ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 19-августтан 25-августка чейин

Кой
(21.03–20.04)

Маанилүү чечимдерди кабыл албаганга аракет кылыңыз, болбосо жетекчиңиз менен урушуп, жеке мамилелерде түшүнбөстүк жаралышы мүмкүн. Жаңы идеяларды ишке ашырууга белсенесиз, бирок алар чоң көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды алып келет. Ар кандай түшүнүксүз кырдаалдарда тең салмактуулукту, сабырдуулукту карманыңыз. Тажрыйбаңызга гана таяныңыз, мурунку каталарды кайра кайталабаңыз. Жумуш табууга, жаңы нерсени үйрөнүүгө азыр эң сонун убакыт.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Бул аптада бийликке умтулбаңыз. Өзүңүздү изилдеңиз, жүрөгүңүздү тыңшап, ал эмне каалап жатканын уга билиңиз. Адамдар сиздин харизмаңызга жана акылмандыгыңызга тартылышат. Ар кандай тобокелдүү аракеттер үчүн жакшы мезгил. Каржылык абалыңыз жакында турукташат, кандай жумушта иштесеңиз да демилгени колго алыңыз. Канчалык активдүү болсоңуз, ийгиликке эрте жетүү мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Энергияңыздын агымы эң сонун учурда турат. Чоң сүйүүнү баштан өткөрөсүз, романтикалык жолугушууларга, сюрприздерге даяр болуңуз. Акчаңызды жоготуп албаш үчүн кымбат нерсеге инвестиция салганыңыз туура. Аптада эч кимге карызга акча бербеңиз, кайра кайтарылбай калышы мүмкүн. Айымдар жетишкендикке умтулууну бир азга токтотуп, жөнөкөй нерселерден ырахат алганды үйрөнүүсү керек. Жаңы билим, окуу өздөштүрөм дегендер аракетти баштай беришсин.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Чоң кадамдарга караганда майда кадамдардан башталган иштер жакшы натыйжа берет. Андыктан азыр жасап жаткан ишиңиз көңүлүңүзгө толбой жатса, таштап салбаңыз. Кесипкөйлүгүн өркүндөткүсү келгендердин аракетинен майнап чыгат. Жаңы сатып алуулар үчүн ыңгайлуу убакыт. Кыймылсыз мүлк, эмерек, чарба же курулуш буюмдарын сатып алсаңыз болот. Жеке жашоодо кызыктуу жолугушуулар, жаңы таанышуулар сизди кубантат.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Пассивдүү киреше булагы жөнүндө ойлонуп көрүңүз. Жакында азыркы ишиңизден айрылып калуу ыктымалдыгы бар, демек, кырдаалдан чыгуунун жолун алдын ала ойлонуңуз. Ал эми сүйүү мамилесинде сизди көптөгөн жагымдуу окуялар күтөт. Түгөйүңүз менен мамилеңиз өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгат. Айымдар психикалык саламаттыгына аяр мамиле кылышы шарт. Жашооңузда эски таарынычтар козголуп, комплекстер пайда болуп жатса, адис менен иштешүү абдан маанилүү.

БИЙКЕЧ

(24.08-23.09)

Өзгөрүүлөр жеке жашооңузга да, карьераңызга да таасирин тийгизет. Бул экөөнүн ортосунда тандоо жасоого туура келиши мүмкүн. Акчаңызды туура сарптаганга үйрөнбөсөңүз каржылык кризиске кептелесиз. Чыгармачыл адам болсоңуз, фантазияга эркиндик беришиңиз керек, ой чабытты эч нерседен чектебеңиз. Сүйүүдө абдан ишенчээк болбоңуз, бул сапатыңызды айрымдар өз пайдасына колдонуп кетиши ыктымал. Үйүңүзгө алыстан келген коноктор кирип келип сюрприз кылышат.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Жолуңуздагы бардык тоскоолдуктар жоголот, эң негизгиси, бардык тапшырмаларды жана иштерди аягына чейин аткарыңыз. Жумушта өз алдынча аракет кылууга убакыт келди, жамаатта айлык үчүн иштей берсеңиз келечегиңиз бүдөмүк бойдон калат. Башкаларга жардам берип, кол сунганды унутпаңыз, кайрымдуулук иштери сиз жасап жаткан иштердин маанилүүлүгүн арттырат. Айымдар бир сырдуу, түнт мүнөзүнөн арылууга аракет кылышы керек.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жашооңуздун агымын жайлатып, эки жакты карап баам салып көрүңүз. Туура жолдо баратасызбы? Учурда эмнени каалап жатасыз? Келечекте эмнелерди жасагыңыз келет? Сиздин милдетиңизге кирбеген иштерге кийлигишүүгө аракет кылбаңыз. Кандай иш баштабаңыз, ал татаал болот. Каржы маселесин чечүүдө сизди ийгилик күтөт. Эң башкысы, ден соолугуңузду көңүл сыртында калтырбаңыз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Туугандарыңыздын, жакындарыңыздын колдоосу менен бардык ишти жасай аласыз. Карьералык тепкичтен тоскоолдуксуз көтөрүлсөңүз болот. Сүйүүнүн кубанычына караганда азабын көп тартып жаткан болсоңуз, туура эмес адамды тандагансыз, бул катаңызды моюндашыңыз керек. Реалдуу абалды сезип, ага ыңгайлашып жашоону үйрөнбөсөңүз, бул жашоодо сизге баары татаалдай сезиле берет. Насыяга каражат, буюм алуу сунушталбайт.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Бир нерсеге тынчсызданып, адилетсиз мамилеге туш болсоңуз, ага жооп издеп убайым тартпаңыз. Эч кимге таарынбай, эч кимди күнөөлөбөй жашаганды үйрөнгөнүңүздө гана жашооңуз көркүнө чыгат. Эл көп чогулган жерлерге барбай туруңуз, себеби оору жуктуруп алышыңыз мүмкүн. Өзүңүз куруп алган “ыңгайлуу аймактан” чыгууга убакыт келди, ошондо гана өз алдынча ийгиликке жетесиз. Сүйүүдө түгөйүңүздүн муктаждыктарын жапканга аракет кылыңыз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Ар кандай тирешүүлөрдөн качууга аракет кылыңыз. Керексиз чөйрөдөн, достордон, тааныштардан арылууга туура келет бул аптада. Жаныңызда сапаттуу, мезгил менен сыналган гана адамдарды калтырыңыз. Айымдар сүйүүдө талапты катуу коюп, жакшы мамилесин милдет кылганды токтотушу керек. Келишпестиктер бүтпөй улана берсе, аягы ажырашууга алып келиши мүмкүн. Бойдоктор үчүн романтикалык мамиле курууга ыңгайлуу мезгил.

Балык
(20.02–20.03)

Шашып чечим чыгаруу бардык пландалган иштерди жокко чыгарышы мүмкүн. Кымбат баалуу буюмуңуздан ажырап калуу ыктымалдыгы жогору, демек, сак болуңуз. Жаңы тааныштарды арттырып, кызыктуу баарлашуу үчүн да билим керек, андыктан көп китеп окуп, билимиңизди жакшыртууга аракет кылыңыз. Сизге жалаа жаап, каралаганга аракет кылган адамдар болот, мындай учурда агрессияга алдырбай сабырдуулук менен абалдан чыгасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1132, 15-21-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан