Дайыр Исмадияров: “Керексиз көп адамды жашоомдон чийдим”

– Куш келсипсиз Дайыр! Социалдык желедеги баракчаңызга байкоо салсак, туулган күнүңүздө жакындарыңыз сизди “33 жашың менен” деп куттуктап жатышты. Эмнеге 38 эмес, 33 жаш?

– Кош келдик, рахмат! Сиз мени капа кылып жатасыз, мага башкалар 23 жаш берип жатышат, чынында. Негизи “сенин денең, жан дүйнөң сезген жашта жаша” деп коюшат эмеспи. Паспорт боюнча, туулган жылым 1986-жыл, келбетим 1996-жылкыдай, жан дүйнөмдө өзүмдү 2006-жылкыдай сезем. Кайсы курактагы Дайыр менен сүйлөшкүңөр келип жатса кайрыла бергиле (күлүп).

– Өзүн кайсы куракта болсо да мыкты сезген Дайыр менен сүйлөшөлү. Туулган күн кандай өттү? Жылаңач куурчак менен бийлеп эле жүрдүңүз анан...

– Негизи 2-3 жылдан бери туулган күн өткөрө элек болчумун. Жыл өткөн сайын шаан-шөкөттү каалабай калат экенсиң, же жөн эле позитивге алдана бербейин деп калдымбы, билбейм. Жай айында Ысык-Көлгө кетип калчумун. Бул жолу чакан командам күтүлбөгөн жерден эле туулган күнүңдү өткөрөбүз деп уюштуруп салышты. Айтылбай турган көп сюрприздер болду. 18+ куттуктоону айтып берейинчи. Майрам башталганда эле “За деньги да” деген ырдын коштоосунда бир кыз кирип келди. Жаныма келип эле чечинип, “мени кармала” десе, кирерге тешик таппай калдым. Жаныңда жакындарың, бир туугандарың болсо жаман ыңгайсыз болот экенсиң. Ой-боюма койбой кармалатып, мен уялып... Куурчак болсо деле, бизде менталитет деген бар да. Эгер башка улуттан болсом өзүм кошо чечинип бийлеп кетмекмин, балким.

– 38ге чыгып жашоодо эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?

– Бул куракта турмуштук тажрыйба топтоп көрөгөч боло баштайсың. Жаныңда ким кандай максат, кызыкчылык менен жүрөт, алар сенден эмнени каалашат, сен аларга эмнени бере аласың, баарын билесиң. Адамдар менен болгон мамилеңди талдап, айырмалап, керексизин чийип, алардын ордун жаңы достор менен толуктаган учур болот. Мен көп адамдарды чөйрөмдөн тазаладым, керексиздерин жашоомдон чийдим. Достуктун деле мөөнөтү болот окшойт. Кызыкчылыктар, көз караштар дал келбей калганда алыстап баштайт экенсиң. Тапкан, жоготкон адамдарымдын баары мага чоң турмуштук сабак берип кетишти.

– Ырчылыктан оолактап, блогерликке ыктап кеттиңиз окшойт?

– Мээнет кылып ыр жаздырып, клип тарттырып, аны социалдык желеге жүктөсөң көрүлбөй, жакты белгисисиз калышы мүмкүн. Ал эми трэнд видеону туурап жүктөп койсоң миллиондогон кароолорду топтоп жатпайбы. Анан таарынып “мен эмнеге убара болуп кыйналып жүрөм, элге башкача видеолор жагып жатса” дейсиң да. Менин баракчамды казактар, өзбектер көп карап жатышат, 5-10 миллиондук кароолорду да ошолор көрүп жатышат. Социалдык желенин өнүккөнү жакшы болду, бизге эл аралык деңгээлде таанылууга жардам берип жатат. Ал эми чыгармачылыктан эмнеге оолактап кеттим? Буга чейинки маектеримде айтсам керек, менде 2-3 жыл чыгармачылык кризис болду. Эми кайра ыр жаздыра баштадым. Зари деген ырчы кыз экөөбүз жаңы дуэт ырдадык. Августта, буюрса, клип тартабыз.

– “Чоочун киши-2” сериалында роль аткарганыңызды кыскача видеолордон көрүп калдык эле?

– Ооба, аталган сериалды тартуу иштерин уюштуруп жүргөн Сүйүн Откеев менен жакшы мамиледемин. Бир күнү экөөбүз сүйлөшүп отуруп “мени деле бир эпизодго кошуп тартып коюңузчу” деп тамашалап койгом. “Эмне, тасмадан бир жолу чуркап өтүп кеткен кадрга кошуп коёюнбу?” дейт. “Жок, отурган эпизодго тартыңыз” десем, дал мен суранган каармандын ролунда эпиозоддук ролго тартты. Анда да кыргыз эмес, корей улутундагы каармандын образында болдум. Негизи өзүм акыркы күндөрү кыргыз кинолорун көп көрө баштадым, мурун жабык көрсөтүүлөргө чакыруу менен гана барсам, азыр акча төлөп кинотеатрга барып көргөн жагат. Кээде жалгыз кино көрүп отуруп ыйлаган адат таап алдым. Бул да картайгандын белгисиби деп коём.

– Акыркы 10 жылдагы жашооңузду кыскача сүрөттөп бере аласызбы?

– Акыркы 10 жылдык жашоом “американская горкадай” эле өттү. Бирде көтөрүлсөм, кайра ылдый түшүп жатып көп сыноолорду баштан кечирдим. Депрессияга түшүп 65 килограмга чейин арыктап кеттим, үй-бүлөдө каржылык бир топ кыйынчылыктар болду. Андай учурда чыгармачылык эң акыркы орунда туруп калат экен. Каржылык кризис жаман тура, жаныңдан сыйпалап эч кимди таппай каласың го. Көбү  ушундай учурда өз өмүрүнө кол салып жиберишет экен. Бирок мен баарын кайрадан нөлдөн баштап бутка туруп кеттим. Жакындарым, бир туугандарым бар экен, кыйын абалдан чогуу чыктык.

– Үй-бүлөңүз тууралуу сурагым келип турат?

– Ушул теманы азырынча коё туралычы. Жакшы жаңылыктарым бар, буюрса, убакыт-сааты келгенде айтам. Гезитке “Биз жараштык” деген тема менен маек берип каларбыз.

– Эмоционалдуусузбу, муштум менен маселе чечип көргөнсүзбү?

– Эмоционалдуумун, мени тоготпой, текеберленгендерди кээде бир чапкым келет, бирок кой деп өзүмдү токтотуп калам. Бизде “кокуй, балдарды урбаш керек” деп бирөөлөрдүн баланы урганын видеого, камерага тартып жарыялап, аны элдин тепкисине салып берүү мода болуп калбадыбы. Мен, мисалы, үй-бүлөмдө, мектепте таяк жеп эле чоңойгон баламын, андан кемсинип же өксүк болуп калган жерим жок. Тескерисинче, турмушка эрте быштым. Турмуш таяктаганда мугалимдин, ата-эненин таягы эч нерсе болбой калат. Мисалы, кичинемде “үй жыйнабайм” десем эжем өзөртө тээп чалчу. Байкем “тойго барбайсың” деп көк ала кылып сабаган учурлар болгон. Мен аларды жаман көрүп калган жокмун да, ортобузда агалык, эжелик сый мамилебиз сонун бойдон калды.

– Алсыз жагыңыз барбы?

– Ишенчээктигим алсыздыгым деп ойлойм. Бир эле адам мени 2-3 жолу алдап кеткен учурлар болгон. Бирок адамдарга кайра-кайра ишене берген адатымды таштай албай койдум.

– Кандай хейттер жакпайт?

– Хейттин жакшысы болчу беле (күлүп). Бардык эле хейттер жакпайт. Хейтер жазчусун жазат да, унутуп калат, а сен бул жакта кечке ойлонуп жүрөгүң тызылдап жүрөт.

– Спорт менен жакшы доссузбу?

– Жок, дос боло албай урушуп жүрөм. Мурун спорт залга, бассейнге барчумун, үйүмдө велотренажёрум бар эле. Азыр тамакты эле тыйып калдым. Учурдагы формам өзүмө жагып турат.

– Эрте турасызбы?

– “Эртең менен турам, саат баланчада тамактанам” деген коуч, мотиваторлорго такыр ишенбейм. Мен эртең менен туруп 2 саат телефон чукулап жатам. Түштө туруп түнкү 12лерде жатышым мүмкүн.

– “Эч качан жасабайм” деген нерсени жасаган учур болгонбу?

– Жаш кезде текеберленип айта берет экенсиң. Турмуш чокуга бир койгондо баягы жасабайм деген нерсеңди да жасайсың. “Ат баспайм деген жерин миң басат” дейт го, ошол чын экен, бул жашоодо эч нерсеге таң калбаш керек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1128, 18-24-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан