Жай мезгили – жыл бою топтолгон чарчоону таратып, жаңы дем, жаңы энергия жыйнай турган учур. Адатта, үй-бүлөлүк эс алууларды да жайга белгилейбиз. Быйыл белгилүү жылдыздар кайда, кантип эс алышты?
Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: «Саякатта өмүрүмдө жасап көрбөгөн нерселерди жасадым»
– Көпчүлүгүбүз эле мектепте анкета толтурганда “Чоңойгондо каякка баргың келет?” деген суроого “саякаттагым келет” деп жооп берсек керек. Менин да кыялым дүйнөнү түрө кыдырып саякаттоо эле. Жыл башында дайыма “быйыл өзүм көрбөгөн 4 өлкөнү кыдырам” деп план коём. Быйыл февраль айында курбум менен Шри-Ланкага барып эс алсам, июнь айында атайын долбоор менен Вьетнамга ретрит-турга барып эс алып кайттым. Саякатта өмүрүмдө жасап көрбөгөн нерселерди жасап көрдүм. Кофе иштеп чыккан (обработка) жаныбарлар бар экен, аларга кадимки кофени жедиришип, алар кайра чыгарганда анын кабыгын жайып, кургатып кофе кылып ичишет экен (күлүп). Ошол кофелерди ичип көрдүк. Өмүрүмдө биринчи жолу төө кушка минип көрдүм, жүздөгөн метр бийиктиктеги айнек көпүрөгө чыктым, электр чанасын тептим, анан вьетнамдыктар, шри-ланкалыктар мөмө-жемиштерди кууруп, кургатып жегенди жакшы көрүшөт экен. Биз витамин деп банан, алма, өрүктөрдү чийки үзүп жей беребиз го. Бирок кууруп койсо да даамдуу болот экен. Айтор, менин ар бир саякатым өзгөчө, эсте каларлык өтүп жатат. Бул үчүн Жаратканга шүгүр айтам.
Айгерим Саматова, актриса: «Үй-бүлөбүз менен Сары-Челекке бардык»
– Бизде азыр көптөр саякаттан ырахат алганды үйрөнүп калышты. Анткени саякат адамды өстүрөт, ар бир барган жаңы жериң сенин көз карашыңды өзгөртөт. Биздин кичинекей кызыбыз бар болгондуктан, алыска барбай эле Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырууну чечтик. Быйыл Сары-Челек көлүнө барып эс алып келдик. Эс алуудагы бир кызык окуяны айтып берейин. Сары-Челектин тоосуна чыгып көлдү карап суктанып жаткам. Ошол жерден чуркап видеого түшмөкмүн. Чуркап баратып эле уйдун кыгына тайгаланып кулап түшсөм болобу. Кийимимдин баары булганды. Же көлдүн жээгине барып жууй албайсың, башкалар карап турушат, суу тартыш, душ да жок экен. Колумда турган суусундук менен бир сыйра чайкансам ого бетер булганып жатып калды. Бир маалда мөндүр жаап кирди. Жүдөгөнүмдү сурабагыла. Чарага мөндүр толтуруп, аны эритип суу кылып, ошого чайканып өзүмө келбедимби. Кээде саякат учурунда ушундай ыңгайсыз учурлар да болуп турат.
Каныкей, ырчы: «Кичинемден кыялданган Парижди көрүп келдим»
– Быйыл Германияга иш сапары менен баргам, анан атайын Европага келген соң Парижди да көрө кетейин дедим. Анткени Парижди көрүү балалыктагы кыялдарымдын бири эле. “Миң уккандан бир көргөн жакшы” деген чын экен. Эйфель мунарасын жанынан көрүп, анын сулуулугун, энергетикасын сезе алдым. Парижди атырлардын, сүйүүнүн шаары деп коюшат эмеспи, ошол аура мага кадимкидей сезилди. Париж аябай жакты. Көптөр аны кир шаар дешет, бирок мен жалаң гана жакшы жагын көрө алдым. Париждин мэри жакшы иштейт окшойт, бир дагы таштанды, криминал же баш аламандык көрбөдүм. Аябай бай райондору көп экен. Кара терилүүлөр, мусулмандар жашаган аймактарына да бардым, ал жактар, чынында, бир аз жагымсыз жыттанып турат экен.
Гүланда, ырчы: «Курбуларым менен Ысык-Көлгө бардым»
– Мальдив аралдарында эс алып келүүнү пландап жүрөм, буюрса, быйыл ишке ашырам. Быйыл эки жолу Ысык-Көлгө барып эс алып келдим. Биринчисинде балдарым, экинчисинде курбуларым менен бардым. Балдары бар ар бир аялзаты балдар менен эс алган кандай, курбулар менен эс алган кандай болорун жакшы түшүнүшсө керек. Балдар менен барганда алардын ою менен болосуң, алар баргысы келген жакка барасың дегендей. Ал эми курбулар менен атмосфера башкача. Ысык-Көлдө бир фестиваль өтүп жаткан, эс алуу менен кошо ал концертке катышып, ырдап да келдим. Бизде жумуш менен эс алуу дайыма айкалышып жүрөт.
Альбина Имашова, актриса: «Ташкент менен Самаркандга суктанып келдим»
– Биз бул жайда Ташкентке, андан ары тарыхый Самарканд шаарына барып келдик. Өзбекстан азыр Борбор Азияда туристтерди эң көп кабыл алган өлкө экен, эли да мыкты сервис көрсөтүүгө көнүп калыптыр. Туристтерге мамиле жакшы. Өзбекстан тез өнүгүп жаткангабы, туристтер көрчү жайларды жакшы куруп коюшуптур. Дубайдагыдай музыка менен бийлеген оргумасы, “Мagic city” көңүл ачуучу аттракциондоруна суктандым. Ал эми ашканасына сөз жок, тамактары даамдуу. Кыргызстанда деле ошондой жайларды курсак болот, баары каражатка барып такалат окшойт. Бирок элинин жашоо деңгээли боюнча биздикилер жакшыраак жашайт окшойт деп ойлоп калдым. Анткени биз Самаркандга барганда жашоо шарты аябай начар үй-бүлөлөрдү көрдүк.
Самара Каримова, ырчы: «Дубай, Түркия, Москва, Ташкентке бардым»
– Биз кечээ жакында эле Ысык-Көлдөн келдик. Өзүм көп чет өлкөнү кыдырдым, бирок Кыргызстандын жаратылышына эч бири жетпейт. Мен тоонун кызы болгонгобу, энергияны көбүнчө табияттан, суудан, таштан, тоодон алам. Чет өлкөнүн деңиздери жагат. Эстеп көрсөм бир да жолу өзүм жалгыз саякатка чыгып көрбөптүрмүн, такай үй-бүлөм, жолдошум менен барам. Быйыл жыл башында курбум Дубайдан ресторан ачып конокко чакырган, үй-бүлөбүз менен барып эс алып келдик. Кийин Түркияга, Москвага, Ташкентке бардык. Айтор, быйылкы жыл саякатка бай болуп жатат. Жайында бир гана Кыргызстанда эс алабыз. Саякаттоодо эмоциялар гана эсте калат эмеспи. Ошондуктан ар бир эс алуубузду эсте калгыдай өткөрүүгө аракет кылабыз.
Лунара Бекиева