Саясат жана коом

Бишкекте жеке унаалардын жүрүшү чектелип, шаарда каттоосу жокторуна “салык” салынабы? 

Унаа тыгындарын азайтуу үчүн Бишкек жана Ош шаарларында автоунааларды мамлекеттик номуруна карап кезектешип жүргүзүү сунушталды. Тагыраагы, айдоочулар жуманын бир күнү (иш күндөрү) шаарда жеке автоунаасын айдап жүрө албай калышы мүмкүн.

Бишкек мэриясы сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик номуру 1 жана 2 сандары менен аяктаган автоунаалардын дүйшөмбү күнү саат 07:00дөн 21:00гө чейин шаарда жүрүшүнө тыюу салынат. Ал эми номуру 3 жана 4 менен аяктагандар шейшемби, 5 жана 6 менен аяктагандар шаршемби, 7 жана 8 менен аяктагандар бейшемби, 9 жана 0 менен аяктагандар жума күндөрү шаарда жүрө алышпайт. Мыйзамды бузган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сомдон айып пул салуу каралууда. Ишемби жана жекшемби күндөрүнө бул мыйзамдын тиешеси болбойт. Ошондой эле бул чектөө коомдук унааларга да колдонулбайт.

Бишкек мэриясы шаардагы унаа тыгындарынын себеби – жеңил автоунаалардын ашкере көптүгү дейт. Сунушталган мыйзам кабыл алынса, тыгындар азайып автоунаа кыймылы тездейт, шаардын экологиясы да жакшырат деп айтылат маалыматта. 

Учурда коомдук талкууда турган бул мыйзам долбоору Башмыйзамга каршы экени жарандар тарабынан эскертилип жатат. Конституциянын 31-беренесинде “Ар бир адам Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу” деп жазылган.

Мэриянын билдиришинче, 2024-жылдын 1-июнуна карата Бишкекте 416 837 автоунаа катталган. Аймактардан келгендерди кошкондо 600 миңден ашык унаа бар, бул Бишкектин жолдоруна 2 эсе көптүк кылып жатат деп баса белгилейт мэрия.

Шаар жетекчилиги жогорудагы демилгеси менен эле токтогон жок. Каттоосу башка шаарларга таандык унаалар Бишкекке киргенде алардан акча топтоону сунуштады. 8 орунга жетпеген орундуу унааларга 50 сом (чет элдик автоунааларга 200 сом), 8ден ашык орундуу, бирок салмагы 5 тоннадан ашпаган унааларга 100 (1000) сом, салмагы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу унааларга жана тракторлорго 100 (1000), 8ден ашык орундуу жана салмагы 5 тоннадан ашык унааларга 150 (1500), жүк ташуучу унааларга, тракторлорго, комбайндарга салмагына жана категориясына жараша 150-300 (1500-5000) сом “салык салуу” каралууда. Токтом кабыл алынса, шаардын кире беришине акча чогултуучу пункттар ачылат.

Акыйкатчы: “Зомбулукка кабылган аялдар көбөйүүдө”

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 23-июлда Бишкекте өткөн сүрөт көргөзмөлөрдүн биринде билдирди. Акыйкатчы аялдарды көйгөйлөрүн ачык айтып, өз укуктарын коргоого чакырат.

– Аялдарга карата зомбулук жыл сайын күч алып жатат. ИИМдин маалыматы боюнча, былтыр 13 104 аял зомбулукка кабылса, 2022-жылы бул көрсөткүч 8225 болчу. Бул сандар мындан да көп болушу ыктымал, анткени бизде “эл эмне дейт?” деген стереотип бар. Айрымдар көйгөйлөрүн ачык айтып чыгышпайт. Калыптанып калган түшүнүктү жок кылып, зомбулукту жаап-жашырбаш керек,- дейт Жаманбаева.

Мамлекеттик органдар үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарды колдоого көңүл бурушу зарылдыгын кошумчалады ал.

– Көптөгөн аялдар үй-бүлөлүк жана жыныстык зомбулукка кабылышып, кризистик борборлордун жардамына муктаж болушат. Бирок өлкөбүздө Бишкек мэриясына караштуу “Аялзат” деген бир гана мамлекеттик кризистик борбор иштейт,- деди акыйкатчы.

Айта кетсек, Бишкекте италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин “Сырдуу күндөлүк – күзгү артындагы жашоо” деген аталышта жеке сүрөт көргөзмөсү өттү.

“Арпа-буудайдын 94 пайызы жыйналды” дейт министрлик

Өлкөдө кылкандуу дан эгиндеринин 94 пайызы жыйналды. Бул тууралуу 24-июлда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Маалыматка таянсак, азыркы тапта Ысык-Көл жана Нарын облустарынан башка аймактарда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иши кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 153 миң гектарга жакын жерден эгин жыйналды, бул жогоруда айтылгандай, түшүм аянтынын 94 пайызын түзөт. Түшүмдүүлүк жылдагыдан жакшы деп белгилейт министрлик. Мисалы, учурда гектарына орточо 29,2 центнерден түшүм алынып жатканы айтылат. Бул былтыркыдан орточо 12,5 центнерге көп. “Жалпы дүң түшүм бункердик салмак менен алганда 444,8 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылга салыштырганда 175 миң тоннага көп” деп айтылат маалыматта.

73,2 миң гектар аянттан буудай жыйналды. Түшүмдүүлүк Жалал-Абад, Баткен облустарында гектарына 35 центнерге чейин жетип жатат деп айтылды. Ал эми арпа 79,2 гектар аянттан жыйналган. Арпанын түшүмдүүлүгү Чүй жана Талас аймактарында жогору болуп жатканы белгиленет.   

Эскерте кетсек, былтыр кургакчыл аба ырайынан улам деп дан эгиндери мурунку жылдагыдан аз жыйналган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1129, 25-31-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан