Сууга түшүүдө ырахат гана эмес, коопсуздук да биринчи орунда. Анткени сууда туура сүзүүнү билбесеңиз, чөгүп же агып кетүү коркунучу дайым сизди жандап жүрөт. Макалада сууда кантип туура сүзүү, чөгүп бараткан адамга кантип туура жардам берүү керектиги тууралуу айтып беребиз.
Эмнеден баштоо керек?
Сууда сүзүү – бул спорт түрү же жеке эс алуучу ырахат гана эмес, адам өмүрүн сактап калуучу маанилүү чеберчилик дагы. Андыктан сууда сүзүүнү үйрөнүп алганыңыз жакшы.
Эгерде сууда такыр эле сүзө албасаңыз, сөзсүз түрдө кесипкөй, тажрыйбалуу адиске кайрылыңыз. Сабакты сууга түшүү мезгилине 3-4 ай калганда баштаганыңыз оң. Бул аралыкта сууда өзүңүздү эркин алып жүргөнгө үйрөнүп каласыз.
Сууда туура дем алганды, туура кыймылдоону, колдун жана буттун негизги кыймылдарын, ошондой эле дененин туура абалын өздөштүрүү зарыл.
Машыгууну бассейнде, тайыз тереңдиктен баштаңыз. Алгач сууга көнүү үчүн белиңизге чейин сууну кечип, денеңизди бош коюп эс алганга аракет кылыңыз. Дем алып, сууга бетиңизди салып демди чыгарып көнүгүңүз. Бул суу ичинде дем алууну башкарууну үйрөтөт жана суудан коркуу сезимин жеңүүгө жардам берет.
Сууда сүзүүнү үйрөнүүнү алгач кроль стилинен баштасаңыз болот. Тагыраагы, бутуңузду созуп денеңиз менен бирдей бийиктикте кармап, эки колуңузду алдыга созуп алмак-салмак сууну артка тартып чабак урасыз. Колуңузду бүкпөй түз кармайсыз, а бутуңуздун учун кыймылыңызга жараша акырын кыймылдатып турасыз.
Сууга (көлгө) түшөрдүн алдында кантип даярданыш керек?
• Сууда сүзгөндүн жок дегенде базалык билимин алыңыз;
• Сууга түшөрдүн алдында сууну жетиштүү өлчөмдө гана ичиңиз;
• Ашказанда оордук жаралбаш үчүн сүзүүгө бир жарым саат калганда жеңил сиңүүчү тамактарды жеңиз;
• Териңизди күнгө күйүүдөн сактоо үчүн күндөн коргоочу кремдерди колдонуңуз жана баш кийим кийиңиз;
• Сөзсүз сактануучу каражаттарды, сууга ылайык кийим кийиңиз;
• Өзүңүздүн күчүңүздү ашыкча баалабаңыз, гипотермиядан же чарчоодон сактануу үчүн сууда көпкө жүрбөңүз;
• Сууга алкоголдук ичимдик же баңгизатын колдонуп түшпөңүз;
• Аба ырайынын шарттарын эске алыңыз, бороондуу аба ырайында сүзүү кооптуу.
Кудай сактансаң сактайт
Сууга чөгүп кетүү коркунучун болтурбоо үчүн сууда төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактаңыз:
• Сууда жакшы сүзө албасаңыз, сөзсүз түрдө чөктүрбөөчү каражаттарды алыңыз. Булар: сууда сүзүүчү жеңчелер, жилеттер, курлар. Жакшысы, сууга арналбаган, бирок сууда өйдө көтөрө турган каражаттарды колдонбоңуз;
• Терең жана алыс жерге баллон менен түшпөңүз. Анткени андан тайып кетүү коркунучу жогору, аны кармап калуу да кыйын;
• Өзүңүздү жаман сезип жатсаңыз сууга түшпөңүз;
• Жалгыз сүзбөңүз, башка адамдар менен бирге же куткаруучулар тынымсыз карап турган жерде сүзүңүз;
• Сууга түшүүдөн мурун суу астында катылган коркунучтардан (мисалы, айлампа же жарлар) кабардар болуңуз. Тыюу салынган же кооптуу жерлерге барбаңыз;
• Эгерде кокустан айлампага (ирим) түшүп калсаңыз, концентрацияны жоготпогонго, паникага алдырбаганга аракет кылыңыз. Агымга карай сүзүп акырындык менен “воронкадан” чыкканга аракет кылыңыз;
• Суу ичинде бир калыпта жана жайбаракат дем алыңыз, дүрбөлөңгө түшпөңүз. Денеңизди бошотуп, толкунданбаганга аракет кылыңыз, бул сиздин сүзүү жөндөмүңүздү жакшыртууга жардам берет. Тырышкан дене бат чөгөт;
• Көлгө же деңизге барсаңыз, бутуңуз суунун түбүнө тие турган жерге чейин гана сууга түшүңүз. Сууда абдан мыкты сүзсөңүз дагы, алыс жана терең жерге сүзбөңүз. Суунун ичинде бут карышып калып же суунун ортосунда алыңыз кетип, жээкке жете албай калышыңыз мүмкүн;
• Эгерде бутуңуз суунун түбүн сезе албаган абалга туш болсоңуз, паникага түшпөө абдан маанилүү. Аркаңызга которулуп көрүңүз. Чалкадан сүзүү ыңгайлуу болушу мүмкүн. Кадимкидей дем алууну улантуу үчүн башыңызды суунун үстүндө кармап туруңуз. Жардам сурап кыйкыруудан же башкалардын көңүлүн буруу үчүн кол булгалоодон тартынбаңыз;
• Кайыкта, катамаранда сүзгүңүз келсе, сөзсүз өзүңүз менен чөктүрбөөчү каражаттарды алыңыз;
• Катердин алдынан, артынан сүзбөңүз. Чоңбу, кичинеби, айырмасы жок, катер толкун жана катуу агым жаратат, ал сизди тартып кетиши мүмкүн;
• Сууда шашпаңыз, акырындык менен жана шашпай сүзүңүз. Сууда эс алганды билиш керек, эгер адам сууда чыңалууда, коркууда болсо, көп күчү кетип калат.
Чөгүп бараткан адамды көрүп калса...
Сууга чөгүп бараткан адамды куткарам деп өзү кошо чөгүп кеткендер көп болот. Андыктан сууга түшкөн ар бир адам буларды билиши керек:
• Кокусунан сууга чөгүп бараткан адамды көрүп калсаңыз, тез жана аң-сезимдүү аракет кылуу маанилүү. Дароо куткаруучуларды, башкаларды жардамга чакырыңыз ;
• Куткарууга чуркаардан мурун сөзсүз өзүңүз сууга чөктүрбөөчү каражаттарды кийиңиз;
• Сууда сүзгөндү билбесеңиз, куру баатыр болбоңуз, тескерисинче, өзүңүз сууга чөгүп кетишиңиз мүмкүн экенин унутпаңыз;
• Флотациялоочу түзүлүштөрдү (кайык, байдарка) колдонуңуз. Эгер узун таяк тапсаңыз, өзүңүздүн тең салмакты бекем сактап, таякты чөгүп бараткан адамга сунуп көрүңүз;
• Эгер өз жөндөмүңүзгө ишенсеңиз, чөгүп бара жаткан адамга 3 метр аралыктан артынан сүзүп барыңыз. Адамдын бетин карай барсаңыз, чөгүп бараткан адам паникада сизди кошо басып чөктүрүп жибериши мүмкүн. Бул сиз сууда канчалык мыкты болсоңуз да кооптуу;
• Эгерде артына барууга мүмкүн болбой жатса, 2 метр алыс туруп алды жагынан адамды артка бураганга аракет кыласыз, колдору менен сизге каршылык көрсөтпөгүдөй болушу керек;
• Сууга чөгүп бараткан адамды сүзүп кармап туруу үчүн артынан көкүрөгүнөн же колтугунан кармаңыз. Кекиртекке же дем алуу жолдоруна басым жасабаңыз, моюндан кармабаңыз;
• Акырындык менен чалкаңыздан жатып артыңыз менен сүзүп жээкке чыкканга аракет кыласыз. Жээкке же коопсуз жерге келери менен анын абалын текшериңиз жана сөзсүз медициналык жардам чакырыңыз.
Сууда кантип туура дем алуу керек?
Сууда туура дем алуу – талантка, тажрыйбага карабастан ар дайым көнүгүп туруучу техникалык фактор. Дем алуу көнүгүүлөрү менен алгач кургак жерде машыгуу кажет. Туура дем алуу сууда денеңизди туура кармоого жана күчүңүздү көпкө сактоого жардам берет.
Демди абадан жутасыз, а дем чыгаруу дайыма суунун ичинде ишке ашат. Дем алууну сөзсүз ооз менен алып, дем чыгарууну ооз менен да, мурун менен да жасасаңыз болот. Дем алуу жана дем чыгаруунун үзгүлтүксүз ритмин сактоо маанилүү.
Башыңызды суудан өтө бийик көтөрбөй, түз кармаңыз. Эч кандай шартта демиңизди кармабаңыз. Дем алгандан кийин дароо дем чыгара баштаңыз, бул көмүр кычкыл газын чыгарып салууга мүмкүндүк берет. Антпесе организмде топтолуп, тез чарчатып, суудан чыккандан кийин баш оору жаратышы мүмкүн. Дем чыгаруу бир калыпта болушу керек жана ооз кайрадан суудан жогору болгонго чейин улантылышы шарт. Кийинки дем алуу учурунда өпкө толугу менен бош болууга тийиш.
Макаланы даярдоого көмөктөшкөнү үчүн Кыргыз Республикасынын Суу спорту федерациясынын президенти Уланбек Акматбаевге жана өлкөбүздө Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын сууда сүзүү боюнча башкы машыктыруучусу Ислам Турдыевге ыраазычылык билдиребиз.
Гулийпа Маметосмон кызы