Икрам Юлдашев, шоумен: “Менден мелодрамага ылайык актёр чыкпайт”

“Бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы” дегендей, бул жолку маектешибиз суроолорго жоопторду тамашага буруп жооп берди. Учурда интернетте ар кандай роликтерден байма-бай чыгып жаткан шоумен, актёр, күлкү жаратуучу Икрам Юлдашев менен маектештик. 

– Кандайсыз, Икрам? Эки адам көрүшкөндө дароо жаңылык сурайт эмеспи, андыктан эмне жаңылык?

– Жаңылыктардан айтсам, Кадыр Жарматов, Эрнис Кулназаров аттуу агабыз үчөөбүз биргеликте “Фанатка” деген кино тарттык. Ошол кинобуз 29-августтан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Азырынча ушул чоң жаңылыгыбыз. Жеке өзүмдө жаңылык деле жок, үй-бүлө, ата-энем баары жакшы. 5-6 жылдан бери кой багып жатам, гисар койлордон. Андан сырткары тойлордо тамадалык кылабыз, жарнама, концерттер менен алекмин. 

– Ошто жашайсызбы?

– Ооба, дүйнөнүн борбору Ошто жашайм.

– Неге дүйнөнүн борбору?

– Кыргызстандын борбору – Бишкек, дүйнөнүн борбору – Ош да.

– Комедиялык тасмаларга тартылып жүрөсүз, башка жанрда өзүңүздү ачкыңыз келеби?

– Тоолордо террористтер атышып жүрүшөт го, кинолордо? Ошондой кылмыштуу топтун башчысы болуп тартылгым келет. Боевик, тарыхый кинолорго тартылсам дейм, ат минип, кылычтар менен “пычык-пычык” деп чабышкан образдар да жагат.

– Мелодрамага тартылсаңыз кандай роль жаратмаксыз?

– Жок, менин жүзүмдөн мелодрама чыкпаса керек. Мелодрамага тартылганда дагы ошол сүйүп калган баланын досу, же тагасы, же агасы болуп ойнойм да. Башкы каармандын өзүн ойногон мага жарашпаса керек (күлүп). Элестетсеңиз, чачы жок романтик адам, ха-ха-ха (каткырып).

– Эмнеге? Чачы жоктор романтик болбойбу?

– Жок, романтик болот, болгону картинага түшпөйт да. “Кызматтык роман” тасмасында эле бир жолу түшүп калган, а негизи түшпөйт.

– Чачыңызга, башыңызга көп тамаша айтылат, тажабайсызбы мындан?

– Тажайм, азыр асыла турган чач деле калбады. Асылган адам тайып түшүп калат (күлүп). Кыргызстандын глобалдык көйгөйү экономика болсо, менин глобалдык көйгөйүм – чач.

– А чачка эмне болду эле?

– Э, көп китеп окугам, ишенесиңби (күлүп)?

– Бул тамаша катары дайым айткан жообуңуз экен, а чынындачы?

– Түркияда студент болгонбуз да. Ошол мезгилде туура эмес гель колдонуп алып, ошондон түштү окшойт деп ойлоп калам. Генден болгон жок, себеби ата-бабамда да, тага журтумда да мындай жок. Азыр атам 60ка чыкты, чачы азыр деле коюу.

– КВНдеги кайсы тамаша өзгөчө эсиңизде калган?

– Эсте калган, дагы деле эстеп айтып жүрүшкөн юмор: “Энелердин сүтү сизге эмнеси менен жагат?” дегенде, “идиши менен жагат” деген юмор. Муну азыр деле айтышат.

– Өткөн жылы көзүңүзгө операция жасатыпсыз, жакшыбы?

– Ооба, былтыр жасаттым.  “Оотслойка” деп коёт экен, ошондон оң көзүм 90 пайыз көрбөй калды эле, операция жасатып келдим. Азыр Кудайга шүгүр, жакшы. Бирок дагы барам экинчисине.

– Өзүңүздү 5 сөз менен сүрөттөп берсеңиз...

– “Нервный”, кал, түктүү, “умный”, анан колу ачык. Алтынчыны кошсо болобу?

– Аха.

– “Красавчик” (күлүп).

– “Красавчик” ага тойдо кандай тамада?

– Тойдо көбүрөөк юморго басым жасаган тамадамын. Баягыдай “-ович-мовичтер” келип калышат, алардын сүйлөгөнүнө эч сабырым жетпейт. “Мен мындай элем, тигиндей элем” деп бой көтөрбөй, тойго жөнөкөй конок катары эле келишсе... Той ээлеринин “бул адам мындай эле, андай кыл, мындай кыл” деп эскерткендери жакпайт. Мамлекеттик ишкерлер, байыраак адамдар келип калышса кээ бир тамадалар башкачараак, сабаттуураак алып барганга аракет кылып калышат го, мен ошондой кылбайм. Баарына бирдей карап, тойду эркин алып барган жагат. Ким келсе да конок, статусун “уруп” ойнобойм.

– Той алып барганда, сахнага чыкканда тамашаңызга эл күлбөй койсо эмне кыласыз?

– Андай болот, кез-кезде. Анда берки жамааттагы балдар күлүшөт. “Атылганым” үчүн күлүшөт. Тамашабыз өтпөй калса “атылды” деп коёбуз.

– Байкашымча, акыркы убакта жарнамаларга көп тартылып жатасыз. Гонорарыңыз канча?

– Ошто арзан эле, суммасын айтпай эле койсом болобу?

– Болот. Кепти үй-бүлөңүзгө буралы, үйдө кандай атасыз?

– Бир кыз, эки уулум бар. Кудай буюрса, жакшы атамын. Балдардын тарбиясына анча деле кирише бербейм, аялым тарбиялайт, мен ойнотом.

– Жакшы ата кандай болот?

– Жакшы ата деген, менин оюмча, балдарга болушунча шартты түзүп берип, окуусун, мектебин, башкасын камсыздап, башкалардан кем кылбай, катуу урушпай, жакшы сөз менен тарбия кылган адам.

– Жубайыңызга кандай жолдошсуз? Чектөө коёсузбу?

– Аялыма чектөө деле койбойм. Болгону жумуштан 6да үйгө келе турган болсо, убагынан кеч келип калса “эмнеге кечигип калдың?” деп сурап калышым мүмкүн. Өзүнүн жумушун кылат, медреседе иштейт. Тыюу деле жок анчалык, эркин эле.

– Бала кезде мушташты да катырчу белеңиз?

– Иий, айтпаңыз, ата-энемди “балаң антип койду, балаң минтип койду” деп эки күндүн биринде мектепке чакыра беришчү.

– Кандай жаман иш кылып көргөнсүз?

– Эми күнөө иштерди, баягыдай чымчыктардын балапандарын өлтүрүп, жыландарга капкан коюп, мыкаачы балдар болот го, ошондой элек. Бала элек да.

– Сиздин оюңузча, чыныгы дос кандай болуш керек?

– Чыныгы дос Кудайды эстетип туруш керек, “бул кылганың туура, тиги кылганың туура эмес” деп адилеттүү пикир айтып турушу зарыл. Жаныңда мактап эле жүрө бергендер, сенин көңүлүң үчүн жакшы эмес нерсеге да “ооба, боло берет” деп кайдыгер карагандар дос эмес.

– Жакын досуңуз барбы?

– Жакын досум жок. Анткени мен өзүм бирөөгө жакын дос боло элекмин. Ал менден көз каранды. Азыр ар ким өзү менен өзү болуп кетпедиби. Өзүм бирөөгө жакын, зор дос болсом, анан ал мени менен дос болот да. Негизи көп эле досум бар, бирок эң жакыны жок.

– 36 жашка чыгып калдыңыз, 36га чыккан кандай экен?

– Зор экен, 35тен кыйла авторитет экен.

– Эмнеден коркосуз?

– Туура эмес мезгилде, туура эмес учурда өлүп калыштан корком.

– Эгер өзүңүз тууралуу киного сценарий жазыш керек болсо, кайсы учурду жазат элеңиз?

– Студент мезгилимди жазат элем, ошол учурда көп жакшы окуялар өткөн.

– Эмнелер болду эле?

– Студент кезде чемпион болгонбуз. Айылдан чыга элек, шаарды көрө элек бала 11-классты бүтүп эле Түркияга барып жашап калган.

– Алдыда кандай пландарыңыз бар?

– Буюрса, кинобуздун бет ачарын жакшы өткөрүп, элге жакшы жеткирип алсак, андан кийин той мезгили башталганы турат, ошого даярданабыз.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1131, 8-14-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан