Жол боюнда акырын кетип бара жаткан бир кишини көрдү Абир. Карыган адам экен деп ойлосо андай деле эмес. Жашы бир 50 чамасында, бирок колундагы сумкасы эми түшүп кетчүдөй болуп араң гана бутун шилтейт. Абир атасы жок чоңойгон үчүн картаң адамдардын жумушун бүтүрүп бергиси келе берчү. Алардын рахматын угуп, батасын алганда өлгөн атасы тирилип келгендей кудуңдап сүйүнүп кетер эле. Машинасын жылдырып барып, тиги адамдын жанына токтоду.
- Ассалом алейкум, байке, кайсы жакка барасыз?
Тиги киши Абирге жүзүн бурду.
- Кызыл-Бирликке барам.
- Отуруңуз, ала кетейин.
Тиги түшсөмбү, түшпөсөмбү деп эки анжы ойдо туруп калды. Абир чыдамсыздана кетти.
- Бекер эле жеткирем, түшүп алыңыз.
Тиги адам арткы эшикти ачып машинага түштү. Бир нерселерди сүйлөп барабы десе үн катпады. Мелтиреп терезени тиктейт. Көчөнүн башынан токтотуп, акырын түшүп кете берди. Башкалардай батасын берип, рахмат да айткан жок. Кайдыгер, көзүнөн жашоонун учкуну өчкөндөй. Абир эки ийинин куушуруп, машинесин айдап кете берди. Ошол боюнча бул адам тууралуу унутуп деле калмак. Эки-үч күн өткөндө апасы ыйлап отурганын көрдү. Апасы кайраттуу киши, анча-мынчага бышактай бербейт болчу. Абирдин үрөйү уча түштү.
- Эмне болуп кетти, апа?
- Тиги түрмөдөн чыгыптыр. Айылдагылар түлөөгө барып келишиптир.
- Ким?
- Марат, атаңды...
Абирдин башынан ылдый бирөө суу куюп жибергендей нес болуп туруп калды. Атасын өлтүргөн Марат экенин, ушу айларда түрмөдөн чыгат экенин укканы бар. Качанкы эскерүүлөр, унутта калган элестер калкып көз алдына келе калды. Муштумдары түйүлүп, кумсарган уулун карап апасы кайра коркуп кетти. Айткандарына өкүнө түштү.
- Өлчөсү өзү менен кетсин, биздин эмне ишибиз бар. Жазасын алды,болду,- деп кайра уулун жайкап баштады.
Апасы анткен менен Абир унута албады. Атасыз өткөн жылдарын өчүн албаса, жаны жай албайт экенин билди. Кийинки күнү сураштырып отуруп, ал адамдын үйүн тапты. Күүгүм кирип бара жаткан убак эле. Короосунда бир нерсе кылып жүргөн адамды көрдү. Жакындан барып караганда бир жума мурун өзү жеткирген адам экенин тааныды. Ошол кунарсыз жүз, жалыны өчкөн көз. Тиги маңдайында пайда болгон жаш жигитти карап койду. Дагы деле кайдыгер карады.
- Сен кимсиң?- деди бир кезде жигиттин жутуп ийчүдөй карап турганына таң кала.
- Менби? Хе, мен ээ? Мен сен өлтүргөн адамдын уулумун. Эсиңде жоктур, анын аркасында төрт бала калган. Уч кыз, бир уул. Ошол менмин. Сендейлер балдарды эстемек беле?
Марат кашын серпип койгону болбосо эч реакция кылбады. Абир ызалана түштү. Тигини жакадан алды, көзүнө көзү чагылды. Урганга муштумун көтөрүп барып кайра түшүрдү. Тиги киши бир аз эле жалтанып койгондо, каруу күчкө толгон жигит кийиздей тепкилеп салмак. Бирок ал жалтанып койбой дал көзүнө тиктеди.
- Ур, моокумуң кансын. Кааласаң өлтүрүп сал. Мага жашоонун ырахатын калтырдыңарбы?
Абирдин колу тигинин жакасын бошотту. Шалдайып тамдын бооруна жөлөнүп отуруп калды. Колдору титиреп жатканын байкады. Марат шуу үшкүрүп алып, Абирдин жанына отурду.
- Канчадасың?- деди ал.
- 25те.
- Менин кызымда ушу жашка чыкты. Бирок анын жүзүн көрө албайм. Турмушка чыккан экен, балалуу да болуптур. Бир таанышым сүрөттүн жиберди.
Марат төш чөнтөгүнөн сурөт алып чыкты аны көпкө карап, жылмайып турду. Ушунчалык сүйүү менен карап турганына Абир таң кала түштү.
- Сен менден өч алганы келдиңби? Хм, акың бар өч алганга...
- Эмнеге өлтүрдүң менин атамды? Беш жашта калдым мен атамдан. Атасыз өскөн кандай оор билесиңби?
Марат аны тиктеп туруп сөзүн улады.
- Ушу сөздү мени кимдир бирөө чын дилине сураса деп күттүм. Атасыз өскөм мен да, ошондуктан да жардамга шашылчу элем сага окшоп. Сен мени жеткирип койгон жигитсиң, туурабы?
Абир башын ийкеди.
- Бирок сен бул чындыкты менден эмес, апаңдан сурасаң андан да жакшы болмок.
- Эмне-ее?
- Ошол күнү мен силердин үйүңөрдүн жанынан өтүп бара жаткам. Атаңдын сөгүнгөнүн, апаңдын чаңырып жатканын уктум. Атаң экөөбүз классташ элек, аны токтотом деп ойлодум. Арак ичкенде жинди болуп, баарын сапырат экенин баары билчү. Апаңдын кекиртегине бычак такап жаткан экен. Колундагы бычакты алып, тигини көчөгө сүйрөп чыктым. Ээ-жаа бербей кайра апаңа атырылып бара жатканда токтотконго аракет кылдым. Кандайча болуп кетти билбейм, анын колундагы бычак менде экен. Кокустуктан алышып жатканда анын ичине сайылды. Нес болуп туруп калдым. Андан аркысын деле жакшы билбейм, милиция, сурак жана башкалар. Билесиңби, кылбаган күнөөмдү моюнума алыш үчүн кандай кыйнашты. Атаңдын туугандары акча беришкен экен мени моюнуна алсын деп. Моюнума чоң мөөнөт илишти. Алгачкы жылдар үмүтүм үзүлгөн жок. Апаң келеби дедим. Көрсөтмөсүндө мени менен атаңдын ортосунда көптөн бери чыр бар экенин, көчөдө туруп мушташып кетип бычак сайганымды айткан экен. Эмнеге антти деп көп ойлондум. Кийин ойлосом кайын журтунан коркуп, өз атынын кирдебесин деп ушу жолго барган экен.
- Калп!- деди Абир титиреп.
Марат башын чайкады.
- Эми жазамды алып бүткөндөн кийин калп айтып эмне кылам? Сен, албетте, билбейсиң. Болгону 5жашта элең да.
Абир башын мыкчып отуруп калды. Эсине элес-булас түшө баштады. Ооба, атасы кызыл камчы, кызуу кандуу болчу. Качан болсо апасын балдарын катып, өзү жашынып жүрчү. Чындыкпы бул? Кантип ишенсе болот буга?
Бир кезде кимдир бирөөнүн жумшак колдору анын башын сылап жатканы сезди. Башын көтөрүп апасы көз жаш төгүп жанынада турганын көрдү.
- Апа?
- Сен баары бир бул жерге келет экенинди билдим, артыңдан акмалап келдим.
- Апа,бул киши туура айтып жатабы?
Апасы көз жашын сүртүп башын ийкеди.
- Кандайча? Сен эмнеге чындыкты айткан жоксуң?
- Корктум, силерди жоготуп алам деп ойлодум. Атаңдын атасы юрист, урук-тууганы күчтүү эле. Алар Маратты отургузмайын баары бир тынч алышмак эмес. Алар ушинтип көрсөтмө бер дешти. Айлам жок жазып бердим. Уятым жанымды кыйнаган жок дейсиңби. Марат түрмөдө жазасын өтөсө, мен уятымдын капасында жашадым. Тиштендим, чыдадым. Жалгыз максатым силерди бутуңарга тургузуу эле. Мен жаңылыштык кылдым. Алсыздык кылдым. Алсыздыгымдыда ден соолугум менен төлөдүм.
Апасы Мараттын жүзүнө тигилди.
- Кечир мени! Марат, сен күнөөсүз элең, мен ачык айта албадым.
- Хе, кечиктиң, Ажар, сенин чындыгың да кечикти.Жалгыз кызым да мени киши өлтүргүч деп билет. Сен менин колумдагы эң кымбат нерсемди алдың.
- Ооба, кеч. Бирок...
- Жок дегенде өз балаңдын алдында чындыкты айтканыңа кудуретиң жетти. Ошого да шүгүр. Сени эми Кудай кечирсин, эбак эле кечиргем сени.
Марат ордунан туруп, чарбагы тарапка басып кетти. Бактын көлөкөсүнө келди да, буттары чалыштап тизелеп отура калды. Ошол жерден ыйлап жиберди. Акыйкат акыры өзүн тапканына ыйлады, акыры кимдир бирөөгө анын чындыгы жеткенине эреркеди. 20 жылдык өмүрүнө ыйлады. Аркасында анын солкулдаган ийинин карап эне-бала селдейип турушту. Күнөөнүн чоң жүгү эми алардын моюнунда. Жаза түрмөдө эле эмес, абийириң жазалаган андан да оор экенин билген билер...
Айлин Д