Кой
(21.03–20.04)
Конокко чакыруулар келсе, баш тартпаңыз. Бул пайдалуу тааныштарды жана жаңы ишенимдүү досторду алып келиши мүмкүн. Алдыда сизге жаңы горизонттор ачылат, каржылык абалыңыз жакшырып, бардар турмушта жашап баштайсыз. Жакындарыңыз менен көйгөй жаралат, аны чече албай депрессияга түшүп кетүүдөн карманыңыз. Тынчсыздануу сезими апта бою сиз менен чогуу жүрөт, ал нерсе кылган ишиңизге таасирин тийгизбесин десеңиз, толугу менен өзүңүздү алаксытышыңыз керек.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Ийгилик кушу сиз тарапта болот. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу сатып алуулар ийгиликтүү ишке ашат. Жумуш боюнча жолугушууларда, романтикалык кечелерде жакшы натыйжага жетишесиз. Чыгармачыл букачарлардын эргүүсү ойгонуп, “шедеврлерди” жарата алышат. Баштаган ишиңиз ийгиликтүү болушу үчүн так эрежелерди сакташыңыз керек. Эгер туура эмес, мыйзамсыз иштерден баштап алсаңыз жазага тартылып, аброюңузга терс таасирин тийгизет.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Кумар азгырыктарына туруштук бере албай калышыңыз мүмкүн. Бирөөнү баш-отуңузду жоготуп сүйүп каласыз. Сезимдер алоолоп, сизди шашылыш чечим чыгарууга түртөт. Бирок алдамчы сезимдерге ишенип өзүңүздү капканга түшүрбөңүз. Жан дүйнөңүз өзгөрүүнү каалап жатат, ошол оргуп-ташкан энергияны жаратмандыкка, жаңычылдыкка жумшасаңыз, алда канча пайдалуу иш жасайсыз. Cизди уйгу-туйгу кылган сезимдер кандай бат пайда болсо, ошондой тез унутта калат.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Бул аптада башталган мамилелер олуттуу эмес, жеңил, убактылуу болуп калышы мүмкүн, андыктан абайлаңыз. Айдын аягында болчу жагымдуу окуялар дал ушул жума башталат. Алдыда тандоо жасоо керек болот. Үй-бүлөлүк бакыт же жумуштагы, коомчулуктагы аброюңуз таразага коюлса, жүрөгүңүз каалаган нерсени тандаңыз. Мырзалар жумуштагы көйгөйүн, маанайын үйгө ээрчитип келбегени жакшы, антпесе үй-бүлө мүчөлөрү менен түшүнбөстүктөр жаралат.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Тагдыр сиздин бат реакция кылып, тез убакытта абалдан чыгуу жөндөмүңүздү сынайт. Кандай иш болбосун активдүүлүгүңүздү көрсөтүүгө мажбурлайт. Көптөн бери пландап жүргөн иштериңизден жыйынтык күтпөңүз. Мырзаларда карьералык тепкичтен көтөрүлүп, каржылык абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүгү бар. Айымдар үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөрдү, сырларды туугандарына ачыктабашы керек. Мындан улам түгөйү менен уруш-талаш чыгышы мүмкүн.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Адамдарга кандай мамиле жасасаңыз ошондой мамиле күтүңүз. Андан ашыкча күтүп, капалансаңыз күнөөнү өзүңүздөн издегениңиз туура. Энергия жетишсиздиги байкалат, бул учурда ойлогон нерсеңиз ишке ашпай, бардык тараптан жолдор тосулгандай сезим болот. Жакшы көргөн нерседен ырахат алганды үйрөнүңүз. Ишкердикте өнөктөштөрүңүзгө алданып калууңуз ыктымал, андыктан келишимдердин ар бир пунктунун үтүр-чекитине чейин карап чыгуу зарыл.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Кээде жакындарыңыз жакшы сөзүңүзгө, камкордугуңузга, сиз менен чогуу бир жака чыгып эс алууга муктаж болушат. Уктап жаткан таланттарыңыз ойгонуп, ойго келбеген идеяларды ишке ашырууга белсенесиз. Жаңы нерсени баштап көрүү, өзгөрүүгө умтулуу жакшы, бирок, чектен чыгып, артыңызда таянар эч нерсе жок эле курулай энтузиазм менен иш баштабаңыз. Жеке мамиледе эски таанышыңыз менен жолугуп, аны менен балалык сүйүүңүздү эстеп ностальгия болосуз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Өзүңүзгө болгон ишенимдин көрсөткүчү сизде азыр 100 пайыз. Мындай учурда тайманбай ири долбоорлорду баштасаңыз болот. Ичиңизде түптөлүп калган программа, көрөгөчтүк сезими сизди эч нерседен адаштырбайт. Чаян мырзалардын жеке кызыкчылыгы менен коомдун кызыкчылыгы дал келбей бир топ түйшөлүшү мүмкүн. Чаян айымдар өзүнө бир аз жеңил ойлуу болгонго уруксат бериши керек, сиздин эмоционалдык тосмолоруңузду көбү ашып түшө албашы мүмкүн.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Убактыңызды толугу менен ишкердик жана бизнеске байланышкан маселелерди чечүүгө арнаңыз. Алыска иш сапарлар, инвестиция тартуу, өнөктөштөрдү табуу, келишимдерге кол коюу, адамдарды жараштыруу, уюшумдуулукка үйрөтүү, мына ушулар сиздин башкы ишиңиз болушу керек. Жеке мамиледе өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Айымдар үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөгөндү үйрөнүшү зарыл. Сүйүүсүн издегендер жакын адамын өз чөйрөсүнөн табышат.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Кесип тандоо алдында турган текечерлер жакындарынын, ата-энесинин кеңешин укканы жакшы. Виртуалдык таанышуулар ийгиликтүү болот. Айымдар өзүн таануу, аялдык энергияны өстүрүү билимдерине ээ болууну каалашат. Бардык нерседен аракетиңизге жараша жыйынтык аласыз. Ири сатып алууларды жасаңыз, ал буюм сизге көпкө кызмат кылат. Унаа башкаргандар жол эрежесин бузбай айдап, өзүнө сак болгону жакшы.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү сиз үчүн абдан оор, бирок пайдалуу болот. Дайыма сак жүрүңүз, жаңы иш баштабай туруңуз, алыска сапарларды да кийинкиге жылдырып турганыңыз туура. Жумушта өз позицияңызды коргойм деп жетекчилик менен кер-мур айтышканга туура келет. Кам санабаңыз, бул үчүн сизди жазалашпайт, тескерисинче, чындыкты сүйгөнүңүз бааланат. Өмүрлүк түгөй тандоодо анын ишенимдүүлүгүн, канчалык камкор экенин эң башкы сапка коюңуз.
Балык
(20.02–20.03)
Өзүңүзгө жаңы хобби табыңыз. Бул нерсе сизди олуттуу маселе, көйгөйлөрдөн эс алууга жардам берет. Сүйүүдө сезимталдыгыңыз жардамга келет, түгөйүңүздүн калп айтып же алдап жатканын оңой эле билип аласыз. Таарынышып жүргөн балыктарга эскертүү, түгөйүңүзгө атаандашып, тирешкен болбойт. Эгер жарашууга такыр мүмкүн болбой жатса, өзүңүз үчүн тыныгуу алып “унчукпай коюу” режимин күйгүзүңүз. Бул сиз үчүн жакшы курал болуп берет.