңоюп жатканы билинбесе. Үй шартында жасалган каражаттардын жардамы менен андай тактарды кичирейтип же өңүн агартканга болот. Ошентсе да алдын ала дерматологго же косметологго барып кеңешкен оң. Төмөндө үй шартында жасалган, терини агартуучу касиетке ээ маскаларды бердик, колдонуп көрүңүз. Маскаларды бетке коёрдун алдында сөзсүз колуңузга сүйкөп 5-10 мүнөт күтүңүз, аллергиялык реакция байкалбаса гана бетке сүйкөө керек. Бетте жарасы, псориаз, безетки барларга сүйкөгөнгө болбойт.

Петрушка

Үй шартында бетти агартуучу маскалардын эң оңою жана эффективдүүсү петрушка болуп эсептелет. Бир аш кашык блендерде майдаланган петрушкага, ушул эле өлчөмдө бал жана лимон ширесин кошуп жакшылап аралаштырабыз. Боткону бетке сүйкөп, 10-15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу керек.

Каакым

100 грамм каакым гүлүнө 30 миллилитр зайтун майы жана ушул эле өлчөмдө кастор майын кошобуз. Аралашманы суу ваннасында, жай отто 1-2 саат кармоо керек, башкысы, аралашма кайнап кетпесин. Боткону суутуп, сүзүп алгандан кийин ага 50 миллилитр суюк бал кошуп жакшылап аралаштырабыз. Масканы 3 апта бою күнүгө 10-15 мүнөттөн коюп, жылуу суу менен жууп салып туруңуз.

Кефир

1 аш кашык кефир + 1 аш кашык бал. Аралашманы бетке сүйкөп, 10-15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууйбуз. Дагы бир кефир маскасы: 1 аш кашык кефирге ушул эле өлчөмдө банан кошуп аралаштырабыз, боткону бетке 10-15 мүнөт кармоо керек.

Бадыраң

1 бадыраңдын кабыгын аарчып, сүргүчтөн өткөрөбүз. Ага 1 чай кашык зайтун майын кошуп, ботко абалына келгиче жакшылап аралаштыруу керек. Аралашманы 10-20 мүнөткө муздаткычка салабыз. Анан бет, моюн, декольтеге сүйкөп 15-20 мүнөттөн кийин жууп салуу керек.

Каймак+куркума

1 аш кашык куркума порошогуна 1 аш кашык каймак кошобуз. Аралашманы бетке сүйкөп 10-15 мүнөттөн кийин жууп салыш керек.

Күрүч уну

Агартуучу касиетке күрүч уну да ээ. 50 грамм күрүч унуна 30 миллилитр лимон ширесин кошобуз. Масканы 10-15 мүнөт коюу керек, аптасына 2 жолу кайталаса болот.

Алоэ

15 грамм алоэнин жумшак “этине” 15 грамм бал кошобуз. Аралашманы 10 мүнөт бетке коюп, жылуу суу менен жууп салуу керек.

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1127, 11-17-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан