Садыр Жапаров: “Мүрзөгө эстелик коюу кыргыздын салтында жок”
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды мүрзөгө таш жана темирден эстелик орнотууну токтотууга чакырды. “Эстелик коюуга тыюу салуу каада-салтка каршы келет” деген сындарга да жооп берди.
– Биздин өлкөдө саясатчылардын эки түрү бар. Биринчиси – популисттер, алар шайлоодон шайлоого чейин гана жашашат. Резонанстуу маселе жаралса эле бийликти сындап, элге күйгөндөй түр көрсөтө калышат. Анткени кийинки шайлоодо “эсиңердеби, мен минтип каршы чыккам” деши керек да. Экинчиси – мамлекетчил саясатчылар. Алар чечим канчалык оор болбосун, электораты канчалык каршы чыкпасын мамлекетке пайдалуу маселе болсо эч нерсеге карабай кабыл алып кете беришет. Биз саясатчылардын ушул түрүнө киребиз. Өлкө кызыкчылыгы үчүн ишти алдыга жылдырып кете беребиз, бааны тарых берет ,- дейт президент.
Маркумдарды ыраазы кылыш үчүн мүрзөгө таш-темирден эстелик орнотуу жардам бере албайт, аларга куран окуу жетиштүү деген пикирде ажо.
Садыр Жапаров Кыргызстандын 94 пайызын тоолор, 6 пайызын гана түз жерлер түзөрүн айтат. "Түз жерлер улам азайып баратат, мүрзөлөргө эстелик коюу жерлерди ого бетер тарытат, бүгүнкү күндү гана эмес, мындан 40-50 жыл кийинкини да ойлонуу зарыл" дейт ал.
1-класска кирүүгө 105 миң бала катталды
Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинен 16-июлуна чейин мектепке 1-класска кирүүгө электрондук форматта
105 517 бала каттоого алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Анын ичинен Ош облусунда 19 126 бала, Жалал-Абадда 18 965 бала, Чүйдө 17 590 бала, Баткенде 10 388 бала, Ысык-Көлдө 8182 бала, Нарында 4805 бала, Таласта 4372 бала, Бишкекте 15 993 бала, Ош шаарында 6096 бала кабыл алынды.
Азыркы тапта 6-7 жаштагы балдарды жашаган жери боюнча 1-класска онлайн каттоо уланып жатат. Каттоо 30-августка чейин уланат. Баланы ата-энеси же алардын мыйзамдуу өкүлү каттата алат.
Маалымат үчүн: 2023-2024-окуу жылында Кыргызстанда 154 миңден ашык бала 1-класска барган. Мектептерде жалпы 1,4 миллиондой окуучу билим алды. Расмий маалымат боюнча, өлкөдө 2350 мектеп, 80 миңден ашык мугалим бар. Мугалимдердин орточо айлыгы быйыл 27 миң сом деп көрсөтүлдү. Буга чейин билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда билим берүүнүн стандарттары өзгөртүлөрүн, 2024-жылдын сентябрынан тарта педагогдордун кесипкөйлүк деңгээлин аныктоо үчүн тесттер уюштуруларын, анын алкагында мыкты мугалимдердин маянасы 20 миңден 120 миң сомго чейин жетиши мүмкүн экенин айткан эле.
Камчыбек Ташиевдин бажасы кылмышка шектелип кармалды
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы ири алдамчылыкка шектелип кармалды. Маалыматты УКМКнын маалымат кызматы ырастады. Ташиевдин бажасы түркиялык жаран менен бирге жергиликтүү тургунду ири суммадагы акчага алдаган деп айыпталууда.
– Тергөөнүн жүрүшүндө А.Т.О. аттуу жаран түркиялык А.С. деген жаран менен макулдашып алып, жергиликтүү ишкерлердин биринен ири суммада акча алган. Жыйынтыгында ишкер УКМКга арыз менен кайрылды. Туугандык жакын мамилеси болгонуна карабай УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев объективдүү иликтөө жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдүн аракеттерине укуктук баа берүү тапшырмасын берген. Иликтөө иштеринин алкагында жогоруда аталган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда жабырлануучуга компенсация төлөп берүү чаралары көрүлүүдө,- деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.
Дагы бир ири алдамчылыкка шектелип президент Садыр Жапаровдун аталаш тууганы Улан Жапаров кайрадан кармалганын 17-июлда Биринчи Май райондук соту ырастады. Шектүү 19-августка чейин камакка алынды.
Эскерте кетсек, Улан Жапаров 2023-жылы да кармалып, 3 айдан кийин үй камагына чыгарылган эле.
Арстан Алайдын өлүмү: Айыпталгандардын бири тергөө маалында каза болду
Коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өлүмү боюнча айыпталып жаткан 5 адамдын бири тергөө маалында каза тапты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. №31 жаза өтөө мекемесинин кызматкерлери Арстан Алайдын өз өмүрүнө кол салышына мүмкүнчүлүк берип коюшкан, кызматтык милдеттерин аткарууда шалаакылык кылышкан, мыйзамдарды, түзөтүү мекемесинин ички тартибин бузушкан деп айыпталышууда. Азыркы тапта тергөө аяктап, кылмыш ишинин материалдары Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Соттук териштирүүлөр улантылып жатат.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 5-январында Арстан Алайдын абактан каза тапканы маалымдалган. Жактоочу Кайсын Абакиров Башкы прокуратурадан аталган окуя боюнча иликтөө жүргүзүүнү өтүнгөн. Көп өтпөй Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Арстан Алай өз өмүрүнө кол салып каза болгонун жарыялаган.
Арстан Алай кыргыз коомчулугуна коомдук ишмер катары, “кыш болбойт” деген популярдуу фразасы менен белгилүү экенин айта кетели.