(Башталышы өткөн сандарда)
... Бул жолу өтө этият болосуңар, Кыргызстандын атайын кызматы азыр аябай жинденип калган. Кымындай нерсе билинсе, сени тытып жеп коюшат. Өзүң билесиң, булардын адамдары илгерки КГБнын системасы боюнча даярдалышат. Ошого план кичине өзгөрдү, эми президент кол салуудан эмес, бир кокустуктан улам өлүшү керек. Бул иш сенин колуңдан келбейт, бир адам бар, ошол менен иштейсиң. Сенин милдетиң ошол адамдын тап деген нерсесин таап, жаса дегенин жасап, кыскасы, ага колуңдан келген жардамыңды бересиң. Бизден да мүмкүн болгон жардамдын баары болот. Кыргызстандын президенттик аппаратында бизге иштеген адамдар бар, каалаган маалыматты ала алабыз. Эмне керек болсо дароо бизге байланышка чык. Бир ай, ашып кетсе бир жарым ай гана убакыт бар сенде. Эгер бул жолу да ишти аткара албасаң, анда офисте документ иштери менен гана отуруп каласың, же бир алыскы аймакка жөнөтүшөт да, ошол жерде картаясың. Башка шанс берилбейт, өзүң жакшы билесиң, мен ортого түшүп жатып сага дагы бир мүмкүнчүлүк берилди.
– Рахмат ишеничиңизге, бул жолу өлсөм да аткарам, ишти аягына чыгарам. Жанагы адам ким? Ал мага кандай жардам бере алат?
– Сенин аткарбагандан башка жолуң да жок. Макул, убактым аз. Почтаңа жөнөтөм тиги адамдын сүрөтүн жана башка маалыматты. Бир да жолу иши ийгиликсиз болуп калган эмес. Ал бизде иштебейт, керек болгондо гана чакырып турабыз. Анын кызматы үчүн өтө чоң сумма төлөйбүз. Ошондуктан ойлон, эгер акча талаага кетсе, карьераң бүттү деп эсептей бер. Сенин корко турган эч нерсең жок, сен жөнүндө эч кимде, эч бир мамлекеттин атайын кызматында маалымат жок. Ошол үчүн сага тапшырылып жатат бул иш.
– Түшүндүм.
– Бир жумадан кийин Ысык-Көлдөн жолугасыңар, экөөң эки жактан барсаңар силерге эч ким деле көңүл бурбайт. Сен жазуучусуң, ал журналист. Август айында эки жактан барган эл көп болот. Калган ишти экөөң бүтүрөсүңөр. Болду, сөз бүттү.
Индус коштошкон да жок, чекесин тырыштырып, саатынын боосун кармалаган боюнча чыгып кетти.
ххх
Бир жумадан кийин.
Быйыл Ысык-Көлдө күн башкача ысык, куйкалайт тим эле. Суудан чыккың келбейт.
Саат он бирден баштап күнгө дегеле чыккың келбейт. Быйылкы эс алганы келгендерге абдан эле жагымдуу аба ырайы болуп жатканы көрүнүп турат. Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатынын люкс номеринде эки адам отурду. Бири Либер эле, шортик жана жука “гавайи” көйнөкчөн, күндөн коргоочу көз айнегин төшүнө илип алган.
Экинчиси арык, бою узун, бир аз бүкүрөйгөн, мурду шуштуйган, чоң көз айнек таккан, таз, кыскасы, бир “ботаник” адам эле. Ал дагы майка-шортикчен. Бул адамды Либер биринчи көргөндө күлкүсү келген. Өзүнө чоң келген бырышкан костюм кийип, колуна эскилиги жеткен кара булгаары сумка көтөрүп алган эле, үнү да аялдардыкындай ичке болчу.
Бул адамды баары “Гомер” деп аташчу, өзү “грекмин” дечү, туулган жери белгисиз, дегеле мунун ким экенин эч ким толук билчү эмес, чынында. Эч жерде ал жөнүндө кенен маалымат жок болчу. Анын кызматынан Европанын атактуу саясатчылары, көп мамлекеттердин жашыруун кызматтары, жадакалса мафиялар пайдаланышчу. Аналитикалык ой жүгүртүүсү өтө мыкты адам эле. Ошого жараша кызматы да өтө кымбат бааланат.
Сөздү Гомер баштады:
– Биринчиден, мен Никола Пельскимин, Польшадан болом, бир гезитте журналистмин. Кыргызстандын тарыхый, ыйык жерлерин изилдегени келгем. Сен жазуучусуң, жаш балдардын журналына аңгеме жазасың, атың Михаил, Литвадансың. Эс алганы келгенсиң бул жакка. Болду, бири-бирибиз тууралуу башка эч нерсе билбейбиз. Экинчиден, мага кылар ишибизди толук, эч нерсесин калтырбай айтып бересиң. Өткөнкү кылган ишиңерди уктум, ага токтолбой азыркы кылар ишибизди гана сүйлө.
Сыртынан жоош, момойгон адам көрүнгөнү менен, Гомердин көзү жыландын көзүндөй суук экен. Башында “бул аялга окшогон неменин колунан эмне келет” деп теңсинбей отурган Либер шашып калды.
– Кылар ишибиздин түпкү максаты – Орто Азияда күзгө чейин тополоң чыгаруу. Ал үчүн Кыргызстандын президентин кокусунан өлдү кылыш керек, ушуну менен менин ишим бүтөт бул жерде.
– Кокусунан өлсө кандай тополоң чыгышы мүмкүн?
– Башка эч нерсе айта албайм. Калганы мен үчүн дагы караңгы.
Гомер ручкасын тиштегилеп, башын бир капталына кыйшайтып бир азга ойлонуп калды. Маал-маалда мурдунун учун чымчып коймой адаты бар экен.
– Түшүнүктүү, анда мага президенттин өмүр баянын, ийне-жибине чейин таап келесиң. Алдыдагы бир жарым айдын ичинде Кыргызстандын каерине барат, Бишкектин каеринде болот, аны да бил. Президент тууралуу видеолорду да таап келесиң. Канча убакыт керек?
– Ээ, билбейм, беш-алты күн керек болот го.
– Жок, мындай мамиле болбойт. Бул иште тактык керек, так айт, качан таап келесиң? Менимче, төрт күн жетет. Кыргыздар жөнүндө көп эле маалымат алдым, жоош, алдаса боло турган эл окшойт. Болгон маалыматты телефондун флешкасына көчүрүп даярдап кой. Мен кеттим, төрт күндөн кийин саат үчтө жээктеги чечинип-кийинүүчү кабиналардын биринчисине, отургучтун түбүнө жармаштырып бекитип кой. Эгер жетишпей калсаң отургучка маркер менен үч бурчтук тартып кой, мен издеп убара болбоюн. Саат үчтөн он беш мүнөт өткөндө алып кетем. Айткандарым толук келет деп үмүттөнөм, эгер бир аз эле кынтык кетсе, ушул болбогон ишти аткара албасаң, анда экөөбүзгө коштошууга туура келет. Түшүндүңбү?
– Түшүндүм, түшүндүм.
Либер башын жерге салып алып, атайын кызматтын адамы эмес, мугалимден уруш уккан окуучуга окшошуп турду.
– Мындан ары экөөбүз жолукпайбыз. Эгер зарыл сөзүң болуп калса ресторандын ажатканасынын туткасына маркер менен кичине чекит коюп кой. Өзүм чалам, зарыл болбосо мени издебе, чалба. Керек болуп калсаң мен чалып үч жолу “гудок” берем. Бир сааттан кийин ошол ажаткананын унитазынын “бочогунун” капкагына флешка жармаштырып коём, ошол флешкада баары жазылган болот. Макул, мен кеттим.
Либер узатып коёюн деп ордунан турмакчы болду эле, Гомер колун жаңсап “узатпа, отура бер” деген белги берди да, чыгып кетти. Сыртка чыгып көлдүн жээгинде көпкө чейин басып жүрдү да, адам жок ээн жерге барганда бирөөгө телефон чалды:
– Мага бир жумага бир адам керек. Либердин артынан аңдыган адам бар же жок экенин билип бериши керек. Мен бир жумадан кийин чалам,- деп телефонду өчүрүп, пансионаттагы номерине кирип кетти.
Либер бир оор үшкүрүнүп алып кийинди да, портьеге бөлмөнүн ачкычын тапшырып коюп Бишкекке жөнөдү.
Төрт күндөн кийин саат үчтө Гомер флешканы дайындаган жеринен таап, бөлмөсүнө кирип кетти. Эки сутка эч жакка чыкпай, жадакалса тамакты да номерге алдырып жеп, президент жөнүндө бардык маалыматты изилдеп, бир чоң альбомго бир нерселерди жазып, түшүнүксүз бир схемаларды чийип жатты. Интернеттен Кыргызстандын, Бишкектин спутниктен тартылган картасын изилдеп, айтор, эки күн тынбады.
Үчүнчү күнү Либерге “бир жумадан кийин келем” деп сүйлөшүлгөн жерге кабар калтырып коюп Бишкекке кетти. Кетерде бөлмөсүнүн эшигине, терезесине, шкафка жана башка эмеректерге билинбей турган кылып кыл жармаштырып койду. Эгер бирөө кире турган болсо кыл үзүлүп калышы керек. Буюмдар кандай турганын бүт сүрөткө тартып алды, бирөө жарымы ордунан жылса билинип калат...
(Уландысы кийинки санда)