14-июль күнү Ош шаарын аралап аккан Ак-Буура дарыясы ташып, каптаган сел 5 адамдын өмүрүн алып кетти. Албетте, табият кырсыгы эч кимди аяп отурбайт. Болгону ага алдын ала даярдык көрүп, кырсыктын соккусун мүмкүн болушунча азайтууга аракет кылган оң дешет адистер. Ошол аракеттер жетишсиз үчүн оор жоготуулар болуудабы? Эл өзү табият кырсыгына кандай таасир этүүдө? Өлкө боюнча маселе жаратып турган сел, анын табияты боюнча эксперттер айтып беришти.
Статистика сүйлөйт
Быйыл өлкөдө 230дан ашык сел кырсыгы катталып, жалпы 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды. Акыркы кырсык – Ак-Бууранын ташкынын айтсак, сел Оштун борбордук базарын да каптап соодагерлер аз эмес чыгым тартышты. Суммасы такталып жатат. 44 жаштагы аял 3 кызы менен кошо, дагы бир аял селге агып көз жумушту. Шаарда коопсуздук эрежелери сакталбай салынган курулуштар (базар, эс алуу жайлары, имараттар, жеке үйлөр жана башкалар) кайрадан күн тартибине чыкты. Адаттагыдай, эл тарткан зыяны, оор жоготуулары үчүн күйүт тартып үшкүрүп турган маал.
Гүлайым Донбаева, Улуттук илимдер академиясынын Тоо экосистеми лабораториясынын башчысы:
“Мал көбөйүп, топурак кыртышы бузулду”
– Сел – табигый процесс, аны толугу менен токтотуу мүмкүн эмес. Бирок анын кыйраткыч күчүн азайтчу чараларды көрсө болот. Селдин келип чыгышына табигый процесстер жана антропогендик факторлор себеп. Мал чарбачылык, дыйканчылык, багбанчылык, сугат жерлердин абалы, өсүмдүктөргө жасалган мамиле, мунун баары селдин келип чыгышынын өзөгүн түзөт. 90-жылдары турмуш оорлоп дарактар көп кыйылып, жерлер ачык калган, ача туяк малдын саны көбөйдү, жайлоолорго көп мал чыгып топурак кыртышы бузулду. Мына ушулар селдин кыйраткыч күчүнүн жогору болушуна таасир тийгизүүдө.
“Ачык жердин баарына дарак тигиш керек”
– Ош шаарындагы кырсыкка токтоло кетсек, Ак-Бууранын жээгинде мурунтан калктуу пункт жайгашып калган. Кафе-ресторан, чайканалар салынды. Дарыянын жээгиндеги курулуштарда техникалык коопсуздук сакталганбы? Сүрөттөрдү карасак, көпүрөлөрү жапыз, соода түйүндөрү да дарыя жээгине жакын курулуптур. Бул өтө кооптуу, дарыянын жээгин бекемдеп, элдин сууга түздөн-түз жетишине кичине тоскоолдук кылыш керек. Ак-Буурада 30-40 жылдан бери минтип ашып-ташкан эмес, элди да, бийликти да эсине келтире турган окуя болду. Эми сел өткөрүүчү каналдарды, дамбаларды жана чоң агымдагы сууну кармап туруучу ири суу сактагычтарды куруу зарылдыгы келип чыкты. Колдон келсе ачык жерлердин баарына дарак тигиш керек, анткени алардын тамырлары жамгыр суусун жерге бат сиңирип алат.
Анаркүл Султангазиева, эколог: “Алдын алуу иштери дээрлик жүргүзүлгөн жок”
– Ош жана Жалал-Абад облустарынын жер кыртышынын түзүлүшү башка облустардан айырмаланып, топурагы кумдуу жана борпоң болот. Топурактын курамы 20 пайызы чоподон болсо, 80 пайызы саздуу топурактан турат. Мындай типтеги топурактар сууну өзүнө сиңире берет да, оорлошуп, нымдуулукту көтөрө албай калганда ташкындап сел же жер көчкүсү жүрөт. Селдин кесепеттеринин оор болушу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын алуу иштерин жакшы жүргүзбөй жатканынын белгиси. Жагдайды толук изилдеп чыгыш керек болчу. Мына, жакында Ноокатта сел жүрдү, кандай сабак алдык? Көпүрөнүн суу өтчү жагын кең салыш керек, таш, желим дөңгөлөктөр менен тосуп койсок суу көпүрөнүн үстүнө чыгып кетет экен деген сабак алдык. Боом капчыгайында былтыр сел жүргөн жерден быйыл да сел түштү. Бир жерден эки жолу сел жүрүп зыянга учуратканы – бул кырсыктын кесепетин жоюуда толук иш жасалбады дегенди билдирет. Кыргызстан боюнча 300дөй сел жүрчү кооптуу жер бар деп билдиришүүдө. Адам өмүрүнө коркунуч бар экенин көрүп жатышабы, анда дамбаларды, сел буруучу каналдарды курушсун да. Ак үй курганга акча бар да, дамба, каналдарды курганга акча жокпу? Жергиликтүү бийликке ӨКМ алдын ала жасалчу иштердин тизмесин, талдоо, божомолдорун китеп кылып жазып тараткан экен. Алардан “кана, эмне иштер жасалды?” деп талап кылган жан болгон жок. Жергиликтүү бийлик деле алдын алуу иштерин жасап, даярданыш керек эле да. Элге да түшүндүрүү иштерин күчөтүш керек окшойт, кээ бир сел келе турган кооптуу жерде жашагандарды көч десе көчүшпөйт экен. Эл дагы мамлекеттин талабын түшүнүү менен кабыл алганды билсе.
Нуржигит Кадырбеков, депутат: “Алдын албасак, өлкөдө коопсуз аймак калбай калышы мүмкүн”
– 14-июлда сел болгон күнү Оштогу Мады айылында элем. Сел биринчи ошол жактан башталды, 10-15 мүнөт нөшөрлөп жамгыр жаап эле кичинекей арыктар толуп калды. Ноокаттагыдай болбосун деп дароо шаарга кайтсак, Ош-Алай жолун суу каптап унаалар агып жатыптыр, дарактар кулап жатат. Эптеп башка жолдор менен шаарга келсек, шаарда абал андан да оор экен. Өткөндө Кара-Кулжанын Сары-Булак айылында болдум, тургундар өмүрү түшпөгөн жерлерден сел түшө баштады деп жатышат. Көп айылдар коктуда жайгашкан экен да, ал жактан сел түшпөйт деген кепилдик жок.
Эми абалды дыкат талдап, сел түшө турган кооптуу жерлерди аныктап, олуттуу иштерди кылбасак сел биздин өлкөнүн чоң көйгөйүнө айланып калчудай. Селдин айынан канча курулуштар жок болуп кетти. Тосмолорду, каналдарды курбасак болбойт, башка курулуштар токтосо токтоп турсун, бирок кырсыктын алдын алчу чараларды көрүү азыр актуалдуу болуп турат. Чоң айылдарды дарыялар жеп, жашоочулардын турак жайына жакындап келе жатыптыр. Комплекстүү иш-чараларды кылбасак, Кыргызстанда коопсуз аймак калбай калат. Какырап кургап турган жерден деле сел жүрүп жатыптыр, бул биз үчүн коңгуроо. Табияттан алчубузду алып, бирок бергенди, аяр мамиле кылганды билбей жатабыз.
Селден кантип коргонуу керек?
• Куткаруучулардын кеңешин угуңуз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүшү мүмкүн экенин алдын ала эскертет. Аны көз жаздымда калтырбаңыз.
• Алгач үйдөгү электр энергиясын, сууну, газды өчүрүңүз. Жарылып кетчү заттарды жер төлөгө киргизип койгон туура.
• Нөшөрлүү жаанда музыканын үнүн азайтып, кулакчындарды өчүрүп турган жакшы, болбосо келе жаткан селдин добушун укпай калуу коркунучу бар.
• Шектүү ызы-чуу байкалса дароо бийигирээк жерге чыгып кетүү керек. Ичкенге суу, азык-түлүк алып алганыңыз жакшы, жардам жакында келбей калышы мүмкүн.
• Бак-дарактарга же үйдүн чатырына чыкпаңыз, бул кооптуу.
• Сел токтогондо дароо кооптуу жерге жетип барган болбойт. Сел аралыгы 10 мүнөттөн 10 саатка чейин 2-3 толкун менен келиши мүмкүн.
Сел деген эмне?
Сел – ылдамдыгы секундуна 2 метрден 10 метрге чейин жеткен, суу, топурак аралашкан ылайкаланган агым. Анын 50-60 пайызы таш-топурак шилендилери болсо, 40-50 пайызы суудан турат.
Селдин 3 түрү бар
• Суу менен шагыл-таш аралашкан агым
• Суу менен топурак аралашкан баткактуу агым
• Суу агымы өзү эле
Ошондой эле...
Селдин негизги себеби – жамгыр жааганда жер кыртышы сууну сиңирип жетишпей калат да, суу агымы жаралат. Кыргызстанда тоодогу көлдөрдүн табигый байламтаны жырып кетишинен Ысык-Ата (1952-жылы), Ала-Арча (1953-жылы) капчыгайларында, Кичи Алай кырка тоолорунда (1966-жылы) сел жүргөн.
Лунара Бекиева