ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 5-августтан 11-августка чейин

Кой
(21.03–20.04)

Романтикалык жолугушууларга жана достор менен кездешүүлөргө бай апта. Ошондой эле узак сапарга чыгууну пландагандарды, спорт менен алектене баштагандарды жана ири суммада соода кылганы турган кой жылдызындагыларды ийгилик коштойт. Мырзалар бул мезгилде жаңы билимге ээ болуп, жаңы өнөктөштөрдү, жаңы ишкердикти өздөштүрө алышат. Бирок узак мөөнөттүү пландаштыруу, маанилүү маселелерди чечүү сунушталбайт.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Ири суммада киреше түшүп, материалдык абалыңыз жакшырат. Акчаны кыялдарыңызды ишке ашырууга, үй-бүлөңүздөгү гармонияны жакшыртууга жумшаңыз. Башка максаттарга жумшасаңыз акчаңыз кумга сиңген суудай бат эле жок болуп кетет. Кесиптик кызыкчылыктарыңызды экинчи орунга жылдырыңыз, жумушуңузду жашооңуздун маңызы кылып албаңыз, эң башкы орунда үй-бүлөңүз жана жакындарыңызга болгон камкордук турушу керек.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Өзүн-өзү таанууда, чыгармачылыкта эгиздерди ийгилик коштойт. Бул мезгил балалуу болуу, үйлөнүү, сүйүктүү адамга сунуш киргизүү үчүн ыңгайлуу убакыт. Мырзалардын табышкерлик сапаты ойгонуп, акча тапчу булактарды өзүнө тартып баштайт. Кыйын иштерге жоопкерчилик алуудан коркпоңуз, бардык тапшырмаларды өз убагында бүтүрөсүз. Айымдар максат коюп, кыялданып эле отура бербей, ага жетүү жолдорун табышы керек. Бирөөнү сүйүп калышыңыз мүмкүн.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Иштериңизди туура пландаштырууну үйрөнсөңүз гана кыйынчылыкка кабылбайсыз. Курч акылыңыз, мыкты туюу сезимиңиз сизди талаада калтырбайт. Айымдар стресстик, депрессиялык абалга түшүүгө жол беришпегени жакшы, болбосо алардын эмоционалдык жүрүм-туруму үй-бүлөдөгү атмосфераны бузуп коюшу мүмкүн. Сүйүүдө “уулуу” мамиле куруу коркунучу бар, эгер сүйүктүүңүздүн абьюзер экенин байкап калсаңыз, көпкө создуктурбай ал мамилени үзүңүз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Чыгармачылык дараметиңизди өөрчүтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар, анткени азыр эргүүңүз ойгонуп, кандай иш баштасаңыз да анын өтөсүнө чыга турган убактасыз. Ири сатып алууларды жасасаңыз болот. Кызматташуу тууралуу кызыктуу сунуштар түшөт, бирок жумушуңузду таштап, дароо чакырган жакка кетип калбаңыз. Бардык сунуштарды жети өлчөп бир кесип талдап көрүңүз. Айымдар кирешенин жаңы булагын өздөштүрүп, чөйрөсүн өзгөртө алышат.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Кызыкчылыктар жөнүндө ойлонгондо өнөктөштөрдү да унутпаңыз, “мага гана болсун” деген өзүмчүлдүк бизнесте сизге каршы иштеп калышы мүмкүн. Иш сапарларга чыгууга, саякаттоого ылайыктуу мезгил. Турмуштук тажрыйба, мыкты билимиңиздин артынан кызматтык тепкичтен көтөрүлөсүз. Жетекчилик сизге жаккан жумушту сунуштайт. Каалоолордун мүмкүнчүлүктөр менен дал келгени кандай жакшы, андыктан өзүңүздүн дараметиңизди коркпой жигердүү ишке ашыра бериңиз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Үй-бүлөңүздү бардар жашоо менен камсыздоо үчүн толук мүмкүнчүлүктөр бар. Буга чейин топтогон аброй, байланыштарыңыз аркылуу көйгөйлүү маселеңиз чечилет. Жеке мамиледе баары тынч жана гармонияда өтөт. Мырзалар сүйүктүүсүнүн анча-мынча “каприздерине” чыдашы керек. Учурда жаңы нерселерди баштасаңыз болот. Бирок сиздин чечкинсиздигиңиз жана башка адамдардын кийлигишүүсү жыйынтыкка таасир этип коюшу мүмкүн.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Өзүңүз менен өзүңүз ачык-айкын сүйлөшүп алыңыз, көйгөйдөн качууга аракет кылбаңыз. Убактыңыздын көбүн үй-бүлөңүзгө арнаганыңыз жакшы. Балдар сиздин көңүл бурууңузга жана камкордугуңузга муктаж. Жасаган ишиңиз канчалык оор болсо, жемиши ошончолук таттуу болот, демек, кыйналып түйшүк менен жасаган ишиңиз сөзсүз эки эселеп өзүн актайт деп эскертишет жылдыздар. Чаян айымдар каржылык чыгымга учурашы мүмкүн, андыктан үнөмдүү жашаганга өтүңүз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Алыска сапарларды пландагандар үчүн апта ийгиликтүү өтөт. Сизге көп бакыт тартуулаган окуялар болот. Үй-бүлөлүк мамилелерди жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар, жакындарыңызга таарынып кабарлашпай жүрсөңүз элдешүүгө убакыт келди. Кек сактоого, таарынууга жүрөгүңүздө орун калтырбаңыз, мунун баары чогулуп ооруга айланат. Мырзалар жумушундагы олуттуу маселелерди сүйлөшүүнү кийинкиге калтырышканы туура, аптада маселе оң жагына чечилбей калышы мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Текечерлер эмоционалдык абалын бекемдеши керек, айрыкча балдарыңызга кыйкырып, коркутуп-үркүтүп тарбия берүүдөн карманыңыз. Айтканыңызды мыйзам кылып өз эрежелериңизди балдарыңызга таңуулай бергениңиз туура эмес. “Жаман күндөр болбосо, жакшы күндөрдүн баркы билинбейт” демекчи, сизди тагдыр оор сыноолор менен сынайт. Бирок сиз андан тынч күндөрүңүзгө ырахмат айтканды, ыраазы болгонду үйрөнүү сабагын алып чыгасыз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Аптада үй-бүлө кура турган келечектүү адам менен алака түзөсүз. Жакыныңыздан эч нерсе жашырбаңыз, мамилеңизди чынчылдык менен баштаганыңыз жакшы. Жаңы жумушка орношкондор үчүн жетекчилик жана кесиптештер менен баарлашуу, тил табышуу, көнүшүп кетүү үчүн жакшы мезгил болот. Чөйрөңүздөгүлөр сизге ишеним артып, олуттуу ишти аткарууну сизге жүктөшөт. Ал тапшырманы мыкты аткаруу менен каржылык мүмкүнчүлүктөрүңүз кеңейет.

Балык
(20.02–20.03)

Мыйзамсыз иштерге аралашкан жаман адамдарга көз каранды болуп калбаш үчүн чөйрөңүздү тазалаңыз. Алардан тазалануу үчүн чечкиндүү кадамдарга барууга туура келет. Сүйүү мамилесинде ойлонулбаган кылык-жоруктун баары кыйратуучу жана көңүл калуучу нерселерге алып келиши мүмкүн. Балык айымдар жумушуна жаңы келген кызматкерлер менен оңой тил табышып, дос болуп кетишет. Жеке жумуштарыңыз көбөйүп, убактылуу эс алууга чыгасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1130, 1-7-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан