Тасма талаасында баш каармандардын балалык чагын ойногон жаш актёр-актрисалар бар эмеспи. Бугүнкү каарманыбыз кинодогу карьерасын дал ошондой “кичинекей баш каарман” болуп баштаган. Азыр болсо баралына келип, бийкечтердин көзүнө илинип, көптөгөн күйөрман топтой алган адамга айланды. Ал тартылган акыркы долбоорлордун бири – “Окуучунун денесиндеги гангстер” дорамасы көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынып, актёрдун ити чөп жеп турган маал. Сөз түштүк кореялык жаш актёр Юн Чан Ён тууралуу уланмакчы.
Туулган жери: Түштүк Корея, Коян
Туулган жылы: 2001-жыл, 25-апрель
Жылдыз белгиси: букачар
Бою: 175 сантиметр
Кесиби: актёр
Тартылган белгилүү сериалдары: “Окуучунун денесиндеги гангстер”, “Биз баарыбыз өлүкпүз”, “Курьер”, “Падышанын сүйүүсү”, “Эч ким билбейт” жана башка
Алгачкы кадам
10дон ашык улуу актёрлордун кичине чагын ойногон, өзүнүн кино куржунунда 20дан ашык тасма-сериалдардагы ролу бар. Өзү болсо 23 жашта гана. Юн Чан Ён үй-бүлөдө тун бала, жалгыз карындашы бар. Кинодогу алгачкы дебюту 12 жашында башталып, 2013-жылы чыккан “Эркек сүйүп калганда” сериалында баш каарман Ли Жэ Хинин кичине кезин чагылдырып экранга чыккан. Андан бир жыл өтүп-өтпөй эле кичинекей актёр өзүнүн алгачкы абройлуу кино сыйлыгына ээ болгон. Тагыраагы, 2014-жылы 24 сериядан турган “Апа” дорамасы жарык көргөн. Тасмада күйөөсү менен ажырашып, жалгыз уулун алып Канадага көчүп кеткен сүрөтчү аялдын өмүр баяны сүрөттөлөт. Карьерасын түптөп, жакшынакай жашап жатканда оор дартка чалдыкканын, бир нече айлык өмүрү калганын уккан аял уулун алып кайрадан Түштүк Кореяга келет. “Мен өлгөндөн кийин балам жалгыз калбасын, атасын таап, анын колуна таштап кетейин” деген максаты бар эле... Мына ушундай аянычтуу окуяны баяндаган тасмада Юн Чан Ёндун ойногонун көргөн көрөрмандар эле эмес, профессионалдар да көзүнө жаш алганын моюнуна алып, жыйынтыгында ал алгачкы “Эң мыкты жаш актёр” сыйлыгына татыган.
Ийгилик
Көпчүлүк белгилүү актёр-актрисалар сериалдарга тартылганы менен, толук метраждуу тасмаларга келгенде чакыруу алышпайт. Кинорежиссёрлордун белгилүү стандарты бар окшобойбу. Бул жаатта Юн Чан Ёндо маселе жок, маал-маалы менен кинолорго да чакыруу алып, тартылып турат. “Мурас”, “Энелер”, “Туулган күн”, “Бул сенин күнөөң эмес” жана башка тасмалардан каарманыбызды көрсөңүз болот.
Актёр чоңоюп, чыныгы баш каарманды ойногон, анан да атын көпчүлүккө тааныткан дорамаларынын бири – “Биз баарыбыз өлүкпүз”. Негедир 2020-жылдан бери зомбилер, апокалипсис жана башка тематикада тартылган ужас жанрындагы тасмалар көбөйүп баратат, байкайсызбы, окурман? Кошумча дал ошондой тасмалар суроо-талапка ээ болуп, көрөрман тарабынан жакшы кабыл алынат. “Биз баарыбыз өлүкпүз” дорамасы да зомбилер жөнүндө. 2020-жылы Netflix тартуулаган сериалда мектеп окуучуларынын зомби-апокалипсиске каршы турганы жөнүндө окуялар чагылдырылган. Жогорку класстын окуучуларынын арасында Юн Чан Ён да бар. Сериал 2020-жылдагы ийгиликтүү долбоорлордун катарынан орун алган. Аны менен катар актёрдук курамдын да популярдуулугу өскөн. “Университетке тапшырып жаткан убагым эле. Анан көптөн бери каалап жүргөн жанрда сериалга кастинг жүрүп жатканын угуп бардым. Режиссёрго менин башка катышуучулар менен бат тил табышып кеткеним жакты дешти. Сериалдын мынча популярдуу болорун билген эмесмин, бирок үмүт кылгам. Мен катышкан тасманы көп адам көргөнүнө кубанычтамын. 2-сезондо менин каарманым дале тирүү болсо, дагы тартылсам деген ой бар”,- дейт актёр. Ийгиликтүү долбоордун 2-сезону чыгат деген маалымат бар, бирок так датасы али белгисиз.
Жактырганы...
Футболду жакшы көрөт. Күйөрмандык кылган футбол клубу – “Барселона”
Бейсболдо жакшы көргөн командасы – «Лотте Жайентс»
Музыкада жактырган жанры – хип-хоп.Рэпер Beenzino’нун чыгармачылыгын баалайт.
Жактырган тасмасы – «La La Land». Кайталап көргөндөн тажабайт
Кумир туткан актёрлору – Ким Су Хён жана Со Жи Соп
Жактырган жаныбары – мышык. Иттин жүнүнө аллергиясы бар, ошондуктан бул жаныбар менен “достошо” албайт.
“Окуучунун денесиндеги гангстер”
Юн Чан Ёнду актёр катары дагы бир жолу ачып берген сериалдардын бири – “Окуучунун денесиндеги гангстер”. Бул долбоордо актёрго эки башка мүнөздөгү, эки башка курактагы, айтор, такыр эки башка адамды бир денеге бириктиргенге туура келген. 2024-жылы чыккан кызыктуу сериалдардын катарына кошсо болот. Мектептеги рэкетчилик, зордук-зомбулуктан жапа чеккен окуучу өз өмүрүнө кол салат, дал ошол маалда анын көпүрөдөн кулаганы жатканын көргөн бандит сактап калууга аракет жасайт. Бирок экөөнү тең машина сүзүп, окуучунун денесине бандиттин жаны кирип кетет. Эми бандит кайрадан мектепке барып, рэкетчилер менен күрөшүп, окуучу жигиттин жашоосун оңдогонго аракет кылат. Эгер көрө элек болсоңуз, көрүүнү сунуштайм.
Алдыда Юн Чан Ён америкалык “Улуу урматтуу” шоусунун ремейкине тартылат деген маалыматтар бар. Юридикалык триллер жанрындагы сериал 2024түн аягы же 2025-жылы чыгышы мүмкүн. Эгер дорама чыкса, анда каарманыбызды жаңы амплуада көрө алабыз.
Сүйүү
Сүйгөнгө убагы келди жигиттин. Бул тууралуу актёр: “Мектепте окуп жүргөндө мен да башка классташтарыма окшоп кыздар менен сүйлөшкүм келчү. Бирок киного, актёрлукка болгон сүйүүм күч болуп, башка эч нерсеге көңүл бурбаптырмын. Мен сүйүүнү тасма аркылуу эле билем. Өзгөчө “Ла-ла-ленд” тасмасындагы баш каармандардын мамилесине таасирленип, мага да ушундай сезим келсе деген элем. Азыр менден “идеалдуу кыз кандай болуш керек?” деп сурап калышат. А менде жооп жок. Жан дүйнөң жактырып, тартылып турган адам түгөйүң болсо керек...” дейт. Баса, Юн Чан Ён биринчи жолу “Биз баарыбыз өлүкпүз” дорамасында жактырып жүргөн классташ кызын өпкөн.
Асыл Орозбекова