Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Шоола энтиге дем алды. Жүрөк тушун кармай берди. Эмнегедир алсырап, чекесинен тер чыпылдап жатканын байкады. Апасы башка бир бөлмөдө уктап жатты эле, анын тынчын алгысы келген жок. Ансыз деле байкуш апасы жарытылуу уйку көрбөй калды. Шооланын жанында такай болот. Абалы кескин начарлап, капысынан жыгылып калабы деп чочулайт окшойт. Арыктап да кетти. Апасынын уктап жаткан жүзүн сүйүү менен карап турду.

– Ай, апам, эмнеге мынча түйшүктүү жаралдым экен? Мен үчүн өмүрүңдү жакшы жашай албадың. Менин оорумдун айынан атам менен ажыраштың. Менин айымдан башка адамга турмушка чыкпадың. Эми менин айымдан кыйналып жатасың. Бирок, апа, сен мени түшүнөсүң деп ойлойм. Мен да энелик бакытты таткым келет. Ичимдеги баламды өз өмүрүмдү сакташ үчьн алдырып салсам, эмнем эне? Эмнем инсан? Анын да мендей эле жашоого укугу бар эмеспи. Колумдан келгени үчүн гана мен анын жашоосун токтотуп коюшум керекпи? Мен жашашым үчүн, анын өмүрүн кыйышым керекпи? Андай болсо анда энелик ыйыктык кайда калат? Мен билген, көргөн энелик орун так сеникиндей. Өзүм кандай абалда болсом да баламдын жашашы үчүн аракет кылышым керек. Анын жашоосу үчүн так сен күрөшкөндөй күрөшкөнүм туура. Сен менин оорукчан экенимди билип туруп мени жашатышка аракет кылдың. А мен ден соолугу чың баламды, өз өмүрүм үчүн курмандыкка кантип чалам? Мени Канат да, башка да түшүнбөшү мүмкүн, апа, а бирок сен түшүнөсүң. Анткени сен да мен бараткан жолдон өттүң!

Ушинтип сүйлөшүп жатты ичинен апасы менен. Ичиндеги баласынын кыймылдап жатканын сезип, курсагын колу менен сылап ырахаттана жеңил дем алды. Бирок жүрөгүнүн мыжыкканы токтобой жатты. Таң атсын деди ичинен, апасын ойготкусу келбей. Жанат үйдө жок эле, ага телефон чалса албай койду. Суу ичейин деп бара жатып ашканага жеткенде күп этип жыгылып түштү, эсин жоготуп койду.

Жанат эл аралык бир долбоорго жетекчи болуп, ошону ишке ашырам деп жанталашып жүргөн. Үйүнө келип, эшикти ачып эле полдо жаткан Шооланы көрдү.

– Шоола?

Башын жөлөй калып жүзүнө түшкөн чачтарын ачты. Купкуу болуп, эриндери көгөрүп кеткен экен.

– Шоола!- деп бакырып жиберди. Аңгыча апасы ойгонуп чуркап келди.

– Кудай ай, эмне болуп кетти?

– Кирип келсем жерде жатыптыр.

– Чал, врачка телефон чал!- деди апасы карбаластап.

Жанат өмүрүндө мынчалык коркпогон эле. “Тез жардамдын” унаасында баратып ичинен Жаратканга жалбарып жатты. Аялы менен төрөлө элек баласынын аман калышын тилеп жатты. Шооланы врачка алып кирип кетишти. Жанат дароо агасына телефон чалды.

– Алло, Канат, кайдасың?

– Шаардамын, кеч келгем. Эмне болду?

– Шооланын абалы жаман. Ооруканага келе калчы.

Шашылып кийинген Канат дароо жөнөп кетти. Жанат мүңкүрөп жалгыз отурган экен коридордо. Канатты көрөрү менен аны кучактай калып ыйлап жиберди. Болгон коркуусун, айласыздыгын агасы менен бөлүшүп жаткандай болду. Кичинесинен ушундай. Канат жанында болсо кадимкидей күч алып тынчтана түшөт. Азыр да жаш баладай аны кучактап ыйлап жатты. Мээсинде ыраазычылык жылт этти. Канат ал үчүн бир чынар дарактай эле. Элдин баары анын көлөкөсүндө эс алат, чарчоосу басылат, коркуусу кетет. А бирок чынар даракка эч ким көлөкө бербейт. Ал күчтүү болгон үчүн типтик, бир калыбында тура берет. Канат дал ошол даракка окшош эле. Азыр өзү жанчылып, эки эсе жүрөгү сыздап турганына карабай инисин сооротуп, колдоп жанында отурду.

– Кирип барсам Шоола жерде жатыптыр. Эмне кыларымды билбей калдым.

– Коркпо. Бир чарасы табылат.

