(Башталышы өткөн сандарда)
Он мүнөттөн кийин Кылыч чалды:
– Эсен Кемелович, бир жумадан кийин президент Таласка келип, андан ары Манас Ордого барат экен.
Калган балдар да ошол жоопту айтышты.
– Жакшы, бир сааттан кийин чалам,- деп коштошту да, ойлонуп калды. Кантип эле президентке кол салганы жатсын, ишене албады. Бул иштен ага кандай пайда? Дегеле Гомерди ким жалдап жөнөттү экен. Москвага чалайын деп, кайра кайтты ал оюнан, мүмкүн, андай эместир. Адегенде аныгын билип анан чалайын деп чечти. Президенттин жакын арада каяктарга барарын билиш керек эле.
Ошол күнү эле Бишкекке жөнөдү. Эртеси мамлекеттик күзөт кызматында иштеген таанышы менен жолугушуп, эптеп ыгын таап сурап отуруп керектүү маалыматты алды.
КГБда “К” бөлүмүнүн кызматкерлерин өтө күчтүү даярдашкан. Эсендин спорттук көрсөткүчтөрү аябай жакшы эле, канча жолу Ардак грамоталарды алган, азыр баары КГБнын архивинде сакталып турат. Адамдын оюн, анын кандай адам экенин беш мүнөт сүйлөшкөндөн кийин эле билип алчу. Кайсы жагынан алсыз, кантип коркутса же алдаса болот, айтор, психолог болуп бүткөн. Дүйнөнүн көп мамлекеттеринде КГБга керектүү маалымат бере ала турган адамдарды, кээсин алдап, кээсин коркутуп КГБнын пайдасына иштегенге көндүрүп, көп маалыматтарды алган. Айла кеткенде жеңил гипнозду колдонгон учурлар канча болду.
Түндөп Ысык-Көлгө жетти. Президенттин эки айлык иш сапарларынын графигин карап эле түшүндү президентке кол салуу даярдалып жатканын. Москвага “конторага” баарын түшүндүрүп жазып кат жөнөттү. Бир сааттан кийин Илхом чалды:
– Кемел, шефтин сөзү, шартка карап аракет кыл, сенин милдетиң – кол салууну болтурбоо. Гомерге тие албайсың баары бир. Ал өзү аткарбайт бул ишти, башка адамдар аткарат, ошол аткаруучуларды кармап бизге тапшырасың. Мүмкүн болушунча жашыруун калыш керек баарын. Эгер билинип калса план “С” иштейт. Макул, ийгилик деп,- коштошту.
План “С” өтө эле сейрек болчу, эгер агенттер бир мамлекетте тапшырма аткарып жүрүп кармалып калышса өздөрү гана кутулушу керек, КГБга иштегенин, аты-жөнүн эч кимге айтпоого милдеттүү. Кыскасы, жалгыз каласың, сага эч ким жардамга келбейт. "Эми Кыргызстанда ким эмне кыла алмак эле?" деп койду Эсен. План “С” болсо план “С” да.
Гомер Ысык-Көлгө учуп кетери менен Эсенге кабар берилип, ал дароо балдардын баарын Ысык-Көлгө чакырды.
Гомер Кыргызстанды кыдырып бүтүп, Ысык-Көлгө кайтып келди. Бөлмөсүнө кирип эле түшүндү бирөө киргенин, полго төшөлгөн килемдин түсүндөй болгон жиптен кайчылаштырып ар жерге таштап койгон эле, чачылып калыптыр. Өз ишин мыкты билген профессионал киргенин түшүндү. Анткени артынан шектүү из калтырбаптыр. Түндө кирген окшойт, эгер күндүз кирсе жердеги жипти даана көрмөк. ФСБнын адамдары артымдан түшкөн окшойт деп ойлоп калды. Саат үчтөн өтүп калыптыр, флешка аркылуу Либерге “Токмоктун, Аксы, Ала-Бука райондорунун канча милиция кызматкери бар, канча жана кандай аскердик бөлүк, аймакта канча аскер кызмат кылат, билип бер” деп кат жазды да, телефондон үч жолу чалуу кетирип койду. Өзү жеңил кийинип алып, көлдү көздөй жөнөдү. Көлдүн жээгиндеги кийим алмаштырчу кабинага кирип отургучтун түбүнө чайнап жаткан сагызын чаптап, ага флешканы жармаштырып койду. Элден алысыраак барып бирөөгө телефон чалды:
– Бул мен, Либер боюнча эмне жаңылык?
– Жок, эч ким жок артынан түшкөн. Бир жума карадык, билмекпиз эгер бирөө аңдып жүргөн болсо.
– Макул, жакшы.
Күн катуу ысып жаткандыктан жээкте адам көп эмес болчу, көпчүлүк номерлерде эс алып жатышкан маал. Гомер сууга бир-эки чөмүлдү да, шезлонгго жатып алды. Көз айнегин оңдомуш болуп айланасын карап жатты, шектүү эч кимди байкаган жок. Бирок бирөөнүн теше тиктеп турганын даана сезип жатты. Мейманканадан чыкканда эле сезген. Терезелерди карайын дейт, бирок байкатып коюшу мүмкүн. Эми Либер билдирип койбосо болду экөөсүнүн байланышта экенин. Либерди биринчи көргөндө эле билген бул ишти эптей албашын. Сүйлөшкөндөн кийин такыр эле үмүтүн үзгөн. Арадан бир сааттай убакыт өткөндө Либер көрүндү, түз эле кете бербей көзү менен элдин арасынан Гомерди издеп келатат. Гомер ичинен сөгүнүп алды да, уктагандай түр көрсөтүп жатып алды. Эгер Либердин артынан бирөө аңдып жүргөн болсо дароо эле байкамак бирөөнү издеп жатканын. Либер издеген адамын көрсө, кыймылы менен эле билдирип коймок. “Кете бер, акмак, өз жолуң менен” деп ичинен сүйлөнүп койду. Либер Гомерди тааныбады окшойт, кийинчү кабинага кирип үч мүнөттөн кийин кайра чыгып кетти, кийимин да алмаштырган жок. Гомер үшкүрүнүп койду.
Гомер бир сааттай жатып, сууга бир эки түштү да, мейманканага кетти.
Эсен Гомерди бөлмөсүнүн терезесинен дүрбү аркылуу ар бир кадамын карап турду, бирок шектүү эч нерсе байкабады. Кечке чейин карады, сыртка чыгабы деп, бирок Гомер эч жакка чыккан жок, кечки тамагын да бөлмөсүнө алдырып тамактанды.
Эртеси саат ондордо Гомер номерин тапшырып, такси менен Бишкекке кетти. Эсен жанына Олегди алып Бишкекке чейин анын артынан аңдып келди. Гомер эч жерге токтогон жок, түз эле “Манас” аэропортуна барып, Стамбулга учуп кетти.
Эсен Москвага кат жөнөттү да, кайра Ысык-Көлдү көздөй жол тартты. Келери менен Гомердин бөлмөсүнө кирип Олег экөө ийне-жибине чейин тытып эч нерсе табышкан жок. Жээкте ал жаткан жерлерди карады. Кийим алмаштыруучу кабинадан отургучтун түбүнө жабыштырылган сагызды таап, акырын бычак менен чыгарып алып карап эле түшүндү. Уюлдук телефондун флешкасынын изи түшүп калган эле. Өзүнүн флешкасын коюп салыштырып көрдү эле өлчөмү туура келди. Демек, бул жерде анын адамдары бар, ошолорду табыш керек. Кечинде балдардын баары келгенде Чолпон-Атанын четинде көздөн далдоо жерден жолугушту.
– Балдар, биз карап жүргөн объект бүгүн Түркияга учуп кетти, бирок биз анын максаты кандай экенин билдик. Бул да чоң жеңиш. Булар ишти бир жарым, ашып кетсе эки айда бүтүрүшкө аракет кылышат. Гомер келип ишти кантип жасаштын жолун караштырып кетти. Ал өтө акылдуу, куу адам, ойдо жок нерсени таап чыгат. Ошондуктан бизди алдыда чоң иш күтүп турат, абдан этият болушубуз керек. Эми ишти аткаруучулар келет, биз кандай болбосун аларды табышыбыз керек. Анда мындай, мен силерди Гомердин артынан түшүп, ким менен байланышат, жардамчылары ким экенин билиш үчүн чакырдым эле. Гомер күтүүсүз кетип калды, бул жерде дагы адамдары бар экен, бирок эми таба албайбыз аларды. Бул жерде жүрүү бизге эми пайдасыз, аткаруучулар бул жакка келбейт. Жигиттер, эми ар кимиң өзүңөргө бөлүнгөн жерлерге барып тынбай иштешиңер керек. Аткаруучулар жергиликтүү эле адамдар болушу мүмкүн, сырттан да келиши мүмкүн, айтып болбойт. Эми мен силерге үйрөтпөйүн, өзүңөр жакшы билесиңер да эмне кылышты. Кымындай эле күмөндүү нерсе болсо мага кенен түшүндүрүп жазып тургула. Мен Бишкекте болом, эки күн дем алгыла да, үчүнчү күнү ордуңарда болгула. Макул анда, тарадык, ишибизди ийгилик коштосун,- деди Эсен Кемелов.
Гомер Стамбулдун эң кымбат ресторандарынын биринде Индус менен жолукту, баягы шүмүрөйгөн Гомер жок эле, бою узун, капкара костюм кийген, бутунда крокодилдин терисинен тигилген туфли. Колуна Гавана сигарасын кармаган олуттуу адам маңдайында отурду...
(Уландысы кийинки санда)