Жашы 80-90ду таяса да эс-тутуму мыкты, жанаша басса жаштардан ашып кетчү кыргыз энелери көп. Оозунан бата менен акыл-насаат түшпөгөн ошондой энелер бул макалабыздын каармандары. Узак жашооңуздун сыры эмнеде? деген суроого бири “бата менен ушул жашка жеттим” десе, экинчиси “жакшы мүнөздүн таасири тийди” дейт.
КУРМАНБҮБҮ ТОКТОСУНОВА, 95 ЖАШТА: УШУЛ ЖАШКА ЧЫККЫЧА ООРУП ТӨШӨККӨ ЖАТКАН ЖОКМУН
– Жашоо эмне, балам? Жашоону биз колубуз менен жасап албайбыз, сурап да ала албайбыз. Кудай берип жатат, жашайт экенсиң. Учурда 95 жашка чыктым, ушул жашка келип ооруп башымды жаздыкка койгон жан эмесмин. Арак ууртаганым жок. Ден соолугум жакшы. Быйыл жазында койдун шорпосун ичкен соң кан басымым көтөрүлүп доктурга барып калдык. Ошондо “ички аппаратыңыз бүт таза экен” дешти. Болгону бутум ооруп калат, анан бир көзүм жакшы көрбөйт. Ден соолугумдагы кемчилигим ушул.
Улуу кызымды 1959-жылы төрөдүм. Абышкамдын тукумунда уул жок эле, уул күтүштү. Айт учуру болчу, анда да эл чогулуп “кийинкиси уул болсун” деп бата тилешти. Кийинки жылы эле уулдуу болдук, батанын арты менен. Кайненем кыйын киши болчу, алгачкы ушул эки төрөтүмдө бошонгон соң ысыктап кетет деп мага 7 күн күчтүү тамак жедирген жок. Андан соң көк шорпо берип, анан жаш шорпого киргизип таптап баккан.
“Балким, батанын таасиринен ушул жашка келип калдым”
– Мен 1929-жылы июндун 10унда Курман айт күнү төрөлүпмүн. Жылым жылан, келе жаткан жылы жылан кирет, мүчөл жашым. Эл айт намаздан кийин мечиттен чыгып келатканда сүйүнчү барып, ошондо “атын Курманбүбү койгула, өмүрү узун, ден соолугу чың болсун” деп көпчүлүк бата берген экен. Бата деген жакшы нерсе да, балким, батанын таасиринен ушул жашка келип калдымбы дейм.
“Абышкам эрке баласындай эле карады”
– Оо, абышкам атымды айтчу эмес, менден 13 жашка улуу болчу. Мен да анын атын айтчу эмесмин, азыр да айта албайм. Эрке баласындай эле карады мени. Чекеме чертпеди, оор жумуш кылдырган жок. Абысындарым жакшы кишилер болчу, ошолор эле жасашчу. Ал убакта бейкам жашаппыз. Жайлоого кетип бээ саап, кайра кыштакка түшүп оокатыбызды кылчубуз. Аттан коркчумун, мени мингизип жетелеп алар эле. Өзү олбурлуу, кабак салган киши болгонуна карабай үйдө жумшак болуптур. Кичүүбүздү 11 жашына чейин моюнуна көтөрүп бакты. Абышкам 70 жашында, таптаза жүрүп эле кете берди. Бир күн ичим деп, эртеси күнү эле кете берди жарыктык, туура эмес дарылап алыштыбы дейм. Өзүм да бирөөнүн көңүлүн калтырган жан эмесмин. Бир баланы чекесинен чертип, урганым жок, жаман көрөм бала урганды. Адамдын узак жакшы жашоосу кыймыл-аракетинен, кулк-мүнөзүнөн, адаттарынан да болуш керек.
“Ата-энесин сыйлаган баланын иши оңолот”
– Кудайдын кулагы сүйүнсүн, 5 балам, 19 неберем, 34 чөбүрөм бар. Чөбүрөмдүн эң улуусу турмуш курууга жарап калды. Ушулардын өмүр-жашын, ден соолугун, ынтымагын берсин. Ушулардын астында кетсем болду, кар болбосом болду, жаткылык кылбасын деп тилейм. Шаардын абасына карап кыздарымдын колунда турам, эки уулум очор-бачар болуп айылда жашашат.
“Ата-энени хандай көр” дейт, ата-эне жаман болсо да, жакшы болсо да тил, кол тийгизбеш керек. “Атаныкы ок, эненики бок” деп коюшат. Эгер бала энеге жаман мамиле жасаса байкуш эне кечирет, ата кечирбейт. Кеңешим эле ушул, ата-энеге сый мамиле болсо баланын иши оңолот, зоболосу көтөрүлөт. Кишиликтүү болгула, жаман сөзгө барбай, ушакка кирбей, бата алып, өзүңөр да батадан жазбагыла. Ушулар узак жашатып ийбесе да, жакшы жашоого өбөлгө болот, балдарым.
ОРУНКҮЛ КУЛУШОВА, 88 ЖАШТА: УУЛ-КЫЗГА ЖАКШЫ ТАРБИЯ БЕРИШ КЕРЕК
– Узак жашоону Кудайым берет экен, жашап жатабыз. Эми кубат берсин, балдардын жамандыгын көрсөтпөй, жакшылыгын көрсөтсүн деп тилеп отурам. 13тү төрөгөм, үчөө Кудайга керек экен, алып кеткен. 10у бар, 3 эркек, 7 кыз. 31 небере, 34 чөбүрөм бар. Ортончу уулумдун колундамын азыр. Суукта улуу баламдыкына шаарга кетип калам. Балдарым, келиндерим жакшы карайт, ошон үчүн да мен жакшы жашап жатам да. Небере-чөбүрөлөрүм да жакшы чыгышты. Ушулар ыймандуу болушсун, ынтымактуу болушсун, кайрымдуу-беримдүү болушсун.
Ата-эне баланы өмүр бою жүрөгүнө көтөрөт, сыймыктанат, ошолордон кубат алат да. Ошондуктан уул-кызга жакшы тарбия бериш керек, алар үйлөнүп бактылуу болуп жашаса ата-эненин эле сүйүнүчү. Ата-эне өзүн карайт. Балдары жаман чыкса азабын тартып, нерви чарчайт, убайым, санаа тартып ден соолугунан айрылат.
“Такай кыймылда, эмгектин үстүндө болдук”
– Атам жакшы тургандыктан кыйынчылык көп көрбөй чоңойдум. Кийин турмушка чыкканда башында кыйналдык. Жолдошум жетим бала эле да, бирок зирек болгонго окуп, бухгалтер болуп иштеп жүрүп жашообузду оңдоп кеттик. Ошентсе да колхоздо иштечүбүз, ал кезде баарыбызды колхоз жумушка салчу. Аттарды жетелеп жер айдап, буудай эгип, аны орок менен оруп алчубуз. Машак кылып терип да жүрүштү. Чийнелеп чөп ташып... Ал убакта жокчулук, ачарчылык, кийим жыртык эле, кийгенге кийим таппай калган учурлар болгон. Кош айдаганда өгүздөрдү жетелеп кошо айдашчубуз, ошондо шорубуз катып күнү-түнү жатчу элек мал менен. Такай кыймылда, эмгектин үстүндө болдук. Азыркы заман жакшы заман, жаштар ушул заманды көтөрүшү керек. Тынччылык болуп заман балдарга кут болсо экен.
“Адамдын ден соолугун тамак-аш бузат”
– Адамдын ден соолугу тамак-аштан да айныйт. Тамакты ашыкча жебеш керек, пайдалуу азыктарды нормасы менен жеген туура. Болбосо ички аппарат айныйт. Узак жашоо тукум да куушу мүмкүн, өзүмдүн атам 96 жашында узаган. Үй-бүлөбүздө жалаң кыз болчубуз. 6 эжем бар, үчөө эртерээк кетти, калгандары узак эле жашашты. Мен да 88ге чыгып, минтип балдарымдын төрүндө бата берип отурам.
Асел Ишенбай кызы