Бул таланттуу агабыз “бала кезден түнтмүн, театрда 50 жылдан бери жүрсөм да, азыр деле чоочун кишилер менен маектеше албайм” дейт. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү режиссёр, актёр, жакында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалган Эгемберди Бекболиев менен маектештик.
– Саламатсызбы, Эгемберди ага? Ташкентке Кыргызстандын маданият күндөрүнө барып келген соң маектешели дедиңиз эле, кандай барып келдиңиздер?
– Саламатчылык. Жакшы, шүгүр. Биздин театр “Саманчынын жолу” спектаклин алып бардык. Маданият күндөрүнүн ачылышындагы прологго биздин артисттер катышты. Ташкенттеги консерваторияда Муратбек Бегалиевдин концерти, “Кыргыз айылынын” ачылышы өттү. Баары абдан жакшы деңгээлде болду. Союз тарагандан бери бара элек элем, Ташкентти көрүп, суктанып келдик. Убагында Ташкентте окугам, ал кезде башкача эле да, барпылдаган чаң... Азыр көчөлөрү кенен, таптаза, бактары жаңы. Мурун Фрунзени жашыл шаар дешчү эле, азыр Ташкент жашыл шаар болуп калыптыр.
– Көрүнүктүү театрдын көркөм жетекчиси катары ишти эмнеден баштадыңыз?
– Майдын 25и жамаатка көркөм жетекчи катары тааныштырды, чү дегенде эле 26сы Нарынды көздөй гастролго кеттик. Ал жакта 4 күндө 4 спектакль койдук. Азыр сезон эмес да, студенттер, окуучулар жок, көбү эмгек өргүүдө. Ошого карабастан эл жакшы келип берди. Иши кылып ошондон бери тынчый элекмин. Тиякка-биякка чуркап, алдыда боло турган иштерди пландаштырып жүрөбүз. Максатыбыз – эл аралык деңгээлге чыгуу. Ал үчүн биринчи кезекте жакшы режиссёр керек. Жакшы режиссёр болсо жакшы спектакль болот. Жакшы спектакль болсо актёрлор да жакшы ойношот.
– Учурдагы жакшы режиссёр деп кимдердин атын атайт элеңиз?
– Баарынын өзүнүн орду бар, бирок ичинде авангард бирөө болот. Убагында Искен Рыскулов, Жалил Абдыкадыров дегендер болгон. Театр токтоп турбайт, бүгүн башка, эртең башка дегендей. Жаштарга, азыркыларга эмне керек? Ушундай өңүттөн алып караганда, азыр Уланмырза Карыпбаев эмгектери менен Кыргызстанда эле эмес, Орто Азияда оозго алынып жатат, Бакудан Гран-при алып келди. Бул Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик. Өсүп келаткан жаштардан Шамиль Дыйканбаев бар, андан кийинкилер да бар, алар эми алдыда өздөрүн көрсөтөт. Жакында “Эр Төштүк” спектаклин койдук, режиссёр катары Арнис Кыдырмышев дебют жасады. Ал жакшы актёр, жакшы актёр жакшы режиссёр боло алат.
– Театрды досуңуздун сунушу менен тандаганыңызды айткан экенсиз?..
– Бала кезимде үч кесипти жакшы көрчүмүн. Анын эң түпкүрдөгүсү, ачык айтпаганым – артисттик эле. Кичинемден спектаклдерди көп көрдүм, радиодон “Театр микрофондо” деген берүүнү калтырбай укчумун. Телевизордон “Абийир кечирбейтти” көрүп, башкы каарманы Нурдинге суктанып, ошондо “баламдын атын Нурдин коём” дегем. Чынында, кийин баламдын атын Нурдин койдум. Азыр Нурдин 44кө чыкты. Тагдыр экен, кийин мен Нурдиндин ролун ойнодум. Түнт, тартынчаак бала элем. Мына артист болгонума 50 жылдан ашты, азыр деле адамдар менен көп сүйлөшө албайм. Бул нерсе көп жерден жолтоо болот. Мектепти бүткөн кезде Самир деген классташым “театралдык студия ачылып жатат, барбайлыбы, сенде талант бар” деген. Классташым болбосо, балким, театрга келмек эмесмин. Окууга эч кимге айтпай тапшыргам.
– Табияттан түнт адамсызбы?
– Атам түнт киши болчу, аз сүйлөчү. Мен мурда бир туугандардын арасында деле көп сүйлөчү эмесмин, азыр деле көп сүйлөбөйм. Азыр бир неберем мага окшош. Эч ким менен иши жок, сүрөт тартат, бирдемени айтсаң, “ии” деп коёт да, өзү менен өзү жүрө берет.
– Канча небереңиз бар?
– 6 неберем бар. Уулумдун 1 кыз, 2 уулу, кызымдын үч уулу бар.
– Неберелерден сиздин жолду улантчулардын чыгышын каалайсызбы?
– Актёрдук – татаал кесип. Мен кыйнап “бар, актёр бол” дебейм. Эгер өздөрүндө каалоо болсо, каршы эмесмин. Бирок балама айткам, баламда режиссёрго туура келе турган байкагычтык сапат бар эле. “Москвага окууга жиберейин, окуйсуңбу?” десем, анда каалоо болгон жок.
– Жаш көрүнөт экенсиз, спортко жакынсызбы?
– Кыргызча айтканда, 70тин тамагын ичип жатам. Эмдиги жылы, буюрса, 70ке толом. Мурда чуркачумун, кийин неберелүү болгондо жөн эле басып калдым. Убагында “Бий мугалими” спектаклин койгондо бий менен да алектенип калдым. Өзүм кыймылдаганга жакынмын. Азыр убакыт болгондо басам. Анан тамакты азыраак ичиш керек.
– 70 жылдык мааракеңизди белгилейсизби?
– Белгилебейм го. Мындай да, артисттин мааракесин белгилеш үчүн атайын ага арнап спектакль коюп, кече уюштуруш керек. Мен жетекчиликке жаңы эле дайындалсам, моралдык жактан туура эмес болуп калат. Өзүм жетекчи болуп туруп өзүмө спектакль койдурсам, башка артисттердин жүзүн кантип карайм? Болбойт го.
– Кеп нугун театрдагы ролдоруңузга буралы, өзүңүзгө жакканы кайсы?
– Жакпаган роль жок. Кичинекей роль болсо дагы өзүңдүн балаңдай эле. Роль жазылып турат, бирок аны сен жаратасың, эмгек менен жаратасың, жоктон бар кыласың. Аны жаман деп айтыш болбогон нерсе. Мунум жакшы, тиги анча эмес деген болбойт.
– Кыялданган ролдоруңузга жеттиңизби?
– Жок, тескерисинче болду. Кыялымдагы ролдорго жеткен жокмун, бирок кыялымдагыдан да жакшы ролдор туш келди. “Бий мугалими”, “Алчалуу бакта” Трофимов, “Абийир кечирбейтте” Нурдин, “Тагдырдын өгөй балдарында” Куркут. Мен ойлогон эмесмин буларды ойнойм деп. Кээ бир кыялдар ишке ашпай калды.
– Актёр катары өзүңүздү толук ача алдыңызбы?
– Түгөнбөйт, түбү жок да мунун. Азыр дагы ролдор берилип калса, дагы аракет кылсаң, балким, дагы бир башка жагың ачылат. Чексиз нерсе да бул.
– Терс каармандарды да ойногонсузбу?
– Ойногом. Бир жолу терс каарманды ойноп, 2 жарым ай гастролдо жүрүп бир да гүл алган эмесмин. Спектаклден кийин гүл беришет да, баары мени кадимкидей эле жаман көрүп калышчу.
– Эмнеден энергия, ырахат аласыз?
– Неберелеримден. Аябай... Жумуштан чарчап барганда “ата” деп чуркап чыгышат, тим эле эрип кетем. Кичине эле көрбөй калсам сагына берем. Небере ысык, анан таттуу болот дегендин маңызын сезип жатам. Алардын сүйлөгөнүн, каткырганын, чукугандай сөз тапканын көрүп эле маашырланып жыргай берем.
Анан жаратылышты кыдырганды жакшы көрөм. Мурда “батыштан шамал болуп жатат, аба ырайы бузулат” десем Айсалкын эжең (ред.: актриса Айсалкын Осмонова, жубайы) “койчу ай” дей берчү. Азыр ал дагы “батыштан шамал болуп жатат, аба ырайы бузулат” деп калды. Теректер өйдө жагынан ылдыйды көздөй куураса кыш оор болот. Эгерде астынан жогору куурап, жалбырактары түшпөй турса кыш жылуу болот. Ушундай нерселерге баам салгандан ырахат алам.
– Сизди көпчүлүк “Чиркин өмүр” сериалынан кийин жакшы таанып калышты окшойт, ээ?
– “Апамдын махабатынан” кийин. Азыр да көптөр айтышат. Мурунку көрүүчүлөр театрдагы спектаклдерди айтышат. “Сиз ошондо капкара чачтуу болчусуз” деп калышат.
– Чачыңыз качан агарды эле?
– Чачым тээ тиги 91-жылы агарган. Биринчиден, биздин тукумда ак чачтык бар. Экинчиден, 1989-жылы түшкөн сүрөттө чачым кара, 91-жылы түшкөн сүрөттө буурул болуп калыптыр. Бир жылдын ичинде эле катуу агарып кетиптир. 90-жылы иним авариядан каза болгон. Ал өзгөчө жароокер, жаркылдаган жигит эле. Ошондо катуу стресс болгон окшойм.
– Убакыт бөлүп маектешкениңизге ыраазычылык! Ден соолукта болуңуз!
Гулийпа Маметосмон кызы