Мөмө-жемишти кайнатуудан даярдалган суусундукту 18-кылымга чейин кайнатма деп эле келишсе, андан кийин француздардын компот (compote) сөзү менен алмашкан. "Жемиш боткосу" дегенди түшүндүргөн компот кышы-жайы дебей суусун кандырып, сергитет. Береке төгүлгөн учурдан пайдаланы кышкыга компот даярдап жаткан кожойкелерге сыноодон өткөн рецепттерди сунуштайбыз.
Аралаш компот
Керектелүүчү азыктар (3 литр үчүн):
Өрүк – 200 грамм
Жүзүм – 150 грамм
Апельсин – 1 даана
Шабдалы – 200 грамм
Кумшекер – 250 грамм
Суу – 3 литр
Даярдоо ыкмасы:
1. Жемиштерди жууп тазалайбыз. Өрүк менен шабдалыны бүтүн бойдон же төрткө бөлүп кошууга болот. Жүзүмдү шиңгилинен ажыратып алабыз. Апельсинди чоңураак туурайбыз.
2. Бардык жемиштерди бууланган банкага салып, кайнап жаткан сууну куюп 20 мүнөт коё туруу керек.
3. Суусун мискейге куюп алып, кумшекерди кошуп кайнатабыз. Катуу кайнап жатканда банкага куюп, капкагын бекитип, жылуу жаап коёбуз.
Өрүк менен алчадан компот
Керектелүүчү азыктар (3 литр үчүн):
Өрүк – 250 грамм
Алча – 400 грамм
Лимон – 2 кесим
Кумшекер – 400 грамм
Суу – 3 литр
Даярдоо ыкмасы:
1. Өрүк менен алчаны жууп-тазалайбыз. Бууланган банкага лимон кесимин жана өрүк менен алчаны салып,
үстүнө кайнап жаткан сууну куябыз. Лимон компоттун түсүн тунук кылууга жардам берет.
2. Жогорудагыдай эле адегенде суусун куюп алып, кумшекерди салып шарактата кайнатабыз да, кайра банкага жемиштердин үстүнө куябыз. Капкагын бекетип, жылуу
жаап коёбуз.
Кулпунайдан мохито компоту
Керектелүүчү азыктар (3 литр үчүн):
Кулпунай – 400-500 грамм
Лимон – 1 даана
Жалбыз – 5-6 талча
Кумшекер – 300 грамм
Суу – 3 литр
Даярдоо ыкмасы:
1. Кулпунайды муруттарынан тазалап, агып жаткан сууга таза жууйбуз. Лимонду да жууп, шакекче түрүндө кесебиз. Жалбыздын жалбырактарын үзүп жууп даярдайбыз.
2. Мискейге суу кайнатып алуу керек.
3. Алдын ала бууланган банкага кулпунай, жалбыз, лимонду салып, үстүнө кайнак суу куябыз. Капкагын үстүнө коюп, жарым саат коё турабыз.
4. Жарым сааттан кийин суусун мискейге куюп алып, кумшекерди салабыз. Аны отко коюп кайнатабыз да, кайрадан банкага куюп, капкагын бекитебиз. Көмөрүп, жылуу жаап коёбуз. Сергиткен компот даяр!
Кара өрүк менен карагаттан компот
Керектелүүчү азыктар (3 литр үчүн):
Кара өрүк – 500 грамм
Карагат – 250 грамм
Карагат жалбырагы – бир ууч
Кумшекер – 350 грамм
Суу – 3 литр
Даярдоо ыкмасы:
1. Кара өрүк менен карагатты агып жаткан таза сууга жууп алабыз. Карагаттын сабактарын албай да коюуга болот. Жалбырактарын да таза жууйбуз.
2. Бууланган банкага жемиштерди, карагат жалбырагын салып, кайнаган сууну куябыз. Жарым сааттай күтүп, андан соң суусун мискейге куюп алып, кумшекерди салабыз. Сууну отко коюп кайнатып, банкадагы жемиштердин үстүнө куябыз да, оозун бекитебиз. Жылуу жаап, муздаган соң бардык компотторду салкын жерге коюп сактайбыз.
Асел Ишенбай кызы