26-июлда Франциянын борбору Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы өтүп, ага 200дөн ашык өлкөдөн спортчу катышса, аземге 300 миңдей адам күбө болду. Төмөндө Олимпиада ачылышынын, жүрүшүнүн урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.
Да Винчинин “Жашыруун кечесин” ЛГБТ мүчөлөрү пародия кылганда...
Дээрлик 100 жылдан бери Париж өз үйүндө олимп оюндарын өткөрө элек болчу. Париж спорттук мелдештердин заманбап тарыхында үчүнчү жолу Жайкы Олимпиада оюндарын кабыл алуучу шаар болуп калды. Буга чейин аталган оюндарды үч жолу өткөрүү бактысы Лондонго гана буюрган болчу.
Ачылыш аземине токтолсок: Бул ачылыш аземинде дээрлик эч нерсе мурдагыдай болгон жок. Адат болуп калган салттар бузулду. Мисалы, ачылыш аземи стадиондо эмес, Париждин борбордук көчөлөрүндө, Сена дарыясында өттү. 200дөн ашык өлкөдөн келген спортчулар Сена дарыясынан кеме менен өтүшүп, жол жээгиндеги көрүүчүлөр аларга кол булгалап узатып жатышты. Андан соң салтанат Эйфель мунарасынын алдында уланды. Азем учурунда күн бүркөлүп, жамгыр жаады. Нөшөр салтанат бүткөнгө чейин токтогон жок. 4 саатка созулган шоу француз элинин тарыхын, көп кылымдык каада-салтынын жана маданиятынын маанилүү мезгилдерин даңазалады. Атактуу сүрөтчүлөр, композиторлор, модельерлер, жазуучулар, кинематографисттер эскерилди. Уюштуруучулар Леонардо Да Винчинин “Жашыруун кече” деген эмгегине пародия жасашкан. Ал сценада дрэг-квиндер (ред.: аял кийимин кийген эркектер) трансгендер моделдер жана грек Кудайы Дионистин кейпин кийген жылаңач ырчы катышты. Ачылыш аземиндеги бул пародияны көпчүлүк, атүгүл Европанын өзүндөгү жашоочулар сынга алып, “христианчылыкты шылдыңдоо” деп жемелешти. Уюштуруучулар “биз эч кандай бир диний топту шылдыңдоону максат кылган эмеспиз, коомдун толеранттуулугун даңазалоого аракет кылдык” деп актанышып, кечирим сурашты.
Жеңилүү ызасын көтөрө албай, боздоп ыйлап...
Олимпиада оюндары спортчулардын эмоционалдык даярдыгын да сынаган мелдеш. Япониялык дзюдочу, Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, Токио олимпиадасында алтын медаль уткан Ута Абэ Париж олимпиадасында алтын медаль тагынат деген үмүт күч эле, фаворит болчу ал. Беш жыл бою жеңилбей, 47 беттешин катары менен жеңген Ута өз өлкөсүндө тирүү легендага айланган. Ал 1/8 баскычында өзбекстандык атаандашы Диёра Келдиёровага туш келип утулуп калды. Жеңилгис атаандашын жеңип, өзүн көргөзгөн Диёра менен бүгүн бүтүндөй Борбор Азия сыймыктанып турган учур. Ал эми Ута Абэ жеңилүү ызасына чыдабай, машыктыруучусун кучактап бир нече мүнөт бою боздоп ыйлады. Бул окуя далайларды жашытты. Аягында ал көрүүчүлөрдүн “Ута! Ута!” деген кыйкырык, кол чабуусунун коштоосунда аренаны таштап чыгып кетти.
Борбор Азиянын ийгилиги: Казакстан алдыда
1-августка карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Олимпиадада алган медалдардын саны боюнча Казакстан алдыда келе жатат. 60 килограмм салмактагы дзюдочу Элдос Сметов чемпион аталып, казак элине алгачкы алтынды алып берди. Мындан тышкары казактардын эсебинде 2 коло медаль бар. 66 килограмм салмактагы дзюдочу Гусман Кыргызбаев менен 10 метрге пневматикалык мылтыктан атуу боюнча аралаш командалык мелдешке катышкан Ислам Сатпаев менен Александра Ле коло медаль жеңип алышты. Өзбекстанда дзюдочу Диёра Келдиёрова алган 1 алтын медаль бар, ал эми Тажикстанга алгачкы колону 63 килограмм салмакта дзюдочу Сомон Махмадбеков алып келди. Кыргызстан менен Түркмөнстан азырынча байгелүү орундарга илине элек. Мекендешибиз Денис Петрашов менен Эрлан Шеров беттешке чыгып, утулуп калышты. Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалдык баскычка (1-август күнү) өттү.
Орусия менен Беларустун курамалары катышкан жок
Париж олимпиадасына Орусия менен Беларустун курама командалары катышкан жок. Орусия өз өлкөсүндө аталган Олимп оюндарын түз алып көрсөткөн эмес. Айта кетсек, 2022-жылы Орусия-Украина согушу башталгандан кийин Дүйнөнүн спорт комитеттери Орусия менен Беларуска каршы санкцияларды жарыялаган. Орусия жана Беларусь паспортунун ээлери нейтралдык макамда гана катыша алышат. Ага ылайык нейтралдуу макамда катышкан спортчулар өз өлкөсүнүн желегин көтөрүп, гимнин ырдай алышпайт. 2024-жылкы Олимпиада оюндарына нейтралдуу макам менен 15 орусиялык, 17 белорусиялык спортчу катышууда.
Көңүлдү бурган кызыктар
Лунара Бекиева