Үстүбүздөгү жылдын 7-июль күнү 25 жаштагы Айтурган Маматкулова аттуу келин Бишкектеги №4 клиникалык ооруканада көз жумду. Коомчулукта бул окуя үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, кайын журттун келинге басымы деп бааланып талкуу жаратты. Жаш келиндин кайын журту Айтурганды “дары ичип өз өмүрүн кыйды” дешсе, келиндин ата-энеси буга макул эмес. Алар кызынын өлүмүнө анын жолдошун жана кайын журтун күнөөлөшүүдө.
Гүлшайыр Сеитова, Айтургандын апасы: “Кой, кызым, жарашпай тур, күйөөң баңгиликтен арылсын дегем”
- Айтурган абдан жароокер, боорукер, илим-билимге умтулган кыз эле. Медициналык окуу жайда ординатурада окуп жаткан. Кичинесинен эмгекке үйрөндү. Окуусунун келишим акысын да өзү төлөп койчу. Бош отура алчу эмес, дүкөндө сатуучу, кафеде официант болуп да иштеди, жайкы каникулда Германияга келишим менен барып кулпунай терип киреше тапкан учурлары болгон. Өзүн каржыламак турсун бизди кошо багып, “апам кышында от жагып кыйналбасын” деп 100 миң сомго үйүбүзгө газ киргизип берген. Айтургандын кыз узатуу тою 2023-жылдын 7-июлунда болгон, куда тарап чоң тойду 13-июлда беришкен. Минтип 1 жылга жетпей ак көйнөк менен узаткан кызымды ак кепиндеп отуруп калдык. Айтурган күйөөсү менен урушуп, ал кол көтөрүп жүргөнүн мага башында такыр айтчу эмес. Биз 2023-жылдын 31-декабрында билдик. Ошол күнү кызым күйөөсү Тилек менен урушуп кетет. Кызым өзү медик да, күйөө балама “дагы чегип алыпсың” десе, ал уруш чыгарып, автоунаадан жерге түшүрүп сабап, көчөдө калтырып кетип калыптыр. Ошондо талаада калганда кызым бизге чалып ыйлаган. Кызымды үйгө алып келе бердим. Артынан кайнатасы келди алып кетем деп, жолдошу келди, биз кызыбызды берген жокпуз. Баңги баланын келечеги жок да, кантип жашайт аны менен? Күйөөсү тынчтык бербей улам-улам кызыма чалып жатты, бир күнү “буюмдарыңды алып кет, менин үйүмдө турбасын, болбосо көчөгө чыгарып таштайм” дептир. Ошондо келиним менен барып кызымдын себин алып келгенбиз. Барсам кудагыйым ыйлады, мен “ыйлабаңыз, андан көрө баңги балаңарды дарылагыла, жакшы болуп кетсе жарашып калар” деп айткам. Марттын аяктаарында Айтурган "апа, Тилек менен жарашып жатам, аябай жакшы бала" деп ар кайсыны айтты. Менин энелик жүрөгүм сезген, “кой, кызым, жарашпай тур, адегенде дарыланып, баңгиликтен арылсын” деген элем. Тилек улам тынчтык бербей жазып, чалып жатып кызым менен жарашып алды.
“Кайнатасы айткандардын баары калп”
- Кечээ Тилектин атасы маек бериптир. Кылмыш бул жакта калып эле, кыздын себин, кызым менен баласынын телефондон жазышкандарын айтып отурат. Мен өмүрүмдө кызым менен антип жазышпайм. Мени “септи бербей, ордуна 100 миң сом сурады” дегени карандай калп. Кызыгы, ал жазышууларды кайнатасы каяктан алган? Кызымдын да, күйөө баланын да телефону тергөөчүлөрдө болчу, бул киши аны каяктан таап скриндеп жүрөт? Кудам өмүр бою адвокат болуп иштеген киши, мамлекеттик кызматтарда, органдарда иштеген тааныш-билиштери көп. Ошол кадырына салып баласын суудан кургак чыгарып кетем деп ойлоп жатат. Айтургандын ишин аягына чыгарыш керек, акыйкат орносун деп артымда эл-журт турат, мен ошолордун суранычы менен бул ишти аягына чыгарам. Кайсы эне кызына атаган септи бербей, кызынан акча сурасын айткылачы (ыйлап). Кызым ал зөөкүр менен жашап кетерине көзүм жеткен жок, септи ошого бербей жаткам. Куда тарап абдан майдачыл адамдар экени башында эле билинген, “сепке тигини, муну алып бересиң” деп мажбурлап, 3 бөлмө үйүн толтуртуп алышкан. Азыр деле кампада турат, кызыма буюрбаган сеп мага буюрмак беле.
“Кайнежеси сабап жүргөнүн кийин билдим”
- Кызым күйөөсү Тилекке турмушка чыкканда эле бир айдан кийин кайын журту Тараз шаарына, кайнежеси менен иштегенге жиберишти. Тилек үйдүн кенжеси эле, ата-энеси колунда алып калса деле болот болчу жаш үй-бүлөнү иштетип эки жакка тентитпей. Интернетке тараган видеолордон көрсөңөр керек, Айтурганга кайнежеси кулдай эле мамиле кылып, дүкөнүндө иштетип жүргөн. “Үй жыйнасам да, идиш жуусам да кайнежем карап текшерип турат, аябай тажадым” деп курбуларына айтчу экен. Бир жолу кайнежеси сабап, паспортун алып койгонун жеңесине айтыптыр. Байкуш кызым кайын-журттун кордугун аябай көрүптүр, биз билсек эчак алып келип алмакпыз. 7-июль түнү №4 клиникалык ооруканага түшүп эртең менен саат 04:00дө көз жумуптур. Бирок бизге саат 10дө кабарлашты. Кызым менен күйөө балам түнөгөн мейманканага да бардык, алар чогуу кирип, экөө чогуу чыгып кетишкен дешти. Тилектин “Айтурган өзүн жаман сезе баштаганда “Тез жардам” чакырып, мейманканадан укол сайдырдык” дегени калп болуп жатат. Кызым өз өмүрүнө кол салбайт болчу, “апа, курбуларымдын баары төрөдү. Мен да төрөп алайын, гинекологго барып дарыланып жатам” деген. Өлгүсү келсе 70 даана дарыны ичип отурбайт эле. Күйөөсү чегип алып, экөө урушуп кеткенде талуу жерине чаап жиберген деп ойлойм. Кызым дарыны өзү ичип өлсө да, аны ушул абалга жеткиришкен. Айтурган үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болду, менин кызымдай болгон башка кыргыз кыздары да кордолбосун, зөөкүрлөр жазасыз калбашы үчүн бул иштин аягына чыгууга аракет кылам.
Маркумдун кайнатасы айыптоолорду четке какты
Окуя боюнча маркум Айтургандын кайнатасы Наркул Абдуллаев блогерлердин бирине маек берип, анда кудагыйынын айыптоолорун четке каккан. Ал келини менен баласы эки айга жетпеген убак эле чогуу алар менен жашаганын, кудагыйы Айтургандын себин алып кетип “100 миң сом берсең алып келип берем” деп айтканын билдирген. Ошондой эле маркумдун кайнатасы “Айтурган “апам мени үйдөн кууп чыкты” деген” деп телефондогу жазышууларды далил катары көрсөтүүдө. Мындан улам коомчулукта “келиндин кайын журту окуяны башка өңүткө бурууга аракет кылып жатабы?” деген суроолор жаралууда. Башкы прокуратура аталган окуяны көзөмөлдөп жатканын билдирди. Укук коргоочулар, жарандык коом Айтурган Маматкулованын өлүмү так иликтенип, күнөөлүүлөр мыйзам алдында жооп бериши керек, болбосо аялдарды кордогон окуялар түгөбөйт деп коңгуроо кагышууда.
Лунара Бекиева