Алмаз Аманбаев, актёр, шоумен: «Мектепти бүткүчө акыркы атамандыкты эч кимге берген жокмун»

Бул жигитти көпчүлүк буга чейин күлкү жаратуучу, пародист, шоумен катары тааныса, эми актёрлук талантын сыноого мезгил келгендей. Алмаз Аманбаев жакында дагы бир тасмага тартылып, учурда көңүл борборунда.   

– Алмаз, кандайсыз? Маектешүүнүн мөөнөтү улам артка жылып жатты, жумуш ушунчалык көппү?

– Жакшы. Жакында эле Самат Эркинбек уулу байкебиз менен “Карындаш” тасмасынын бет ачарын өткөрдүк. Ушул тасмага тартылуу, бет ачарга даярдыктар болуп чын эле колум бошобой жатты. 24-июль күнү Бишкекте кинонун бет ачарын өткөрдүк, андан бери да аймактарда жүрөбүз кинонун бет ачары менен. Тасманын режиссёру, сценарийин жазган да, башкы каарман да Самат байке. Мага сценарийди айтканда эле жактыргам. Анткени Советтер Союзундагы жашоону сезгим келчү, кызыкчумун. Кинону Нарындын Куланак айылынан тарттык, жанры ретро комедия. Тасманын ичинде өзгөчө окуялар бар.

– Тасмада кандай образ жараттыңыз? Кастинг аркылуу тандалдыңызбы же...

– Самат байке «сага ушундай образ жазышыбыз керек» деп өзү сунуштады. Тепи деген «өзгөчө» баланын образын ойнодум. Ал тасмада келечектен келген кызды сүйүп калам. Самат байкенин кошунасымын.

– «Өзгөчө» баланын образын ачыш үчүн кандай тобокелдиктерге бардыңыз? Кыйынчылыктар болдубу?

– Тобокелдиктерден айтсам, чачымды алдырдым. Башка кыйынчылык деле болгон жок. Дароо эле жакшы ойноп кеттим, образды ачып бере алдым деп ойлойм.

– Баш-аягы канча тасмага тартылдыңыз?

– Мен ушуну менен төрт киного тартылдым, “Эгиз”, “Кредитке келин”, “Буюрса”, анан ушул кечээ жакында жарыкка чыккан “Карындаш” тасмасына.

– «Кыргыз стендапка» качантан бери катышасыз?

– «Кыргыз стендап» долбоору негизинен кыргыз тилин өнүктүрүү максатында ишке ашырылат. Негизги максаты ушул. Юмор айтуунун, юмордун жаңы стили десем да болот. Бул долбоорго мени Мыкы (ред.: Мыктыбек Мукаев, шоумен) чакырган. Өзүмдүн да катышкым келип жүргөн эле, сунушуна макул болуп, ошентип табышып калдык.

– Андагы айткан тамашалардын баарын өзүңүз жазасызбы?

– Ооба, тамашаларды көбүнчө өзүм жазам. Кээде команда менен да иштейбиз, отуруп алып текстти текшерип, оңдоп-түзөөлөрдү киргизип даярдап чыгабыз.

– Көрүүчүлөр күлбөй койгон учурлар болобу? Андайда жагдайдан кантип чыгасыз?

– Эл күлбөй койгон учурлар болот, андайда импровизация кылып абалдан чыгып кетишиң керек. Сахнада турган жериңден дароо башка жолдорду, сөздөрдү издеп колуңдан келишинче аракет кыласың.

– Чыгармачылыкта, жеке жашоодо алдыда дагы кандай пландар бар?

– Чоң пландарыбыздын бири – «Кыргыз стендап» менен концерт берсекпи деген ойлорубуз бар, Кудай буюрса. Анан жеке өзүм кино тартсамбы деген да жакшы ой-максаттар бар. Эми көрөбүз, алдыда пландар көп негизи.

– Апаңыздан алыс чоңойгонуңузду айтып жүрөсүз, ал киши менен азыр байланыштасызбы?

– Бул темада айтпай эле коёюнчу.

