АСКАРИДОЗ – ИЧЕГИДЕГИ МИТЕ КУРТТАР ЖАРАТКАН ИЛДЕТ

Ичегини байырлаган аскарида мите курттары тууралуу маалымат берели. Алар өпкөгө, ичегиге кандай зыянын тийгизишет? 

Суткасына 240 миңге чейин жумуртка ташташат

Аскаридоз – адамдын ичке ичегисин байырлаган аскарида мите курттары пайда кылган оору. Ал мите курттар медицинада “гельминттер” деп аталат. Аскарида да ошонун бир түрү. Денесинин узундугу ургаачыларыныкы 20-40, эркектериники 15-25 сантиметрге чейин жетет. Денесинин диаметри 2-5 миллиметр.

Адам аскаридасы адамдарга гана мителик кылат. Ичегиге жабышып ала турган эч нерсеси жок. Дайыма ашказандан ичегиге түшүп жаткан тамак-аш массасына карай кыймылдап жылып турат.

Аскариданын денесин катуу, бирок ийкемдүү 10 кабат кабыкча – кутикула каптап турат. Кутикула куртту ичегидеги уулуу заттардан, тамак-ашты сиңирүүдө роль ойноочу туз кычкылынын терс таасиринен сактайт. Көбөйүшү боюнча, уруктанган ургаачысы 1 суткада 240 миңге чейин урук таштай алат. Жумурткасынын сырты катуу болгондуктан оңою менен жабыркабайт. Спирт, эфир, кайнак суу, бензин жана күн нурунун таасири астында гана өлөт. Окумуштуулар аскариданын жумурткасын формалинге (вирус, бактерияларды жок кылчу антисептикалык каражат) салып 4-5 жыл күтүшкөндө да жашоого жөндөмдүүлүгүн жоготкон эмес.

Ичегиден өпкөгө өтүп жөтөл жаратат

Аскарида таштаган жумурткалар заң менен сыртка чыгат. Алар кокус жашылчаларга же жерге түшкөн жемиштерге, укроп, жүсай, петрушка, көк пияз сыяктууларга түшүп калса, алар таза жуулбай колдонулса, тамак-аш менен кошо жутулат. Чымындар аскарида жумурткасы түшкөн жерге консо аларды денесине жармаштырып алат, демек, чымын конгон тамак-ашты жегенден да ичегиге кирип кетет. Ит-мышыкты кармалагандан да жугары белгилүү. Жумурткалар ичегиге жеткен соң канча бир убактан кийин абдан кичинекей личинкаларга айланышат. Алар өз алдынча дем ала албагандыктан ичегини тешип чыгып, кан тамырдын ичине киришет. Кан менен кошо жылып боор, жүрөктү аралап, акыры өпкөгө барып туруп калышат. Өпкөдө болсо аба кенен. Личинкалар бронхторду сезгентип жөтөлдү пайда кылат. Адам жөтөлүп жатканда личинкалар дем алуу жолдорунун былжырлары аркылуу кекиртекке барат да, шилекей менен кошо жутулат. Ичегиге барып түшкөн соң сырткы кабыкчаларын ташташат. Башкача айтканда, түлөшөт. Личинкалар ичегиден өпкөгө, анан кекиртекке барып кайра жутулгуча, башкача айтканда, алардын миграциясына 8-15 сутка керектелет. Ичегиде аскарида жумурткалары канчалык көп болсо, адам ошончолук көп жөтөлөт. Анткени алар биринин артынан бири “жер которуп” жаткан болот.

Жүрөк, мээ, боор ооруларын жаратат

Личинкалар жетилип жумуртка тууп баштагыча 75-100 күндөй убакыт өтөт. Личинкалар алгач кандын сары суусу, анан эритроциттер, адам жеген азыктардын керектүүлөрү менен азыктанышат. Эритроцитте, албетте, кычкылтек көбүрөөк. Чоңойгон сайын эритроцит да көп талап кылына баштайт. Айрым учурларда личинкалар өпкөгө карай жылуу учурунда боор, өт жолдорунда туруп калып, чоңоё башташат. Кээде уйку безине, сокур ичегиге, жүрөктүн оң карынчасына, мээге да өтүп кеткен учурлар кездешет. Өт жолунда туруп калганда өт суюктугун начар өткөрүп, өт суюктугу денеге сиңип, дене саргаят. Аскаридалар аппендицит, перитонит, панкреатит, боордун абцессин, жүрөктүн ишемиялык, мээнин менингоэнцефалит оорусун жаратышы мүмкүн. 

Ичеги жана өпкөгө зыяны

Аскаридалар ичегинин былжыр челин жаралантып, организмди ууландырат. Ашказан жана ичегиде оорутууну пайда кылып, тамактын сиңишин начарлатат, тамакка болгон табитти, ишке жөндөмдүүлүктү төмөндөтөт. Аскаридалар абдан көбөйүп кеткенде ичегини бүтөп калат да, мындайда адамга операция жасалат. 

Бар экенин кантип билесиз?

Өпкөдө аскарида личинкаларынын бар экенинин белгилери төмөнкүдөй:

• Тынбаган кургак жөтөл

• Үндүн кырылдашы, кыжырдануу

• Бронхит же пневмониянын белгилери

• Дене табынын көтөрүлүшү

• Шалдыроо, уйкусуроо, баштын оорушу

• Тамакка табиттин жоголушу, дененин ооруксунушу

• Дененин кычышуусу, беттин, көздүн айланасынын шишиши

• Арыктоо, уктап жатканда тишти кычыратуу

• Ич катат, көңүл айланат, кусуу күтүлөт, ич катуу ооруйт, уйку бузулат, аллергия жаралат

Өпкө берчке айланып кетет

Жогоруда аталган белгилер билинген  учурда дарыланбаса өпкөдөгү дарт өнөкөт түргө өтөт. Личинкалар өпкөнү сезгендире берип, майда кан агууну жаратат. Бара-бара өпкөнүн сезгенген жери берчке айланат, шишийт, иштеши бузулат, аба баштыкчалары аталган альвеолдор чоюлуп кетет. Эгер көптөгөн личинкалар өпкөдө өлүп калышса, анда дем алуу кыйындайт, адамдын абалы оорлошот.

Ичегиде тамак-аш жакшы сиңбей аз кандуулук жаралат. Аскаридалар көбөйүп кеткенде 1 суткада адамдын жарым литр канын соруп алышат. Сүт азыктарын жеп-ичкенде лактоза да сиңбей ичти көптүрөт, кускуну келтирет. Чоңдору ичке жана кара ичегиде (ичке ичегинин жоон ичегиге кошулган жери) 1 жылдай жашашат. Маалыматтарга таянсак, аскаридоз менен жер жүзүндө 1 миллиарддан ашык адам ооруйт. Алардын көбү балдар. 

Диагноз үчүн кандын же заңдын анализи керек

Диагноз үчүн кандын же заңдын анализи керек. Дарылоодо адамдын жашына жана салмагына жараша дарылар колдонулат. Мисалы, альбендазол, мебендазол жана башка. Кош бойлуу аял аскаридоз менен ооруп калса, анда ичтеги балага зыяны тийбей турган дары тандалып алынат. Эгер адамда аскаридалардан тышкары башка ичеги мите курту болсо, комплекстүү түрдө дарылашат. Дарыланып бүткөндөн кийин кайра анализ тапшыруу зарыл. Ошондо аскаридалардын толук өлүп жок болгону же калганы билинет. Өлгөн аскаридалар заң менен кошо сыртка чыгат. Андыктан дарыланып жаткан учурда заңга байкоо жүргүзүп, аскаридалардын үзүлүп түшкөнү бар же жок экенин баамдоо керек. 

Оорунун алдын алуу

• Ойногондон, жаныбарларды кармалагандан, дааратканага барып келгенден кийин колду самындап таза жуу. Тамактануу алдында сөзсүз колду жууш керек.

• Жашылча-жемиштерди жылуу суу менен абдан жакшылып жууп, анан колдонуу шарт.

• Жөтөлгөн учурда дарыгерге текшерилип, ичегилерди 1 жылда 2 ирет тазалатып туруу зарыл.

• Өздүк гигиенаны сактап башкалардын буюмун, оюнчугун колдонбогон оң.

 

Материалды даярдоого көмөктөшкөн педиатр Айсулуу Саматовага ыраазычылык билдиребиз. 

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1131, 8-14-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан