Белгилүү инсандардан көп жолу маек алып, бир окшоштукту байкадым. Апасы тууралуу сөз кылганда баары толкунданат, сыймыктануу менен сөз кылышат ал кишини... Анткени эне – ыйык. Бул жолу режиссёр, актёр Бакыт Мукул апасы жөнүндө баяндайт.
“84 жаштагы апам азыр деле ырдап калат”
– Апам быйыл 84 жашка чыкты, аты Алтын. Тогуз бала төрөгөн, азыр тогузу тең тегеректеп жанында жүрөбүз. Андан мурун эки бала төрөп, бирок кичине кезинде чарчап калыптыр. Атам менен апам эки коктуда жайгашкан эки айылдан болушат, кийин алар биригип бир айыл болуп калган. Атам абдан жакшы окуган, тың, кара каш, кара көз сулуу киши болгон. Тентегирээк да жагы бар окшойт, “ушул көчөдөн эч кимиң баспайсыңар” деп тыйып, айыдаштарды бастырбай койгон учурлары болуптур (күлүп). Апам экөө сүйлөшүп жүрүшкөндө атам бир күнү дүкөндө иштеген эжесине ээрчитип келип көрсөтөт. “Кандай кыз экен?” десе, эжеси “жакшы кыз экен” деп жактырган экен. Ошентип экөө үйлөнүп калат. Атам Маданият үйүнүн жетекчиси болгон, апам да ырдап, экөө чогуу иштешип калган учуру дагы бар. Апам өзү жакшы ырдайт. Азыр деле көңүлү келгенде аккордеон менен ырдап коёт.
“Кайын эненин баары Алтын ападай болсо дешет”
– Апамдын мүнөзү элдикинен башкача. Атам жанагыдай тентек болсо, апам жоош, кишиге кымындай жамандыгы жок, атына заты жарашкан алтын киши. Биз эле эмес, бүт айыл Алтын апа деп жакшы көрүшөт. Айылда “кайын эненин баары эле Алтын ападай болсо кана” деп арман кылышат. Анткени келинди кызмат кылдырып, өйдөсүнүп, кыйын боло берген кайын энелерге кирбейт. “Башка үй-бүлөдөн келди” деп абдан жакшы карайт. Апамдын 7 уул, эки кызы бар да. Келиндери апам менен укмуш тамашалашат, келин менен кайнене негизи тамашалашпайт го. Кээ бири айтышат экен, “Мукулдун эки келини бир үйдө жашайт” деп. Чынында, эки инимдин эки башка үйү бар. Бирок болбой эле биригип алышат, анткени апамды көрбөй тура алышпайт. Ошол айылдагы эки инимдин акчасы, тиричилиги да кошулуп кеткен (күлүп). Кээде апамды шаарга алып келе берсек, айылдагылар аркасынан эле жетип келишет сагынып, эки келини ыйлап учурашышат тим эле.
“Баарыбызга мээрим жеткирди”
- Апам көп балалуу болгону менен мээримди баарыбызга жеткирди. Анткени дайым үйдө, балдар менен болду да. Азыркы муундун оорусу бар азыр, жалгы баласы болсо да ошону сүйүүгө, мээримге тойгуза алышпайт. Анткени төрөй калып эле бакчага берип, иштеп кетип жатышпайбы, ошого балада өксүк калып калат. Азыр апама баарыбыз топурап барсак 60-70 болуп кетебиз. “Эй, айланайын Алтын, ушул неберелериңден башың айланып кеткен жокпу? Өтө эле ызы–чуу экен” дешет кээде айылдагылар. Апам болсо “ошол ызы–чуудан ырахат алам” деп турат. Чынында апам тентек балдарды аябай жакшы көрөт. Эмнеге экенин билбейм (күлүп).
“Апам кичүү уулун жакшы көрөт”
– Бизге апам катуу айтып, сабап, жазалап тарбия берген жок. Өзү бирөөнүн көңүлүн оорутпаган киши деп жатпаймынбы. Мунун жакшы жагы – баарыбыз чыгармачыл инсан болуп чоңойдук. Эркин адам гана жаратман боло алат тура. Күмөндөр байкем, Таалай байкем, мен чоң энебизди апа деп чоңойдук. Өз ата энебизди Мукул байке, Алтын жеңе дечү элек. Кийин атам каза болгондо гана ата деп айта баштадык, бирок көзүнө “ата” деп айтпай калдык. Ошондон кийин апамды да апа деп кеттик. Чоң энем бизге “Абылдын баласымын” дегиле деп үйрөтчү. Апамдын мага окшош жери – бирөөнүн көңүлүн оорута албаганы. Менин да кишиге катуу айта албаган жерим бар. Тартынгансып, өтүмүм жок, мейли эми деп кете берем. Колумдан келерин 100 пайыз билип турсам да “мен муну билем” деп жулуна албайм.
Апам тогуз баласынын ичинен кичүү уулун жакшы көрөт, аны байкап калам (күлүп). Ал иним да жакшы ырдайт, Бишкекке Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке окууга өткөн. Ырчы болот беле, композитор болот беле, билбейм. Бирок ата-энебиз “окутпай эле койгула, биз сагынабыз” деп такыр болбой коюшпадыбы. Пенсиясын ушул баласына берет окшойт, чамасы (күлүп). Бизге бербейт.
“Апама алгачкы белекти 17 жашымда бергем”
– Кудайга шүгүр, апама көп эле белек беребиз. Бирок эсимде калганы 17 жашымда берген белегим. Ал окуя мындай болгон. Мен мектепти бүткөндө эле Маданият үйүнө жетекчи кылып коюшту. Анан ал жерде китепканачы, ырчы, чоорчу болуп иштеп, 4-5 кишиге табель толтуруш керек экен. Иштегендер “ай, балам, айлыкты качан алабыз?” деп сурап калышса, “ой, билбейм качан алабыз. Мен деле ала элекмин” дечүмүн. Көрсө, айлык алыш үчүн табелди мен толтуруп, өткөрүшүм керек экен да (күлүп). Аны мен кайдан билем. Бир жыл бою кызматкерлерди айлыксыз иштетиптирмин. Жетекчилер мени “конторага” чакырышып, “айлык албайсыңарбы, бир жылдан бери ала элек экенсиңер, табель толтур” деп жатышпайбы. Ошол кездеги элдин пейилине таң калам, айлыксыз эле жашай берген экен. Азыр маянасын бир ай бербей кой, эмне болуп кетишер экен. Менин да бир жылдык маянам топтолуп калыптыр, бир топ акча болгон. Ошол кезде япон жоолугу укмуш мода эле, аны табыш да кыйын болчу. Бирөө бир байлам япон жоолугун салынса уу-дуу кеп болуп, “тиги япон жоолугун алыптыр” деп суктанышчу. Мен базага барып апама бир байлам эмес, төрт байлам жоолук сатып алдым. “Алтындын япон жоолугу чоң экен” дешип укмуш сөз болгон айылда. Андан бери шуба, чапан-чупан, алтын-күмүш баарын эле берип келатабыз, бирок эсимде калганы ушул.
“Биздин учурда миң түркүн тамак жок эле”
– Азыркыдай миң түрдүү тамак жок эле биз бала кезде. Жаркөп, оромо, манты, колго кесилген кесме, конок келсе беш бармак дегендей эле тамактар жасалчу. Бирок ошол бала кезиңдеги даам эсиңде бекем сакталып калат тура. Апам ушул тамактардын баарын жакшы жасачу. Биз көп эркек, анан удаасынанбыз. Чоң тегерек стол бар эле, тамак эң биринчи чоң энеме, атама куюлуп, анан улуулата берилчү, өз кезегибизди күтүп турат элек.
Эне тууралуу кеп болгондо чоң энемди да айта кетпесем болбостур. Ал киши кыйын киши эле. Санжырачы болчу, бизди "Манас", "Семетей", "Сейтек", "Курманбек", "Эр Төштүк", "Жаныш, Байыш" эпостору менен чоңойтту. Китепти окуп тургандай жатка айтып берчү, ошонун баарын кантип жаттаган деп таң каласың. Ошондо жаштык кылыптырбыз, магнитофон деле чыгып калды эле, үнүн жаздырып койсок эстелик болмок экен.
Энелер бир керемет инсандар, алар тууралуу айта берсе сөз бүтпөйт. Апама ден соолук, өмүр тилейм. Ылайым бардык апалар көп жашасын!
Нуржамал Жийдебаева