– Баккан апаңызчы, ал кандай аял?

– Мени баккан аял атамдын бир тууган эжеси болот. Бизди эч нерседен кем кылбай бакты, чоңойтту. Жакшы тарбия берди. Ыраазымын ага.

– Сүйлөө манераңыздан эркелегиси келген адамды байкадым. Эркесизби?

– Эрке деле эмесмин, анча-мынча эркелегендей сүйлөсөм керек. Бирок эркелебей эле жүрөм го дейм.

– Өткөн жылы сүйлөшкөн кызыңыздын колун сурадыңыз эле. Учурда мамилеңер кайсы этапта?

– Азырынча бул тууралуу айтпай турайын.

– Буга чейинки жашооңуздан эмнени көп эстейсиз?

– Балалыгым Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында өттү. Кичинемде чоң балдар мени көчөдөн кармап алып Расул Маматкуловдун “От болдум, күйүп болдум” деген ырын ырдатып күлө беришчү. Ошентип ырдап, ырдаган акыма 1 сом алат элем (күлүп). Ошол кезде телевизордон “Клон” деген сериал көрсөтүлчү. Анын башталышында актёрлорду тааныштырган жерин “Мурилу Бенисиу, Жованна Антонелли” деп бардыгын жаттап алып, сериалды төкпөй-чачпай айтып бере берчүмүн. Ошондон улам баары мага кызыгышчу.

– Тентек белеңиз? Кызыктуу окуялардан эстеп көрбөйлүбү?

– Ооба, аябай тентек болгонмун. Бир жолу 1-класста мектепке эшекчен кирип барып, эшектей таяк жегем (күлүп). Үйдөгүлөр азыркыга чейин айта берген дагы бир кызыктуу окуя. Бир жолу айылыбызга темир алгандар келди. Мен ал чоң КамАЗды “үйдө темир бар” ээрчитип келип, үйгө келгенден кийин “мына” деп 1 килограмм темирди көргөзсөм, КамАЗдын айдоочусу аябай каткырып күлгөн. 

Эң алгач 1-класска барганда мектепти, мугалимдерди көрүп аябай таң калгам. Үйгө келгенде апамдар “мектеп кандай экен?” деп сурашса, “бир жоолукчан келин кирип, бизге тамгаларды үйрөттү, жыгачтарга отургузду” деп айтканым эсимде. 1-класстан баштап эле тарых сабагына кызыктым, мектепти бүткүчө жакшы көңүл бөлүп окудум, тарых сабагын “5ке” окудум десем да болот.

– Канчанчы атаман элеңиз?

– Жашырбай эле айткан жакшы го, мен акыркы атаман элем. 1-класстан 11-класска чейин акыркы атамандыкты эч кимге берген жокмун.

– Кичинеңизде ким болгуңуз келчү? Кимди кумир тутчу элеңиз?

– Бала чакта эле актёр болгум келчү, актёрлукка кызыкчумун. Айтылуу Дооронбек Садырбаев атабызды кумир туттум, азыр да кумир тутам. Маданият тармагында ошол кишидей элге кызмат кылгым келет.

– Музыкалык билим алып, кантип бул тармакка келип калдыңыз?

– Ооба, мен Ош мамлекеттик педагогикалык окуу жайынын музыкалык бөлүмүндө билим алдым. Ал жерде окуп жүргөндө университеттер аралык КВНге катышып жүрдүм. Бир жолу мэрдин кубогу болуп, ошол оюнда биздин команда Кубокту утуп алдык. Ошол жерде калыстар тобунда “No Name” командасынын капитаны Мурат Жалиев отурган. Менин талантымды байкап, “Тамашоунун” Оштогу филиалына чакырган. Ош филиалында “Ошто чемпион болсоң Бишкекке барасың” деген эреже бар эле. Ошентип Ошто чемпион болуп, команда түзүп, Бишкекке “Тамашоуго” келип жүрүп, “Тамашоу” аркылуу элге аз да болсо таанылып, ошондон бери эле кызмат кылып, актёрлукка аралашып келе жатам.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1130, 1-7-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан