Бокс боюнча жарым финалга өткөн мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин шакиртин коштоп Парижге бара албай калганы нааразычылыктарды жаратты. Машыктыруучунун өзүн кепке тарттык.
– Беганас мырза, Парижге шакиртиңизди коштоп бара албай калганыңыз талкуу жаратты...
– Азырынча талаш-тартышты токтото туралычы, баары өттү-кетти. Мен үчүн азыр эң маанилүүсү – Мунарбектин жарым финалдык беттеши болууда. Бирок балам кандай жыйынтык көрсөтпөсүн ал Кыргыз боксунун жаңы тарыхын жаратып койду, бул факт. Негизи башкы машыктыруучунун жанына мени деле кошуп коюшса болмок. “Мартта эле аккредитация жабылган” деп жатышат, биз Олимпиадага жолдомону июнда алдык да. Менин оюмча, Улуттук олимпиада комитети бизди жолдомо ута алышпайт деп ойлогон.
– Сизди 20 жылдан бери жатаканада жашайт деген маалымат чыкты, бул чынбы?
– Азыр балдарымды машыктырып жаткан чакан зал мурун ашкана болчу, ошону оңдоп-түзөп зал кылып алгам. Залыбыз Ош шаарындагы Манас-Ата (ред.: мурунку ХБК) кичи районунда жайгашкан. Залдын полун күндө өзүм жууп, шыпырып тазалайт элем. Үй-бүлөм менен 10 жыл бою ошол машыгуу залынын жанында 1 бөлмөлүү жатаканада жашадым. Кийин шаар четиндеги Кыргыз-Чек айылынан жер тилкесин алып үй салганбыз, бирок балдарымдын окуусу, менин жумушум шаарда болгондуктан кышында шаардан батир ижарага алып жашайбыз. 3 уул, 1 кыздын атасымын.
– Олимпиадага катышып жаткан биздин спортчуларга менталдык психологдор керек экен деген пикирлер айтылууда, буга оюңуз кандай?
– Башка спортчуларды билбейм, Мунарбекте бул жаатта баары жакшы. Утса көөп, утулса чөгүп кетпейт, көңүлү ток бала. Эмоцияга алдырып туура эмес кадамдарды жасап алган учурлары болгон эмес.
– Мунарбек Сейитбек уулу сиздин колуңузга канча жашында келген?
– Мунарбекти 2004-жылы 8 жашында кошуна байкеси “ушул бала аябай жөндөмдүү, машыктырып көрүңүзчү” деп ээрчитип келген. 1 ай өтпөй эле биздин залда 6 ай машыккан балдар менен тең ата беттеше баштады. Ошондо ичимден “жаны бар бала экен, бир нерсе чыкчудай” деп койгом. Жаңы келгенде чыйрак, тың, тартиптүү, көп сүйлөй бербеген токтоо бала болчу. Балам менен шаардык, райондук, облустук турнирлерди утуп баштаганда эле Олимпиада оюндарын да утабыз деп ниет койгонбуз. Кудай буюруп, мына, 20 жылдан кийин Олимпиадада ийгилик жаратып отурат. Кыргыз боксунда СССР мезгилинен баштап эле Олимпиадада медаль уткан учур болгон эмес. Эң жакшы жыйынтыктыкты 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиадада чейрек финалга чыгып Алмазбек Раимкулов көрсөткөн. Мунарбек Парижде жараткан ийгилиги менен Кыргыз боксунун жаңы тарых барактарын жазууда. Эң күчтүү деген атаандаштарын жеңип чыкты. Бокс боюнча кубалыктардын мектеби аябай күчтүү, биринчи беттешинде кубалык мушкерди, экинчи беттешинде америкалык Дүйнө чемпионун утту. Эми болгариялык мушкер менен беттешет. Атаандашынын артыкчылык, кемчиликтерин айтпай турайын, Мунарбек өзү билет. Буюрса, чемпион болорубузга ишенем.
Лунара Бекиева