Бакас, ырчы: “Ошол окуядан кийин кыздарга тийишкис болгом...”

Кийинүү стили, ырдоо манерасы, сахнадагы образы менен өзгөчөлөнгөн ырчы Бакас бул жолу балдар узаткан суроолорго жооп берет. 

Аделя Исаева, 10 жашта:

– Саламатсызбы, Бакас байке? Сиз мендей кезиңизде эле ырчы болгуңуз келчү беле?

– Саламатчылык. Эс тарткандан баштап эле ырчы болом деген кыялым бар эле. Бала чакта сыналгыдан артисттерди көрүп, “ушулардай болом” деп ата-энеме айта берчүмүн. Кудайым буюруп, ошол кыялыма жеттим.

– Мезгил өтөт, картаясыз. Ошондо деле ушундай ырларды ырдай бересизби?

– “Жаштыгыңда өрт бол, болбосо жок бол” дейт кыргыз. Азыр энергия, күч, жаштыгым бар, ошондон пайдаланып сахнада күйүп-жангым келет. Бактылуу карылыкка жеткенде, убакыттын өтүшү менен олуттуу ырларды жаратабыз.

– Сиз турмушта дагы ырларыңыздагыдай шайырсызбы? Капа болосузбу?

– Менин бир көзүм күлүп турганы менен, бир көзүм ыйлап турат. Чыгармачыл адам болгон соң көңүлүм назик, бат таарынып, бат жазылам.

Атай Кылычбеков, 7 жашта:

– Ырчылыкка кантип келип калдыңыз?

– Мектепти аяктаган соң борборго келип, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театр окуу жайына тапшыргам. 4 жыл окуп, актёрдук кесипке ээ болдум. Андан соң ырларды жаратып, шоу чөйрөгө аралаштым.

– Сиз байсызбы? Үйүңүз 2 кабатпы?

– Үйүм 9 кабат (күлүп). Байлыкты ар ким ар кандай түшүнөт. Кудайга шүгүр, мен баймын. Алты саным аман, ата-энем бар, ден соолугум чың, балам, кызым, жаркыраган келинчегим, бир туугандарым бар. Мага баары жетиштүү. Эң башкысы, адамдын көкүрөгү бай болушу шарт. Калган материалдык нерселер келип, кайра кете берет.

– Бизнесиңиз барбы?

– Бизнесим жок.

– Сизге ырчы болгон жагабы же бийлеген жагабы?

– Мага актёр болгон жагат. Актёр ойнойт, ырдайт, бийлейт, баарын кылат.

Ооматбек Асанов, 12 жашта:

– Бала кезде кайсы спортко кызыкчусуз?

– Эркин күрөшкө кызыкчумун.

– Сизди колдоп-коштоп жүргөн адам ким?

– Ата-энем, үй-бүлөм, мамилелеш жакындарым.

– Токмок жедиңиз беле? Кимден жана качан токмок жегенсиз?

– Ооба, жегем. Акыркы жолу токмок жегеним мындан 7-8 жыл мурун болуш керек. 4-5 бала сабап кеткен. 

Айдарбек Туманбаев, 4 жашта:

– Бакас байке, Мен Айдармын, тамак жасашты билесизби?

– Жумуртка кууруй алам (күлүп).

– Бакас байке, сиз менен дос болсом болобу?

– Болот.

– Мага эртең балмуздак алып бересиз, ээ?

– Алып берем.

Айсезим Курбаналиева, 6 жашта:

– Мен сизге баргым келип жатат, кайсы жердесиз?

– Борбордо.

– Тентек баладай көрүнөсүз, көп мушташасызбы?

– Жок, азыр мушташпай калгам. Бирок бала кезде көптөрдөн таяк жеп, көптөрдү таяктап чоңойгом.

– Кыздарды кантип гений, күчтүү кылып тарбияласа болот?

– Негизи эле баланын өзүнүн дээринен болот окшойт. Гений болуу үчүн көп изденүү, илим-билим алуу керек. Ар бир ата-эне баласынын өнүп-өсүүсүнө бардык жагынан салым кошушу керек.

Автандил Маматкеримов, 15 жашта:

– Мен азыр тезирээк чоңоюп, өз алдымча болгум келет. Сизде да ушундайбы? Балалыгыңызга кайткыңыз келеби?

– Ооба, мен дагы бала кезимде абдан тез чоңоюп, өзүнчө тиричилик кылып кетким келчү. Бирок шашпаш керек экен. Ар бир нерсенин убакыт-сааты келет. Азыр балалыгыма аябай баргым келет, тилекке каршы, мүмкүн эмес. Ар бир учурду баркташ зарыл, бүгүнкү күндү жаркырата жашаш керек. Бүгүнкү күнүң – сенин эртеңки тарыхың.

– Мен азыр сүрөттү жакшы тартам, сиз мектепте сүрөт сабагын кандай окугансыз?

– Мен сүрөт тарта албайм, сүрөт сабагынан анча деле жакшы окучу эмесмин.

– Мектептеги кездин азыркы ийгилигиңизге тиешеси барбы?

– Ооба, мектепте ар кандай коомдук иш-чараларга, КВНге, ырдоо боюнча сынактарга катышып, грамоталарды алып, элдин алкоосу, кол чапканы мага аябай дем берген. Анан “ии, мен артист болушум керек экен” деп чечкем.

– Ата-энеңизден көп уруш уккан тентек бала белеңиз? Балалыктагы кандай окуялар эсиңизде калган?

– Мен аябай шок болчумун, ата-энемди жаштык кылып көп беймаза кылдым. Атам мүнөзү катаал киши, ал киши дароо эле урчу, тарбия катуу болгон. Балалыктагы эсте калган окуялар абдан көп. Бир жолу менден бою узун, 175 сантиметр болгон классташ кызыма тийише коюп, аябай таяк жегем (күлүп). Бетимди аябай тыткылап сабаган, ошондон кийин кыздарга тийишкис болгом.

Сезим Мырзамаматова, 9 жашта:

– Образыңыз өзүңүзгө жагабы?

– Албетте, азыр ар бир жараткан образым өзүмө жагат. “Кичинекей роль болбойт, кичинекей актёр болот” деп коёт. Кичинекей образ болсо дагы ошону ийине жеткиргенге аракет кылам. Азыркы Бакастын образы өзүмө жагат. Жакпаса, бул образды алып чыкпайт элем да.

– Тоту куш жөнүндө кызыктуу 5 факт айтып бериңизчи…

– Тоту куштардын табиятынан эс-тутуму мыкты болот экен. Алар адамдын үнүн, иттин үргөнүн, мышыктын мыёологонун, эмне үн укса эсине тутуп калышат. Үйдө эки же андан көп тоту куш болсо, адамдын сөздөрүн туурашпайт. Эгерде бирөө гана болсо, жалгыздыктан зеригип адамдардын сөздөрүн кайталашат. Тоту куштар эркиндикте 45-50 жыл жашаса, үй шартында 12 жылдан 15 жылга чейин эле жашашат. Эгерде сага тоту куш алып беришсе, сен аны жакын досуң катары кабыл ал. Аны жулмалаганга, ойногонго, канаттарын кыркканга болбойт.

– Космонавт космоско учканда эмнесин жоготот?

– Космонавт булчуңдардын күчүн жоготот жана сөөктөрү жумшак болуп калат.

– Томас Эдисон ким болгон?

– Томас Эдисон электр шамдарынын эң алгачкы ийгиликтүү үлгүлөрүнүн бирин сунуштаган. Нью-Йоркто электр кубатын өндүрүүчү алгачкы ишкананы негиздеген. Электр арабасын ойлоп тапкан, электроника тармагын негиздеген, үн жазгыч аспап – фонографты ойлоп тапкан. Эдисондун сунушу менен телефондон сүйлөшүү алдында “алло” деп айтуу салты киргизилген.

Иса Кубатбеков, 6 жашта:

– Чоңойгон жакшыбы же кичинекей болгонбу?

– Ар бир учурдун өзүнүн сонун көз ирмемдери бар. Ошол үчүн бала кезде ойноп-жыргап, оюнга тоюп, билим алып, жан дүйнөнү азыктандырып алсаң, бой жеткенде эч качан кор болбойсуң.

– Балдар тентектик кылса кантип жазалаш керек?

– Уруп-сокпой, коркутуп-үркүтпөй, туура түшүндүрүп, сөз менен гана жумшак жеткириш керек.

– Канча жаштасыз? Аялыңыз канчада? Балдарыңызчы?

– Мен 28 жаштамын, аялым 26 жашта. Бир уул, бир кызым бар, уулум 3 жарым, кызым 1 жарым жашта.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1130, 1-7-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан