Зарлык Камбаралиев, ырчы: «Сурмаларың» деген ырды Бекжанга эмес, Мурадилге жазган элем»

Белгилүү бир топ эстрада ырчыларынын хит ырларын жазып берип жүргөн жаш жигит бар. Ал – ырчы Зарлык Камбаралиев. Айрым ырлары аны автор катары көпчүлүккө таанытса, айрым ырлары ырчылардын багын ачууда. “Автор жана ырлары” рубрикабызда Зарлык Камбаралиевдин ырларын, алардын жазылуу тарыхтарын баяндайбыз. 

«Автор катары алгачкы чоң гонорарды Гүлнур эжеден алдым»

– Эстеп көрсөм, окуучу кезде эле ыр жазчу экенмин. Эң алгачкы ырым мектепте окуп жүргөндө жаралган, “Агама” деп аталат. Агам мен кичинемде каза болуп калган, ал ырымды бир туугандарымдын айтуусу менен, өзүмдүн эсимде элес-булас калган жакшы бир учурларды эстеп жазган элем. Андан кийинки ырым алгачкы жолу сүйүүгө кабылганда жаралды (күлүп). Мектепте бир кызга ашык болдум, бирок ал кыз мени карабай койгон. Ага арнап “Өчүң бардай” деп ыр жазгам. 9-классты бүтүргөндөн кийин Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, ошол жерден ыр жазууга шыгым жакшы өөрчүдү.

Менин чыгармачылыгымда ыр жазганга чоң түрткү болгон адам – бул белгилүү ырчы Гүлнур Сатылганова. Эжеге “Барагын ач жаңы күндүн” деген ырдын сөзүн да, обонун да жазып бергем. Ырды укканда дароо эле жактырып мактады, автор катары биринчи жолу ири гонорарды Гүлнур эжеден алгам. Бул ыр өзүмө да жагат, Гүлнур эженин ырдап жатканын уксам аябай сыймыктануу менен кабыл алам.

«Апа», «Апа, сиз болгондо» деген ырларым апама болгон кусалыктан жазылган»

– “Апа”, “Апа, сиз болгондо” деген ырларым дайыма жүрөгүмдү өйкөй турган чыгармалар, булар өзүмдүн башымдан өткөн окуядан жазылган. Дайыма башкалардын апасы менен чогуу түшкөн сүрөтүн көргөндө, апасы тууралуу бир нерсени айтышса, телефондон сүйлөшүшсө дагы көзүмө жаш тегеренип кетет. Мураталы Күрөңкеевде 4-курста окуп жатканда апам каза болуп калган. Экзамен тапшырып жаткан учурум эле, ал күнү айылга жеткиче оюма эмне деген гана нерселер келбеди дейсиз... 4-курсту аяктап жатканда тайпалаштарымдын баарынын ата-энелери келип, гүл берип куттукташты. Мага эч ким келген жок, апам жок. Ошонун баары жүрөгүмө топтолуп отуруп, бугум толгондо, апама кусаланып “апа, сиз болгондо мындай болбойт эле, сиз жок эми кантем?” деп жазгам. Ырчылыкты ушул “Апа” деген ырым менен баштайм деп өзүмө сөз берген элем, дал ушул ыр менен баштадым.

Мени биринчи элге аз болсо да тааныткан ырым Кызсайкал Кабылова менен бирге аткарган "Ажырасак" дуэтибиз. Бир учурда жашоомдо, айлана-чөйрөмдө үй-бүлө куруп, кайра эки жолго түшкөн окуяларды көп көрүп калдым, ал окуяларга таасирленип ушул ырды жазгам. Бир күнү Кызсайкал Кабылова чалып “ыр жазып бериңизчи” деп суранып калды. Жазылган ырларымдын баарын жиберсем, арасынан ушуну жактырыптыр. Бул ырды өзүм ырдайм деп жүрчүмүн, Кызсайкалга дуэт ырдайлы деп сунуштадым. Бул ыр бизге жакшы угарман топтоп берди. 

«Бекжан ырдаган ырлар мени автор катары Казакстанга да таанытты»

– Ошентип кесиптеш ага-эже, ини-карындаштарга ыр жазып берип жүрдүм. Алардын арасынан ыраматылык Бекжан Темирханга “Сурмаларың”, “Мадам”, “Шекерим” жана башка ырларды жазып бердим. Бекжандын аткаруусунда бул ырлар күйөрман топтоп, мени ыр, обон жазган адам катары таанытты. Бекжандын ырлары белгилүү болгондон кийин Кыргызстанда эле эмес, Казакстандын ырчыларына да ыр жазып бере баштадым.

Бекжан Темирхан ырдаган “Сурмаларың” деген ырга биринчи Мурадил Данияров буюртма берген болчу, бирок жазылгандан кийин Мурадилге жакпай калды. Ал убакта Бекжан досум менен чогуу жашачубуз, жазган ырларымды угузуп турчумун. Ал угуп эле жактырып, “Заке, ушул ырыңды мен ырдайын” деди. Ошентип Мурадилге жазылган ырды Бекжан аткарып калды. Бул ыр Бекжандын эң жакшы ырларынын бири болду деп айта алам. Угармандары көп болду, клиби көп көрүү топтоду. Ошол ырдан кийин Бекжан менен тыгыз иштешип калдым. Ырларды Бекжандын ырдоо стилине, сахнада жүргөн кыймыл-аракетине карап, ырдын ыргагын дагы, сөздөрүн дагы өзүнө жарашыктуу кылып жазганга аракет кылчумун. Аябай популярдуу болгон “Кантем?” деген ырынын сөзүн да мен жазып бергем. Дегеле буюртма берген адам каалагандай, өзү сүрөттөп бергендей кылып жазган ырларым көп.

«Сен менде ганасың» ыры карантинде жазылган»

– Айганыш Абдиева менен чогуу аткарган "Сен менде ганасың" деген ырды азыр дагы жакшылыктарга, тойлорго барганда суранып ырдаткандар көп. Бул ырдын жазылуу тарыхына токтолсок, 2020-жылы карантин маалында эч ким эч жакка чыга албай үйдө отуруп калбадыкпы, ошондо жазылган чыгарма.

Бул ыр негизи башка обонго жазылган болчу. Бирок ал обон жакпай калып, кайра дуэтке ылайыктап кагазга жазып алдым. Анан Айганыш экөөбүз Алтынбек Сооровдун үйүнө жөө барып, аранжировкасын жаздырдык. Бул ыр Айганыш экөөбүздү дуэт катары элге таанытты десем болот. Ырды күйөрмандар жылуу кабыл алышты, көп жакшы пикирлерди уктук. Клибин өзүмдүн туулган жерим Аксыга барып, жайлоодон тартып келгенбиз. Клип менен ыр бири-бирин толуктап турат деп айта алам. Ошол ырдан кийин “Мен сени жакшы көрөм”, “Сен бар үчүн”, “Жүрөгүңүздө ким бар?” деген ырларды арты-артынан жаздырып, ырдап чыктык.

Бир убакта жалгызсырап, кайгырып, бук болуп өзүмдү жалгыз сезген учур болгон. Ошол учурда кайгылуу кайрыктар келип, "Муң" деген альбомумду чыгаргам. Арасынан "Онтоосуз оору болдуң" деген ырымды бөлүп айткым келет. Сөзү, обону бир учурда куюлушуп чыккан ырым ушул.

«Жазган ырларымдын саны бир топко жетип калыптыр»

– Атактуу ырчыларыбыздын көбүнө ыр жаздым. Арасынан Нурлан Насиптин “Керексиң” деген ырынын сөзүн жаздым. Ырчыларга ыр жазып бергенде ал ырлар элге жагып, көп угуучу топтосо, жакшы пикирлерге ээ болсо, мага да дем-күч берет. Данияр Эрматовдун “Таттуусуң” деген ыры дагы азыркы учурда жакшы кабыл алынып жаткан учур. Байке жолуккан жерден “жакшы ыр жазып берсең” деп калчу. Жазылган ырларымдын арасынан карап чыгып, ушул ыр Данияр Эрматовго жарашчудай сезилип бергем, жакшы болду. Бул ырдын тарыхы деле менин жашоомдон алынган эмес.

Ырларымдын бирин айтсам, бири калып калчудай болуп жатат (күлүп). Аттуу-баштуу ырчыларга, жаңы чыгып келаткан ырчыларга жазган ырларымдын саны бир топко жетип калыптыр. Мындай ырлардын тизмесин Айжамал Кабылова эжебиз ырдаган “Ал аял” ырым дагы толуктайт. Сөзүн Акбар Кубанычбеков жазган, обону меники. Акыркы кезде коомчулукта аялдар кордолгон көп окуялар болуп кетип жатпайбы, ошондон улам жазылган. Бул ыр мааниси жагынан да көп адамга жакшы тарбия берет деп ойлойм.

Жаңы чыгып келаткан ырчылардан айтсам, Бекназар Камчыбековдун “Аман бол, сүйгөнүм”, “Сен эмнеге жеттиң?” деген ырлар Бекназарга жакшы ийгилик алып келди. Ютубдан жакшы көрүлүп жатат. Калыс Жакыпов ырдаган “Эх, гүлүм” ырым да ага жакшы популярдуулук алып келди. Мындан сырткары Алмаз Шаадаевдин "Жүрөгүңдү ачып койчу", "Сүйүүсү белең башканын?", Нурмат Садыровдун "Токтолбой жүргөм, токтоттуң", Аваз Акимов менен Айдана Деканын "Кызганамын", Айганыш Абдиеванын “Юпитер”, “Такси”, “Сахара”, “Мен+Сен = Сүйүү”, казак ырчылардан Садраддин ырдаган "Арманыма гашыкпын", Куандык Рахымдын "Айт", Торегали Тореалинин "Журек" деген жана башка бир топ ырларды жазып бергенмин. 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1128, 18-24-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан