Кол салуу (Кылмыштуу топтун кыңыр ишин баяндаган курч сюжеттүү сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бишкектен котормочу жалдап, ижарага бир жеңил машина алып Кантты, Токмокту кыдырды, Таластагы Манас ордого барды, эртеси Аксыдагы Сары-Челек көлүн көрүп, аймактагы башка ыйык жерлерди кыдырып, аягында район борбору Кербен шаарына келди. Кербенде мейманканага жатпастан, шаардын чет жагындагы конок үйгө түнөдү. Баарын алдын ала байкаштырып, керектүү маалыматтарды мээсине бекем түйүп жатты. Конок үйдү да бекеринен тандаган жок, ал үй Кербен аэропортуна жакын жайгашкан эле. Эртең менен эрте турду да, эч кимге байкатпай үйдүн чатырына чыгып алып дүрбү менен аэропорттун айлана-тегерегин изилдеп чыкты. Кербенден кийин Жалал-Абад шаарында, андан ары Ош шаарында болду. Аягында учакка билет сатып алды да, Бишкекке учуп, андан ары Ысык-Көлгө кетти. Машинасын ижарага алган компаниянын Оштогу филиалына таштады.

xxx

Эсен Кемелов шаардын ысыгынан качып, мындан бир жума мурун тоо арасындагы дачасына аялы экөө эс алууга келе берген. 42 жашында отставкага кеткенден кийин аялы “болду эми, мамлекетке ушунча иштегениң жетишет. Өзүң үчүн да жаша” деген. Кыргызстанда башка жумушка кирейин десе да аялы болбой койгон. Ошондон бери жаз келери менен дачасына качышат. Ал жакта отуз сотых жери бар, жайы менен ошол жерди эрмектейт. Салат, компот сыяктуу кышка керектүү азыктарды ушул жактан эле даярдап алышат. Базардан дээрлик эч нерсе сатып алышпайт деле. Жалаң иш менен алектенип көнүп калган адам башында бекерчиликке көнө албай жүрүп араң көндү. Беш жылдай болуп калыптыр келгенине, жер иштетүү боюнча көптөгөн китептерди окуп, кичине эле жерден абдан мол түшүм алганды үйрөнүп алган. Балдарын да мөмө-жемиш менен өзү камсыздайт.

Бүгүн да күн ысыйт окшойт, аялынын кулпунайлардын чөбүн отоп коёлу дегенине болбой, саат 11лерде эле көлөкөгө качты. “Кааласаң өзүң отой бер, ушундай ысыкта да адам иштейби” деп, аялынын нааразы боло сүйлөнгөнүнө карабай ишин токтотуп, топчанда телевизор көрүп жаткан. Телефонуна чалуу келип калды, баласы Аман экен:

– Да, балам.

– Кемел мырза, бархандардан адашпай жүрөсүңбү? Сууну көп эле алдыңбы?- деп күлөт. Үнүнөн эле тааныды, бул Илхом Хасанов деген татар улутундагы адам эле.

Эсен Кемеловду фамилиясына карап бирге иштегендер “Кемел” деп атап алышкан. Илхом Хасанов экөө 1982-жылы Түштүк Кореядан таанышышкан. Анда Эсен Кемелов КГБда жетинчи башкармалыкта, “К” деп аталган сырткы чалгындоо бөлүмүндө иштечү. Кебетеси корейлерге окшош болгондуктан жашыруун тапшырма менен Түштүк Кореяга барган эле. Ошол күндөр, түнкүсүн Япон деңизинде бир адамды уурдап, аны Илхом экөө деңиздин түбү менен алып качканы көз алдына тартылды. Азыр ал окуяны эстесе денеси титиреп кетет, кантип коркпой ошол тапшырманы аткардым экен дейт өзүнчө. Бир адамдын коркоктугунан улам тапшырма үзгүлтүккө учурай турган болгондо ушул Илхом экөө сүйлөшүп, Лубянканын (КГБнын штаб квартирасы жайгашкан жер) “токтоткула” дегенине карабай жоопкерчиликти өз моюндарына алышып, тобокелге бел байлашып, кыйынчылыктарга туш болсо да тапшырманы ийгиликтүү аткарышкан болчу. Уурдалган адамды суу аркылуу сыртка алып чыгышса, Таиланддын желеги илинген соода кемесинде КГБнын адамдары күтүп турушмак. Ошол кемеге салып бериш керек эле булардын милдети, иш ойдогудай бүтүп, баары кубанышкан анда. Илхом экөө аз жерден Япон деңизинин дене какшаткан муздак суусуна чөгүп кете жаздашкан. Деңизде сейрек кездешчү балта баш акулага аз жерден жем болоюн деп да, бир өлүмдөн калышкан. ЦРУнун, Түштүк Кореянын атайын кызматтагы адамдары да таң калышкан, кантип алып чыгып кетишкенине.

Кийин ЦРУдан КГБга “кыйын экенсиңер, таң калдык” деген мааниде кат келген. Ошондон кийин Илхом экөө жакын дос болуп кетишкен. Андан башка деле көптөгөн тапшырмаларды аткарып дүйнөнүн көп мамлекеттеринде болду, бирок баарынан эсте калганы ушул тапшырма эле.

Илхом Москвада калган, Эсен Кемелов союз бузулганда, КГБ деген уюм жоюлгандан кийин келе берген. Кыргызстанга келгенде атайын кызматка жумушка чакырганда эки жылдай иштеп отставкага чыккан.

Илхом Эсен Кемеловдун телефонуна ким көп чалса ошол номер менен байланыша берчү. Бул жолкусунда чоң баласы Амандын номерин пайдаланып чыгыптыр. Москвада туруп кантип бирөөнүн номерин жамынып чыгат, Эсен Кемеловдун буга акылы жетпеди. Илхомдон сураса “сен али жашсың, акылың жетпейт” деп тамашалап айтпай койгон.

Ошол досу экен.

– Ээ, Илхомбай, жакшысыңбы?

– Жакшы, сага белек бар.

– Жөн чалбайсың да, тынччылыкпы?

– Гомер жүрүптүр сенде.

– Жүрсө жүргөндүр да, бизде эмне бар эле жашыргыдай. Кызыккан нерсесин гезит-журналдан окуп эле билип алат да. Каякта жүрүптүр?

– Ысык-Көлгө барыптыр, азыр Кыргызстандын түштүгүндө экен. Ыйык жерлерди сүрөткө тартып жүрүптүр.

– Молдо болоюн деп жатса керек да, анын эмнеси жаман?

– Билбедим, бирок сага тапшырма бар.

– Эй, токто-токто. Менин отставкада экенимди билесиң да. Каяктагы тапшырма?!

– Биздин жумушта отставка деген болчу беле? Азыр сени шефке улайм, ошого түшүндүр отставкаңды,- деп ай-буйга келбей эле байланышты улап койду. Он секунддай музыка угулуп турду да, анан:

– Алло,- деген эски тааныш үн угулду. Бул Дмитрий Александров эле, КГБнын “К” бөлүмүнүн башчысы, жөнөкөй тил менен айтканда, сырткы чалгындоо кызматынын шефи. Орто бойлуу, залда көп машыккандыктан булчуңдары толо, чымыр денелүү адам. Бирөө менен сүйлөшкөндө көзүнө тике карап, аны изилдеп сүйлөшчү. Анча-мынча адам анын көзүнө тик карай алчу эмес, жалтанып жер тиктеп калышар эле. Бирөөнүн ою менен эч качан эсептешчү эмес, бирөөдөн жардам да, колдоо да күткөндү жактырбачу, өзүнүкү гана туура экенине бекем ишенген адам. Кол алдында иштеген адамдардын жетекчиси менен талашып-тартышкылары, же ага бир нерсе сунуштагылары келчү эмес. Александров бир сүйлөйт, кол алдындагылар аны кыйшаюусуз аткарат, болду. Эч качан анын айтканы туура эмес чыкчу эмес, бир нерсе айтардан мурун жүз ойлонуп анан айтат окшойт да. Эсен Кемеловду көп жолу ар кандай тапшырмаларга, дүйнөнүн бир нече мамлекетине жөнөткөн. Кемелов коркпой кетчү, анткени шефи эч качан кыйын абалда таштап кетчү эмес. Москвада отуруп Африканын же Латын Америкасынын бир бурчунда жүрсөң да, кыйынчылык болсо жардам берерине ишенчү. Азыр телефондон үчүн укканда эле, өтө зарыл иш бар экенин түшүндү.

– 034, сага 039 барат, баарын түшүндүрүп берет. Макул болосуң деген ойдомун. Жообуңду 029га айтасың ,- деди да, коштошуп тутканы койду.

Эсендин жашыруун номери 034 эле. Кененирээк түшүндүргөндө мындай: 7 4 0 3 4 - 7 саны - КГБнын 7 башкармалыгы, 4 – тышкы чалгын дегени, 03 - бөлүмдүн жашыруундук деңгээли, 4 - Кемеловдун жеке номери.

Эсен Кыргызстанга кетип жатканда Дмитрий Александров чакырып, “КГБ жоюлбайт эч качан, мекен үчүн али көп иштерди кылабыз” дегени эсте. Эсен да кантип эле жоюлуп кетсин ушундай уюм деп ойлогон болчу ошондо.

Эсен негедир жеңилдеп, кубана түшкөнүн сезди. Кызматта жүргөндөгү сезимдери кайра козголду. Жаңы тапшырма алганда ушундай сезимдер пайда болчу. Ойлоно түшкөн экен, аялы жанына келип отурганын да сезбей калыптыр... 

 (Уландысы кийинки санда)

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1129, 25-31-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан