Бул аптадагы каарманыбыз – КВНдер, “Жарайт Сити” долбоору, “Кошунаны тандабайт” сериалы аркылуу элге таанылган актриса Айжан Аденова. Актриса айым тууралуу 15 факты назарыңызда.
– Мен тууралуу биринчи факты – кичинемден оор спорт түрлөрүн жактырам. 6-7 жаштан баштап бийге барчумун, 13-14 жашымдан кикбоксингге бардым. Бул бир чети өзүмдү коргоо үчүн да болчу. 2 жыл машыгууга катышып, бирок бир машыгууда кара-балталык спортчу кыз тишимди сындыра койгон. Ошондон кийин ата-энем “кой, башка спорт менен менен алектенчи” дешкен. Андан кийин эки жыл айкидого бардым. Бул спорт түрүндө көбүрөөк дисциплина, энергия, философияга басым жасалчу. Ошонусу жакчу.
– 2013-жылы 20 жашымда Кытайда өткөн эл аралык сулуулук сынагына катышып, 50 өлкөнүн ичинен 7-орунду алгам. Айкидодон кийин моделдик бизнеске өтүп кеткенмин. Балким, ошол жактан харизмам ачылса керек. Ага чейин аябай арык, буттарым узун, өзүмө ишенбеген тартынчаак кыз элем. Кытайдагы сынактан кийин өзүмдү сулуу сезе баштадым, жүзүм ачылып, аялдык энергиям жогорулады окшойт. Ага чейин өзүмдү сулуу сезген эмесмин. Себеби мектепте мага жаккан балдар мени такыр карашчу эмес. Ал учурда өзүмдү “гадкий утёнок” катары сезчүмүн. Менин боюм узун, а балдар баары менден кичинекей болчу.
– Унаа айдагандан ырахат алам. Жакшы айдоочумун. Балам төрөлгөндөн кийин менде өзүн сактоо инстинкти күчөп кеттиби, рулга отургандан коркчу болдум. Балам 3 жашка толгондон кийин гана кайра рулга отурдум. Көрсө, балалуу аялдын унаасы болгону жакшы экен, өзүңдү аябай эркин сезет экенсиң. “Мени алып кетчи, мени бул жакка алып барчы” деп жолдошуңа көз каранды болбойсуң. Машинеге отурганда өзүмдү колунан баары келген кыйын сезем. Мага ушул терапия. Музыканы катуу жаңыртып алып трассада унаа айдасаң, адреналин. Жаман ойлордун баары кетет.
– Жолдошум менден 12 жашка улуу. Негизи чүйлүкмүн, бирок жүрөгүмдү Ысык-Көлгө берип койгом. Ошон үчүн көлдүк келин болдум. Эгер күйөөм экөөбүздү салыштырсак, экөөбүз инь-яндай бири-бирибизди толуктап турабыз. Ал токтоо, рационалдуу, баарын сүйлөшүү жолу менен чечет. А мен эмоционалдуу, активдүүмүн. Баламдын кебетеси атасына, а мүнөзү экөөбүзгө тең окшош.
– Кичинемде хордо ырдагам. Биздин хор тобубуз республикалык сынактан 2 жолу жеңип алган. Азыр да ырдаганды жакшы көрөм. Болгондо да мазмуну оор, армандуу, ыйлаткан ырларды жактырам. Учурда кайра-кайра кайталап угуп жүргөн ыр – Гүлнур Сатылганованын “Сага” деген ыры. Ырдаганда, укканда дароо ыйлайм. Жакшы ырдайм деп айта албайм, бирок караоке менен ырдаганды жакшы көрөм. Ырдаганым жолдошум менен балама анчалык жакпайт. А курбуларым “ушул ырды ырдап берчи” деп көп суранышат.
– Элди күлдүргөндү жакшы көрөм. Креативдүүмүн. Ушул сапатымды аябай баалайм, импровизациям жакшы иштейт. Чакан, жабык кампанияларда тамада болуп да иштеп калам. Бир жерде тынч отура албайм, дайыма вайб болуп турушун каалайм.
Апам менен таежем кичинемде "кыз киши сулуу да, жан дүйнөсү да бай, ар тараптуу болуш керек" көп айтышчу. Ошондуктан мен модель бойдон калган жокмун, билимге, өзүн өнүктүрүүгө басым жасап, азыркы деңгээлге жеттим.
– Эмоционалдуумун. Жиним бат келет, кайра бат тарайт. Жолдошум “сенин реакцияңдан корком” деп калат, андайда ага “мен реакция кылганым жакшы, эгер реакция кылбай калсам, демек, анда жаман” дейм. Ал бул мүнөзүмө көндү, убагында эмоциямды чыгарып салышым керек экенин билет.
– Боёнгонду анча деле жактырбайм, бирок тасма, жарнамаларга тартылганда көп боёшот. Мага табигый сулуулугум жагат. Тырмагымды да көп боёбойм. Аябай “тактильный” адаммын, кучактап-өбүшкөндү жакшы көрөм. Анан кийим үтүктөгөндү жаман көрөм.
– Боюм – 175 сантиметр, салмагым – 62 килограмм. Дене боюм стандарттуу эмес, буттарым, колдорум узун. Бутумдун өлчөмү – 41. Бутумдун чоңдугунан мурун аябай уялчумун, азыр жолдошум экөөбүз бир өлчөмдөгү бут кийим киебиз. Кичинемде боюм узун болгон үчүн короодогу балдардан көп сын укчумун. Алар мени эмне деп гана аташкан жок. Бирок өткөөл куракта өзүмдөн улуу балдарга жага баштадым.
– Ыйлаакмын. Жакшы тасма көрсөм, жакшы ыр уксам эле ыйлайм. Ар бир адамда кан тамырлар бар, ошол тамырлар толуп калганда эмоцияны чыгарыш керек. Мен тасма көрүп, ыр угуп чыгарам. Дегеле бирөө менен урушуу, таарынуу деген нерсе жок менде. Акыркы жолу жакында туулган күнүмдө апам менен атам каалоо-тилек айтканда ыйладым. Ата-энеме караганда чоң атама жакын болчумун, аны аябай жакшы көрчүмүн. Чоң атамдын көзү өткөнүнө 14 жыл болду. Аны эстеп ыйладым. Азыр деле ал тууралуу сүйлөп жатсам, көзүмө жаш тегеренип жатат.
– Мени тасмага тартканда дароо чоң пландан башташ керек. Оор сценаларды аткарганда биринчи дублдан эле ыйлап салам, мени менен иштеген режиссёрлор билишет. Негизи алгач жалпы план, анан орточо план, анан чоң планда тартышат да. Менин чоң планга жеткиче көз жашым калбай калат. Режиссёрлордун кулагына күмүш сырга, мени драмаларга тартсаңар болот.
– Мага КВН аябай чоң нерсени – өзүмдүн кемчиликтеримди кабыл алганды үйрөттү. Кичине кезимде абдан таарынчаак элем. “Бутуң чоң”, “боюң узун” же “сен мага жакпайсың” деп койсо деле ыйлап жиберчүмүн. Азыр мага бирөө кебетеме карап шылдың сөз айтса, юмор менен жооп берип коём. Мисалы, “бутуң чоң” десе, “бирок мен бутумда бекем тура алам” деп коём.
– Саякаттаганды жакшы көрөм, эсептеп көрсөм, кана, Индонезия, Малайзия, Вьетнам, Кытай, Таиланд, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Беларусь, Түркия, Азербайжан, Грузия, Португалия, Испания, Голландия, Австрия, Бельгия – 17 өлкөдө болуптурмун. Америкалык Imagine Dragons рок тобун жакшы көрөм. Өткөн жылы жолдошум туулган күнүмө алардын концертине билет белек кылган. Ал жакта концертке кириш үчүн 5 саат кезекте, 3 саат концертти күтүп турдук. Мен фан-зонада биринчи катарда отуруп, ал келгенде колун кармаганга жетиштим.
– Биринчи сүйүүм 15 жашымда келген. Азыркы экинчи турмушум. Биринчи сүйүүмө турмушка чыгып, ажырашып кеткем. Ошондуктан подкастымда эмне үчүн ажырашкан аялдарга жаман мамиле кылышарын айтам, бул нерседен уялбаш керек. Аялдын бакыты – эң негизги нерсе болуш керек, өзүңдү тандашың керек, «эл эмне дейт?» дегендин кесепетинен жаман, сүйүүсүз турмушта калбаш керек. Жашоо – бир келет, аны биз өзүбүз каалагандай жашашыбыз керек.
– Парфюм колдонбойм, адамдардын өзүнүн жытын жакшы көрөм. Жолдошум менен жаңы таанышкан кезде Алматыда жүрүп калдык. Жолдошумдун жытын жыттап, эркектер абдан жагымдуу жыттанат турбайбы деп ойлогом. Эгер адамдын жыты жакпаса, башка жагы идеалдуу болсо да тандамак эмесмин. Жытты жакшы сезем.
Гулийпа Маметосмон кызы