Саясат жана коом

Кыргызстан жарым жылда 9 миллиард киловатт-саат электр кубатын пайдаланды

Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегатын модернизациялоо иши 50 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги 7-августта маалымдады. Гидроагрегатты жаңылоо иши 5 айдан бери уланып жатат.

– Токтогул ГЭСин реконструкциялоо – эскирген жабдыктарды алмаштыруу аркылуу станциянын кубаттуулугун көбөйтүү, кызмат кылуу мөөнөтүн узартууга багытталган. №1 гидроагрегат жаңылангандан кийин ГЭСтин кубаттуулугу дагы 60 мегаватка көбөйөт,- деп билдирет министрлик.

Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстан 2024-жылдын 6 айында 9 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын пайдаланды. Анын 6,2 миллиард киловатт-саатын ГЭСтер, 0,8 миллиард киловатт-саатын Бишкек ЖЭБи өндүрсө, 2 миллиард киловатт-сааттан ашыгы импорттолгон. Тагыраагы, жарым жылда өлкөбүз Орусия жана Казакстандан 909,8 миллион киловатт-саат, Түркмөнстандан 837,5 миллион киловатт-саат, Өзбекстандан 257,3 миллион киловатт-саат электр энергиясын алган.

Жыл башынан бери бир нече чакан ГЭСтер ишке киргизилгени, алардын жалпы кубаттуулугу 43,3 мегаватты түзгөнү айтылды. Ошондой эле жалпы кубаттуулугу 430 киловатты түзгөн күн электрстанциялары иштеп жатат деп билдирет мекеме.

558 курулуш компаниясынын лицензиясы 3 айга токтотулду

Кыргызстанда 558 курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинен билдиришти. Компаниялардын лицензиясы 90 күнгө токтотулган.

– 2001-жылдын 31-майындагы №260 жобо менен бекитилген 4-деңгээлдеги 558 лицензиянын баары 90 күндүк мөөнөткө токтотулду. Бул аралыкта курулуш компаниялары курулуш ишин жүргүзүүгө укуксуз. Курулуш компаниялары жаңы жобого ылайык, лицензия алуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү документтерди даярдап, Мамкурулушка кайрыла алышат. 90 күндүн ичинде арыз түшпөсө, бул лицензиялар жокко чыгарылат,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган агенттиктин жетекчиси Нурдан Орунтаев Кыргызстанда 500дөй курулуш компаниясынын лицензиясы алына турганын айткан. Анын айтымында, 2001-жылдан бери жалпы 7 миңдей ишканага лицензия берилсе, учурда анын 2 миңдейи гана активдүү иштеп жатат. 

– 500гө жакын ишкана жөн эле иштебей турат. Комиссия алардын лицензиясын алуу жөнүндө чечим чыгарды. Азыркы тапта курулуш тармагында иштөөгө лицензия алуу жөнөкөйлөштүрүлгөн, аны ортомчулардан кымбат сатып албаш керек,- деген эле Орунтаев.

Жашоонун сапатын изилдөөдө Люксембург алдыга чыкты, Кыргызстан, Өзбекстан тизмеде жок

Аналитикалык Numbeo порталы 2024-жылдын июнуна карата жашоонун сапаты боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн рейтингин түздү. Рейтинг элдин бир нерсе сатып алуу мүмкүнчүлүгү, турак жай жеткиликтүүлүгү, айлана-чөйрөнүн тазалыгы, кылмыштуулук көрсөткүчтөрү, саламаттыкты сактоо системинин сапаты сыяктуу критерийлердин негизинде түзүлгөнү айтылат. Тизмеде 83 өлкө бар.

Алдынкы бештикти Люксембург, Нидерланд, Дания, Оман жана Швейцария ээлеген. Азербайжан 63-орунга, Беларусь 52-орунга, Украина 66-орунга жайгашты. Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен жалгыз Казакстан рейтингде көрсөтүлдү, 72-орун. Ал эми арткы бештиктеги же жашоонун сапаты начар деп табылган өлкөлөр: Нигерия (83-орун), Бангладеш (82-орун), Шри-Ланка (81-орун), Иран (80-орун) жана Перу (79-орун).

АКШ 12, Германия 13, Япония 15, Бириккен Араб Эмираттары 20, Улуу Британия 24, Сингапур 28, Франция 31, Түркия 50, Кытай 59-орунду ээлеген.  

Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия жана Африка континентиндеги көп өлкөлөр аталган рейтингдин тизмесине кошулган эмес.

Айта кетсек, Люксембург, Нидерланд, Дания жана Швейцария калктын бактылуулук индекси боюнча да дүйнөдө лидерликти бербей келет.

Коронавирус кайра күч алабы?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) COVID-19 илдетинин күч алганын жана анын жаңы, оорураак түрү жайылышы мүмкүн экенин эскертти. Уюмдун маалыматына таянсак, коронавирус илдети дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде учурда Жайкы Олимпиада оюндары өтүп жаткан Францияда күчөп жатат.

COVID-19 дагы деле биз менен жана бардык өлөлөрдө жайылууда. Биздин 84 өлкөдөгү мониторинг системибиздин маалыматтары илдетти алып жүргөндөр бир нече жумадан бери өсүп жатканын көрсөтүүдө,- деди аталган уюмдун өкүлү Мария Ван Керкхове.

Коронавирустун жайылышы уланары, жакын арада анын жаңы, азыркыдан оор түрү пайда болушу мүмкүн экени, өлкөлөр аталган дартка каршы эмдөө кампаниясын жандантышы керектиги эскертилди.

– Ар бир адам илдетти жуктуруп албоо жана аны оор түрдө баштан кечирбеш үчүн чараларды көрүшү керек,- деди Керкхове.

Расмий маалыматка таянсак, акыркы 18 айда COVID-19га каршы вакцина өндүрүү кескин азайып кетти. Коронавирус илдети планетада 669 миллиондон ашык адамга жугуп, 6 миллиондой адам каза тапкан. Ал эми ДСУнун жаңыланган маалыматында “ковидден каза тапкандардын саны 15 миллионго жетет” деп айтылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1131, 8-14-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан