«Бакма кыз экенимди 28 жашымда билип калдым...» Өз апасын издеген кыздын баяны

“Депрессияда жүргөнүмө бир жылдан ашты. Бакма кыз экенмин, мени төрөп таштап кеткен адамга жолуккум келет” дейт каарманыбыз. Учурда Москвада иштеп жүргөн К.Р.  (ред.: аты-жөнү каармандын суранычы менен кыскартылды) турмуштагы оор сыноосун баяндап берди.

«Таенем көз жумгандан кийин апам экөөбүздүн мамилебиз бузулду»

– Апамдын айтымында, 1994-жылы 12-апрелде Бишкекте төрөлгөн экенмин. Таенем менен апамдын колунда чоңоюп, балалыгым шаарда өттү. Энелик мээримди мага таенем берди. Ажал экен, ал киши 2009-жылы көз жумган. Ошондон кийин апам экөөбүздүн ансыз да салкын мамилебиз ого бетер оорлошту. Билбейм эмнеге, бакма кыз экенимди биле электе эле апамдан бир муздактыкты сезчүмүн, кызындай жакшы көрө алчу эмес. Таенем каза болгондон кийин экөөбүз такыр эле тил табыша албай, туугандар менен да катташпай калдык. Мага катаал мамиле кылды, ошол үчүн эртерээк эркиндикти самап 15 жашымда эле апамдан бөлөк жашап калгам. Кызыл-Аскерде үйүбүз бар эле, таякем апамдын ишенимине кирип, алдап-соолап үйдү саттырып, акчасын каякка коротконун өзү да билбей калыптыр. Таенем каза болгондон кийин апам катуу депрессияга түшүп, ошол абалдан чыга албай психикалык ооруга кезикти. Үйдө жалгыз калгандан коркот, ишенчээк, жаш баладай эле ар кимге алдана берет, врачтар Альцгеймер деп диагноз коюшкан. Бирок мен ал диагнозго ишенбейм. 15 жашымдан тарта иштеп, апамдын батир акысын төлөгөнгө жардам берип жүрчүмүн. Бирок акыркы 4 жылдан бери аны менен сүйлөшпөйм, каякта экенинен да кабарым жок. Өзүм 4 жылдан бери Москвада иштейм, үй алганга акча чогултуп жүрөм. Турмушка чыгып, жарандык никеде жашап ажырашкам. Балам жок. 

«Архивден документ издеп жүрүп бакма экенимди билдим»

– Секелек кезимден ата деген кандай болот, ал кандай адам деп кызыга берчүмүн. Курдаштарымды аталары мектептен алып кетсе мен томсоруп туруп калчумун. Ошондо “менин атам каякта, ал неге келбейт?” деп өзүмө, апама суроо бере берчүмүн. Бир жолу апамдын “сенин атаң менен Жалал-Абаддан таанышкам, сени кыйналып төрөгөм” деп айтканы эсимде. Атамды абдан көргүм келчү. Ошентип чоңойгондо атамды издеп, илгерки катташпай калган туугандардан бери атам тууралуу сурап чыктым. Эч кимиси кабар айткан жок. Өзүмдүн туулгандыгым тууралуу күбөлүгүмдүн түп нускасын архивден издеп жүргөндө бакма кыз экенимди билдим. Мен бул темада азыр апам менен сүйлөшө албайм, ал андай учурларды эстеп айтып бере ала турган абалда эмес. Баягы эле туугандарыма кайрылдым, таежем “ооба, сени багып алышкан” деди. Муну туугандардын баары билишет экен. Өспүрүм кезде апама таарынганда курбуларыма “ушул менин апам эмес болуш керек, мени багып эле алган окшойт, болбосо өзү төрөгөн кызга кантип ушундай мамиле кылсын?” деп даттана берчүмүн. Ошол шектенүүм чын чыкканда ызаланып буркурап ыйладым. Айтып коюш оңой, бирок андай абалды сезүү, баштан өткөрүү кыйын экен. Буга чейинки бүт өмүрүм көз алдыма тасмадай тартылып жатты. Апамдын мага энелик сүйүү бере албаганынын себебин ошондо түшүндүм. Ичимде ыза, таарыныч дагы деле жашайт, суук кабарды укканыма 2 жыл болсо да өзүмө келе элекмин.

«Мени төрөп, таштап кеткен аялдын жүзүн көргүм келет»

– Архивдик документтер боюнча, мен төрөтканада же балдар үйүндө эмес, Свердлов РИИБинде катталыптырмын. Апам мени ошол жактан алып кеткен окшойт. Кандай болбосун мени чоңойтуп адам кылган апама ыраазымын, көчөгө таштап салган жок, кийиндирип-ичиндирип бакты. Бирок азыр биологиялык апамды тапкым келет, анын жүзүнө карагым келет. Аны тапсам деле апама эркелегендей эркелеп, кучактап-өпкүлөй албайт болушум керек. Мени төрөп таштап кеткен кандай аял экени кызык. 9 ай көтөрүп, 9 ай курсагын сылап, ичиндеги бала менен сүйлөшүп мээрим берген аял кантип наристесин таштап салды экен, элестете албайм. Мен кандай адаммын? Киммин? Кандай адамдардын каны бар денемде, баары кызык. Атамды издеп жүрүп, минтип апамды кошо издеп каларым такыр оюма келген эмес.

«Мага окшош аял көрсөм, апам эмеспи деген ойлор келет»

– Ой – күлүк эмеспи, бакма экенимди билгенден кийин көчөдөн мага окшош аялдарды көрсөм “ушул аял менин апам эмеспи” дей берчү болдум. Жакында бир эненин небересин издеп жатканы тууралуу макаланы окуп калдым. Макалада ал эне Алтынай деген кызы 17 жашында кош бойлуу болуп калып, элдин сөзүнөн коркуп кызын үйдө жашырып кармап, кийин Жалал-Абад облустук төрөтканасында төрөтүп, баладан мажбурлап баш тарттырганын айтып бериптир. Ал кызы кийин турмушка чыгып, бирок баласы ичтен өлүк төрөлгөндө дарыгерлер жатынын кошо алып салганга мажбур болушуптур. Эне “неберем 1994-жылы 3-11-марттын аралыгында төрөлгөн болчу” деп жатат. Менин туулган жылым 1994-жыл, 12-апрель. Балким, баккан апам мени багып алган күндү туулган күнүм катары жаздырып койгонбу деп ойлойм. Анан да менин баккан апам педиатр, “сен төрөлгөндөн кийин декретке чыгып, иштебей калгам” деп айтып калчу. “Жалал-Абадда да иштегем” деп көп айтчу, бирок кайсы жылдары иштегенин так билбейм. Негедир аталган макаланы окугандан кийин мени түшүнүксүз сезимдер, ойлор чулгап алды. Ошондон улам сиздерге кайрылып, ал айымды издөөнү туура көрдүм. Алтынай эже, эгер бул макаланы окуп жаткан болсоңуз, мени менен кабарлашыңыз. Балким, сиз мени төрөгөн аял болуп калышыңыз мүмкүн.

«Балага бакма экенин эрте айтыш керек экен»

– Кыргызстанда мага окшош бакма уул-кыздар көп эле болуш керек. Алар бакма экенин кандай жагдайда угушкан, мага да кызык. Бирок адамга бакма экенин 30 же 40 жашка чыгып калганда айтпаш керек экен. 30-40 жыл жашырып жүрдүңбү, андан ары деле айтпай коё бер. Ал сыр ошол адамдар менен түбөлүк сакталып калсын. Айтууну чечишсе, анда эртерээк, бала кезинде айтышы керек. Анда да акырындан түшүндүрүп, сүйүү, мээрим төгүп айтышса... Анткени мен бакма экенимди укканда чоң сокку алдым, эмоционалдык абалың начар болсо, мындай кабар бардык ишиңе, жашооңо таасирин тийгизет тура. Ал соккудан дагы деле бутума тура элекмин. Укканда да мени баккан апамдан эмес, таежемден угуп жатам. Бул өтө оор жана адам чыдагыс сезим. Мындай абалды эч кимге каалабайм.

«Багып алгандан кийин толук кандуу мээрим бергиле»

– Бала багып алган ата-энелерге кайрылып кетет элем. Силер баланы көчөдөн же таштандыдан таап алган жоксуңар, жоопкерчилик алып, багам деп алгандан кийин толук кандуу ата-эне болгула, бакма балдарыңарга мээрим, сүйүү бергиле. Мен өзүмө окшош көп бакма балдар менен баарлаштым, айрымдарынын ата-энеси  себепсиз эле муздак болуп, сүйүлбөй, мээрим жетпей жарты адам болуп калышкан. Балдар үйүндө чоңойгон жеткинчектерден айырмабыз – алар ата-энеси жок экенин билишет, аргасыз жашоо үчүн күрөшүшөт, а биз билбейбиз, түшүнбөйбүз эмне үчүн ата-энебиз мындай мамиле кылып жатканын. Ошондуктан тегиз мамиле кылып, адилеттүү болушуңар керек. Болбосо “травмалары” көп, көйгөйлүү улан-кыздарды коомго кошосуңар.

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1130, 1-7-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан