Жумагүл Раимжан кызы, ырчы: «Ырчылыкта кыялымдын баарына жеттим»

«Бизди апам катуу кармап, атам урушчу эмес»

– Мени жарык дүйнөгө алып келген апам менин дүйнөмдүн өзөгүн түзөт. А бир туугандарым менин таянычым. Апамдын аты Жыпаргүл, атамдын аты Раимжан. Атам, тилекке каршы, мен 16 жашымда каза болуп калган. Бала кезде бизди апам катуу кармачу, кээде бир нерсе сурагандан коркчумун. Атам урушчу эмес, жумшак адам эле. 

Бала кезимде ар кандай кароо-сынактарга көп катыштым, андайда дайыма апам өзү алып барып, колдоп турчу, чыгармачылыгымдын өөрчүшүнө апамдын салымы чоң болду. Кийин чыгармачылыкка аралашып, жаңы ырларды жаздырганда каржы жагынан апам демөөрчү болду. Кызынын оюн колдобой, кызы жактырбаган адамга турмушка берип жиберген ата-энелер көп эле кездешип жатпайбы. Апам да, эже-агаларым да мени түшүнүп, колдоп турушту. Бул үчүн баарына ыраазымын.

Бала кезде апамдын тилин албай, кээде талашып-тартышып кетчүмүн. Азыр аны эстегенде уялам. Чоңойгон сайын апаң менен эркин сүйлөшүп, сырдашып калат экенсиң. Азыр апам менин сырдашым, ага жакынмын. Жашоодо эң кымбат адамдар – ата-энең жана бир туугандарың болот экен. Апамды абдан сыйлайм, каалаган нерсесин алып бергенге аракет кылам.

«Атам мени Пятница деп эркелетчү»

– Атам абдан билимдүү адам эле, орус мектепти бүткөндүктөн тарбиясы да, мүнөзү да орустардыкындай болчу. Мени Пятница деп эркелетчү. Азыр атам болсо кадырына жетмекмин, саякатка алып чыкмакмын, ажылык сапарга жибермекмин. Жакшы сөзүмдү айтып, батасын алмакмын. Аны сагынам, бирок айла жок да. Арабызда жок болсо да дайыма жүрөгүмдө жашайт, менин дүйнөмдүн бир бөлүгүн түзөт. Азыр сооп иштерди кылсам атама багыштап турам.

Биз беш бир тууганбыз, 3 кыз, 2 уул. Мен ортончусумун. Бир туугандарым баары үй-бүлө курушкан, баары чыгармачылыктан алыс адамдар. Мен кичинемде шок, өжөр, эч кимден тартынбаган кыз элем. Эжем жоош эле, аны көп учурда алдап койчумун (күлүп). Сиңдим менен көбүрөөк урушат элем, а эжем менен сырдашчумун. 9-класска келгенде дароо токтолуп, мүнөзүм оор тартып калды. Кээде жакындарым “кичинекейиңдегидей эле болбойсуңбу” деп калышат.

«Баары менен эле тил табышып кете албайм»

– Турмушка чыгып, үй-бүлө күткөндө, балалуу болгондо алар дагы жан дүйнөмдөн орун алат, ушуну тилек кылам. Мүнөзүм токтоо, оор басырыктуу болгондуктан, бардык эле адамдар менен тил табышып кете албайм. Баары менен сый мамиледемин. Досторум көп деп айта албайм. Эми сырдаша турган, апама айта албаган сырларды айта турган курбуларым бар, бирок аз.

Сүйүү барбы, жокпу деп талкуу кылып калышат эмеспи. Мен ойлойм, сүйүү бар, мен ага ишенем. Кыз-жигит алгач жолукканда бири-бирине жактыруу, тартылуу сезими пайда болсо, ал сүйүүгө айланат. Сага жакпаган адам “мага турмушка чык” деп артыңдан калбай ээрчий берсе, ал адам канчалык идеалдуу болсо деле мамиле кургуң келбейт. Ошондуктан сезимимди ойгото алган адам менен гана турмуш кургум келет. Келечегимди ыймандуу, чыныгы мырзалык касиеттери бар адам менен байланыштырып, бекем үй-бүлө курсам деп тилейм. Өз адамыңды тапканда анын анча-мынча кемчиликтери деле байкалбай калса керек. Аялдарга “сен күчтүүсүң, кыйынсың” десе өздөрүн жакшы сезип калышат эмеспи. Мен күчтүү болгум келбейт. Аял киши дайыма алсыз болуп турганы жакшы деп эсептейм. Тескерисинче, өмүрлүк жолдошум кыйын, күчтүү болушун каалайм.

«Азыр көз карашым такыр башка»

– Чыгармачылыкка жаңыдан аралаша баштаганда оюмдун баары эле клип тарттыруу, концерттерди берүү эле, ийгиликтерди күтүп жашачумун. Кудайга шүгүр, ал багытта койгон максатыма жете алдым. “Эл-жер көрсөм, саякаттасам, автоунаам болсо, тигини алсам, муну алсам” деген кыялдардын баары ишке ашты. Бирок алдыда башка чоң-чоң кыялдарым бар. Аны азырынча айтпай турайын. Жаш жогорулаган сайын адамдын ою, көз карашы өзгөрөт тура. Ырдап жүргөн адам ырчылыкты бат эле таштай албайт. Азыр көз карашым такыр башка. Дүнүйөнүн артынан куубайм. Ырчы болсом да, музыканы мурдагыдай көп укпай калдым.

Ооба, чыгармачылыкта бир аз жалкоолук кылып жатам. Интернеттеги соцалдык тармактарда да активдүү эмесмин. Баскан-турганымды тартып интернетке киргизбейм. Бирок дагы деле жылына жаңы ыр жаздырып, клип тарттырып турам. Элибиздин жакшылыктарында кызмат кылып келатам. Анын үстүнө көп жылдан бери мамлекеттик кызматкермин. Хит ырларды жаратыш үчүн көбүрөөк издениш керек, ал жагынан жалкоолук кылып жатканымды моюнума алам. Ырларга болгон табитим да өзгөрдү. Жеңил ырларды уккум келбей калды, Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров сыяктуу залкарлардын обондорун угуп калдым. Ырдын обону да, сөзү да ырчыга жарашканда ал ыр жакшы чыгат, элдин жүрөгүнөн орун табат. Музыкалык аспаптардын коштоосунда жандуу ырдагандан кадимкидей эс алам, ырахат тартуулайт.

«Адамдар менен урушууга мендеги тарбия жол бербейт»

– Чыгармачылыкка Кудай берген өнөр менен келгем. Бала кезимден башталган десем болот, мектепте сынактарга, фестивалдарга катышып жүрчүмүн. Мектептен кийин искусство факультетине тапшырдым. Анан филармонияда, аскер кызматында чыгармачылык жаатта мамлекеттик жумушта иштедим.

Чыгармачылыктан бир нерсе жоготтум деп айта албайм, аздыр-көптүр күйөрман таптым. Көптөгөн жакшы адамдар менен тааныштым. Менде эч кандай менеджер, продюсер да болгон жок, баарына өзүм чуркап, бир бутум Ошто, бир бутум Бишкекте болуп иштедим. Ошондо Кудай жолумдан жакшы адамдарды жолуктурганына ыраазымын. Мүнөзүм боюнча, кечиримдүүмүн деп айтсам болот, учурда эч кимге таарынычым жок. Адам болгондон кийин жашоо дайым эле бирдей болбойт экен. Көңүлүңдү ооруткан адамдар болот. Бирок көп учурда унчукпай кутулам. Андайда жоошсуң деп сындашат, бирок кайым айтышууга мендеги тарбия жол бербейт.

«Тойдо күйөрмандар менен бирге бийлөө ырахат тартуулайт»

– Заманга жараша азыр тойдо ырдабаган ырчы аз болуш керек. Той кадимкидей жумуш, чоң жоопкерчилик. Той ээлери сыйлап чакыргандан кийин жакшы көйнөгүңдү кийип барып, жакшы ырдап берейин деп даярданасың. Ачыгын эле айтайын, чыгармачылыкка жумшаган чыгымды тойлордон тапканым менен жабам. “Ырчы менен молдону эл багат” дегендей, дайыма той болуп турсун деп тилек кылабыз. Тойдо да күйөрмандарың менен тыгыз байланыш түзүлөт, чыгармачыл адамдардын ишин азыр той менен да бааласа болот. Тойдо ырдап, эл менен чогуу бийлегенден да ырахат аласың. Ошентсе да баары бир чоң сахнада, кесипкөй адамдар менен музыкалык аспаптардын коштоосунда жандуу ырдап концерт бергендин ырахаты башкача. 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1129, 25-31-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан