Маектешүүгө чакырсаң, ар дайым жадырап жайнап кирип келет. Жылдыз элем, таанымал элем деп “каприз” көрсөткөнү эсимде жок бул мырзанын. Кыргыздын кадимки шар мүнөз жигити. Бул жолу да “Үй-бүлөм менен Ысык-Көлдө эс алып жаңы эле келдик. Күнгө күйүп капкара болуп калдым, гезиттин башкы бетине тартылам десем, аялым түнү менен болгон кремдерин сүйкөп, араң агартып жиберди”,- деп тамашалады.
- Куш келипсиз, Cъездбек мырза! Маанайыңыз кандай?
- Куш келдим, маанай сонун. Жусуп Абдрахманов көчөсү менен келдим, шаардагы өзгөрүүлөрдү көрүп көз сүйүнөт. Жолдор 3 тилке болуп чоңоюптур, кенен, автоунаам тим эле жыргайт го, чиркин, жолдор мизилдеп. Мамлекеттик цирк тарапта жашайм да, циркибиз да жаңыланып жатат. "Ала-Тоо" аянты оңдолууда, жаңы стадион курулууда, жаңы Ак үйүбүз салынып бүттү. “30 жылда мындай болгон эмес” деп айтсак деле жарашчудай (күлүп).
- Үй-бүлө менен кандай эс алдыңыз Ысык-Көлдө?
- Жанагы “Один дома” деген кинону көргөнсүздөр да, бир жакка барганда ызы-чуу менен барышат го. Мен да ошентип балдарымды ээрчитип чет өлкөдөн эс алып келүүнү кыялданам. Жайкы каникулда Ысык-Көлдө эс алдырып келейин деп 5 күн жүрдүк. Эми балдар менен барганда эс албай эле чарчап келесиң, муну бардык ата-энелер билишет. Бирөөсү “ата, баллонумду үйлөп бер”, экинчиси “жүгөрү жейм”, үчүнчүсү “ажатканага барам”, төртүнчүсү “сууга түшөм” дейт, аны аңдып отурасың алыска сүзүп кетпесин деп. Айтор, балдар менен эс алуу абдан жоокерчиликтүү. Үйгө келсем эле бетим капкара. “Супер-Инфо” менен фотосессиям бар эле, эптеп агартып бер” дедим аялыма. Болгон кремдерин, айрандан бери сүйкөп жатып, алдыңарга минтип жылтырап келип калдым.
- Жайкы Олимпиада оюндары башталганы турат, биздин спортчулар боюнча божомолуңуз кандай?
- Тарыхый алтын медаль сөзсүз болот деген ойдомун. Кимиси албасын баарына ийгилик каалайм. “Жакшы тилек - жарым ырыс” дейт эмеспи, алтынды баары эле утушсунчу. Күмөн санасаң эле бирдеме болуп кетчү эле.
- Быйыл 5-балаңыз жарыкка келди, өмүрүн берсин! Көп балалуу үй-бүлө болгон жакшы болуш керек...
- Биз 11 бир тууганбыз, көп балалуу болгон жагат. Келинчегим 2 бир тууган болсо да чоң үй-бүлөдө жашаганды кыялданчу экен. Азыркы тапта 1 уул, 4 кыздын ата-энесибиз. Эркектин аялы жакшы чыкса ата-эне үчүн дагы бир жолу төрөлгөнү деп коюшат. Тагдырыма жакшы аялды жолуктуруп койгонуна ыраазымын. Жубайымдын мамилесинен көкөлөйм, өсөм, мотивация алам. Эркек менен аял бири-бирине ыраазы болуп жашаганда гана үй-бүлөдө ынтымак, гармония болот. Биз жөн эле аялдын физикалык түзүлүшүн сүйбөйбүз да. Аялдан чыккан назик, жумшак, мээримдүү энергияны сүйөбүз. Бизге 5 бала чек эмес, Кудайдын буюрганына даярбыз.
- Ошентсе деле жашоо казан-аяк кагышкан учурлары менен кызык да...
- Аялың менен урушкуң келсе чогуу үй салышың керек (күлүп). Биз 2018-жылы там салдык, курулуш иштери бүтүп, үйдүн ичин жасатып жатканбыз. Ага сөзсүз аял киши катышат да. Келинчегим базардан кымбат нерсенин баарын алат, акчасын төлөгөнгө келгенде экөөбүз уруша кетебиз. “Давай, азайт” дейм, ал тултуңдап азайтып, жол бою бири-бирибиз менен сүйлөшпөй үйгө келебиз. Анан базардан алып келген каражаттарды уста жасап койсо, үйгө сонун жарашып калат. Анан мен “эй, карачы, кандай сонун нерсе үчүн уруштук. Үйгө сонун жарашып калды, кел, чай ичебиз ошол үчүн” деп жарашып алчубуз.
- Акчага мамилеңиз кандай?
- Акчага мамилем азыр такыр башкача. Ойлоп көрсөм, мурун акчаны жан дүйнөмө киргизип алчу экенмин. Тойго буюртма түшсө “акчасы мынча болот экен” деп оюмда санап, акча колго тие электе эле тиякка-биякка “иштетип” койчумун. Ал той кокусунан болбой калышы мүмкүн да. Акча - биздин сырткы чөйрөдөгү муктаждыгыбызды чеччү гана курал, аны жүрөккө киргизип кереги жок экен. Акча жеңил келип, жеңил кетиши керек. Акчада оң жана терс энергия бар. Терс энергияда текебер болосуң. Колуна кичине акча тийип, кадыр-барк күтүп калган адамдардын өзгөргөнүн байкап калсаңыз керек. Акча адамда коркунуч сезимин да ойготот, акчам жок калса эмне болот деп коркуп жашаган адамдар бар. Көп акчаны көтөрүш үчүн да иммунитет керек, болбосо акчанын терс энергиясына азгырылып кетесиң.
- Шоу-бизнестеги азыркы статусуңузга кандай баа бересиз? Ийгиликтүү адаммын деп айта аласызбы?
- Укмуш популярдуумун дебейм, бирок 20 жылдан бери сахнада жүрөм, дайыма элдин кызматындабыз. Өзүмдүн туруктуу күйөрмандарым бар. Ал эми ийгилик боюнча, жаны эркин адам гана ийгиликтүү боло алат. Биздин физикалык түзүлүшүбүздүн мүмкүнчүлүгү чектелүү, ал эми жаныбыздын мүмкүнчүлүгү, ресурсу чексиз мейкиндик. Көп адамдардын жаны физикалык мүмкүнчүлүгү менен чектелип калган. Жаны эркин адам өзүн көп нерседен чектебейт, ата-энесинин же башканын тагдыры менен жашабайт, тобокелдикке бара алат, сын укса аны жан дүйнөсүн булгабай кабыл алганды билет, айтор, өзүн 100 пайыз тааный билген адамдардын жаны эркин болот. Бизде сөлөкөтү эле бар, бирок жаны жок адамдар көп. Бир эле жаман сөз айтып сени негативге байлап койгон вампир адамдар болот. Айрымдар соцжеледе 2 метр пост жазса да сөзүнүн табы жок, кабыл ала албайсың.
Кыска-нуска
– Эң ийгиликтүү дуэтиңиз?
– Замир Арыкбаев экөөбүздүн “Даткайым”, “Айнаш” дуэтибиз.
– “Пахта коюу” дегенди кандай түшүнөсүз?
– Илгери бул сөздү “кошоматка кой сойбо” эле деп коюшчу.
– “Муңайба, Адеми” деп сиз ырдасаңыз кандай болмок?
– Азыркыдан да хит болмок (каткырып). Мага Элеранын ырдаганы эле жакты бирок.
– Шоу-бизнестеги ким менен мушташсаңыз 100 пайыз жеңесиз?
– Өмүрүмдө бирөө менен мушташып көргөн эмесмин. Кинодо эле Сагын менен мушташкам.
– Спирт ичимдигин ичесизби?
– Той ээлери кээде “кел эми, бир жолу алып кой” дешет. “Мен кинодо эле ичем” деп кутулуп кетем.
Лунара Бекиева