– Дербишти таптыңбы?

– Таптым, бирок...

– Эмне бирок?

– Ал жардам бере албайм деди. Андан үмүт үзүү керек болуп калды.

– Эми эмне кылабыз?

– Түркияда да бир адам бар деп уктум. Ошол адамга байланышка чыгуубуз керек.

– Жолдо узакка жүрө албайт деп жатышпайбы врачтар?

– Анда аны алып келүү керек болот. Бир жол табышыбыз керек. Бир жол сөзсүз чыгышы керек. Жанат, финансылык абалың кандай?

– Тыйын бар, керек болсо үйдү деле сатабыз, Канат. Болгону аман калсын Шоола.

– Анда мен тааныштар аркылуу жанагы түркиялык врачка байланышка чыгайын. Аны бул жакка алып келүү керек, канча акча болсо да төлөйбүз деп айтайын.

ххх

Шоола көзүн акырын ачты. Жанында Жанат отурат деп ойлогон. Көзүн ирмегилеп, Канат отурганын көрдү.

– Салам,- деди алсыз жылмайып.

– Кандайсың?

Шоола кайрадан көзүн жумду. Алы кетип, шалдырап жатканын байкады.

– Баланын абалы жакшы дештиби?

– Экөөң тең жакшы болосуңар, буюрса.

– Сен Ысык-Көлдө эмес белең?

– Кечээ келгем.

– Таптыңбы?

– Таптым, бирок...

Канат мукактанып кетти. Дербиш сага жардам бере албайт экен деп айтыш оор болуп турду. Шоолага үмүт берип коюп, аткарылбай калганына жаны кейип жатты. Шоола анын колун таап, акырын кысты.

– Сенин күнөөң жок. Колуңдан келгенин кылдың. Рахмат сага!

– Мен башка бир врач таптым. Түркияда...

Шоола “унчукпа” дегендей колун жаңсай берди. Канаттын сөзү оозунда калды.

– Жанат кайда?

– Азыр келет, врач менен сүйлөшкөнү кеткен.

Ушул учурда Жанат кирип келди. Кабагы карыш түшкөн, врач ага оңгулуктуу деле бир нерсе айтпаганы билинип турат. Шоола акырын үн катты.

– Мени үйгө алып кеткилечи. Сөз берем, ар күн келип турам врачка. Апам дайыма жанымда. Эч нерседен коркпогула, баары жакшы болот.

Үчөө тең үнсүз отурушту. Бири-бирин жубатканы менен жүрөктөрүндө чоң коркунуч бар эле. Ошол коркунучту жашыруу үчүн бири-биринин көздөрүнө карай алышпады.

ххх

Дербиш Канат кеткенден кийин терең ойго чөктү. Анын окуясынын таасири көкүрөгүн тытмалап жатты. Так эле уулуна окшогон бул жигит анын бекем чечимин бузуп, артта калган жашоосуна кайра көз жүгүрткөнгө мажбур кылды. Ким бул? Эмнеге маркум уулуна абдан окшош? Алтургай жылмайганы да окшош... Карттанып бара жаткан жарасы кайра сыйрылгандай кыйналып жатты. Башка нерсеге алаксыйын десе деле болбой, жигиттин элеси көз алдында тура берди. Жашоодо окшош адамдар болорун билет. Алтургай эгиздей окшоштор да кездешет. Муну илим да тастыктаган. Бирок баары бир туңгуюк ой көңүлүн өйкөй берди. Канат ким? Анын көзүндөгү терең кайгынын оордугу ушунчалык экен, эч кимди кайдыгер калтырчудай эмес. Өзү кимдир бирөөнү ушунча жакшы көрүп, ал үчүн күрөшө алды бекен бул жашоодо? Деги эле кимди чындап сүйдү болду экен? Ойлор чууруй берди. Тынч алдыра койчудай эмес. Тоо коюнуна келип, элдин баарынан жашынса да өзүнөн жашына албайт тура адам деген. Акыры айылга бармай болду. Эмнеге экенин өзү деле билбеди. Аны досу таң кала тосуп алды.

– Сен тоодон бул маалда түшпөчү элең? Эмне болду?

– Сен бир жигитти жиберген экенсиң. Тынч жаткан дүйнөмдү аңтар-теңтер кылды. Эмнесин айтасың, досум. Бул дагы жашообуздун бир табышмагы окшобойбу?

Дербиш көзүн жумуп бир азга унчукпай калды да, акырын үн катты.

– Сен да байкадыңбы?

– Эмнени?

– Менин уулума окшоштугун...

– Байкадым, ошол үчүн жибердим. Эмнегедир ал жигитти көрсөң сага жеңил болот деп ойлодум. Бирок тескерисинче болгон окшойт...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1130, 1-7-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан